Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүүнүн улуттук күнү жарыяланат. Бул тууралуу 21-июлда коронавирус шартында элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугушууда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин "Азаттык" радиосуна активист Эркин Рыскулбеков айтып берди:
"Кесиптешибиз Венера Жуматаеванын "Фейсбуктагы" баракчама "Канча деген залкар адамдарыбыз өтүп кетти. Аза күтүү күнүн жарыялоо керек" деп жазган сунушун президентке айттым. Президент жакынкы күндөрү жарыяланарын айтып, сөз берди".
21-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларды кабыл алып, алардын сунуш-пикирлерин укту. Рыскулбеков суроо-жооп форматында өткөн жолугушуу эки сааттан ашык убакыт созулганын, ага 12 ыктыярчы катышканын айтты.
Соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 44 адам каза тапты. Бул тууралуу 22-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте – 16 адам. Мындан тышкары Чүй жана Жалал-Абад облустарында жетиден адам, Ысык-Көл облусунда төрт, Ош шаарында жана Ош облусунда үчтөн, Талас облусунда эки жана Нарын, Баткен облустарында бирден адам.
Бир суткада бул илдетти жуктуруп алган 1 108 адам жаңы катталды.
Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 984 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 29 359 адамга жукту, алардын 15 851и айыгып чыкты, 1 123ү каза тапты.
17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.
Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.
Кыргызстан эпидемия шартында иштей ала турган атайын дарыгерлерди мамлекеттин эсебинен көбүрөөк даярдоого көңүл бурат. Бул тууралуу 22-июлда президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтылды.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр Исаков азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге кээ бир багыттар боюнча клиникалык ординаторлорду бюджеттик квотанын незизде даярдоо маселеси талкууланып жатат. Эпидемиолог, инфекционист, вирусолог жана пульмонолог адистиктерине негизги көңүл бурулары айтылды.
Жолугушууда аралыктан жыйынтыкталган окуу жылы жана ушундай эле тартипте башталганы жаткан жаңы окуу жылына карата даярдык да талкууланды.
Министр быйыл жогорку жана орто окуу жайларына кабыл алуу өнөктүгү толугу бойдон онлайн форматта жүргүзүлүп жатканын, август айынан тартып мугалимдерди аралыктан иштөөгө үйрөтө турган вебинарлар өтө баштарын айтып берди.
Премьер-министр Кубатбек Боронов 22-июлда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга зарыл жабдууларды алуу менен кышка даярдоо иштерин күчөтүү тапшырмасын койду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
«Адистер эпидемиянын экинчи толкуну күз айларында башталарын божомолдоодо. Ошондуктан медициналык мекемелер бардык кырдаалга даяр туруш керек. Ал үчүн ооруканалардагы абанын алмашуусун жөнгө сала турган жабдууларды орнотуу зарыл».
Боронов медицина кызматкерлерине илдеттин жугуу себептерин аныктоону талап кылды. Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өпкөсү сезгендерди өтүшүп кеткенге жеткирбей алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.
«Илдетти сасык тумоо катары кабыл алып, өз алдынча үй шартында дарыланып жаткандар бар. Ошондуктан ооруп жаткандарды аныктоо үчүн Бишкек шаарынын жана аймактардын жетекчилери медицина кызматкерлери менен үймө-үй кыдыруу иштерин күчөтүүгө тийиш», - деди премьер-министр.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эксперттер күз мезгилинде коронавирустун экинчи толкуну улана турганын божомолдоп жатат. Алар алдыдагы күндүн камын азыр көрүүгө чакырышууда.