19-июлга карата коронавирус пандемиясынын статистикасы:
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 14 426 150
Көз жумгандардын саны: 604 917
Сакайып кеткендердин саны: 8 612 333
59 921 адам оор абалда.
Ирандын президенти Хасан Роухани 18-июль күнү Тегеранда жасаган билдирүүсүндө өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 25 миллион адамдын тегерегинде экенин айтты.
Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн изилдөөгө таянган Роухани пандемия башталгандан бери Иранда 14 миңдей киши каза болгонун айтып, жаңы вирусту олуттуу коркунуч катары кабыл алууга үндөдү.
81 миллион калктуу өлкөдө ушу тапта 200 миңден ашуун адам ооруканаларга кайрылганы, бул сан жакынкы айларда эки эсе көбөйүшү, бардыгы 30-35 миллиондой адам коронавирус жуктурушу мүмкүн деп күтүлүп жатканын белгилеген Хасан Роухани калкты оорудан сактануу чараларын көрүүгө чакырды.
Ирандын парламенти жарыялаган мурунку баяндамада вирустун жайылышына догдурлар колдонуп жаткан тесттердин ишеничсиз сапаты себеп болуп жатканы белгиленген.
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 19-июль, саат 17:30га карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмонияга 1020 адам кабылганы аныкталды.
Анын ичинде: Бишкек шаарында - 369
Ош шаарында – 151
Чүй облусунда – 123
Ош облусунда - 178
Талас облусунда – 37
Нарын облусунда – 31
Ысык-Көл облусунда – 31
Жалал-Абад облусунда – 40
Баткен облусунда - 70
Ушуну менен март айынан бери Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган адамдардын жалпы саны 26 532 болду.
Акыркы суткада коронавирустан жана пневмониядан 70 киши көз жумду. Бул илдеттерден каза болгондордун саны 1003 адамга жетти.
Республикалык штаб 19-июлга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматтардын кечиктирилип берилишин Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы тактаганы менен түшүндүрдү.
Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 34 адам каза тапты. Бул тууралуу 20-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
34 маркумдун 20сы - Бишкекте. Ош жана Жалал-Абад облустарында төрттөн, Нарында үч, Чүйдө эки жана Ош шаарында бир бейтап каза болду.
Кечээтен бери бул илдетти жуктуруп алган 611 адам жаңы катталды.
Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 781 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.
17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.
Коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып, денеси ысып жаткандар да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирүүдө.
Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын буга чейин бөлүп карап келген.