Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:30

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:07 23.7.2020

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдети аныкталган адамдардын саны 15 миллионго жетти. Эпидемия башталгандан бери дүйнөдө 620 миң бейтап көз жумду.

Коронавирус көп аныкталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Америкада илдетке чалдыккандардын саны төрт миллиондон ашып, 145 миң киши каза болду. Экинчи орунда Бразилия, андан кийин Индия, Орусия мамлекеттери турат.

Бир нече мамлекет коронавирустун вакцинасынын адамга болгон алгачкы сыноосун ийгиликтүү ишке ашырганын жарыялады. Бирок, адистердин божомолунда дары кийинки жылдан баштап гана көпчүлүккө жеткиликтүү болот.

17:13 23.7.2020

Кыргызстанга орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 23-июлда “Манас” аэропортуна Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы келип конду.

Бул учак менен Бишкекке Башкыртстандан 50 медицина кызматкери жеткирилди. COVID-19га каршы күрөшүүдө алар беш топко бөлүнүп иштешет.

Медициналык делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Буга чейин алар баары коронавирусту дарылоого катышканы, Кыргызстанда үч ай иштери айтылды.

Башкыртстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга Орусиядан 120 медкызматкер келген.

Ал эми Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гранттык негизде мобилдик госпиталь белек кыла турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.

Экономика министри Санжар Муканбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин 20-июлдагы видео сүйлөшүүсүндө бул боюнча долбоорду тездетүү маселеси талкууланган.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер сырттан келген акчага оорукана куруу керектигин айтып, өкмөттүн жаздан берки аракеттерин сындап келатышат.

17:58 23.7.2020

АКШда экинчи күн катары менен 1100дөн көп бейтап көз жумду. Кошмо Штаттарда илдеттин жайылышы басаңдай элек.

Латын Америкасында COVID-19га төрт миллиондон ашык киши кабылды.

АКШда бир күндө орто эсеп менен 66 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталып жатат. Эксперттер бир топ штаттарда ооруканалар толуп калгандыктан, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Америкадагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, коронавируска дүйнө жүзү боюнча 15,2 миллион адам кабылды. Бул илдеттен 623 миңден көп бейтаптын өмүрү кыйылды. Ооругандар жана каза тапкан жарандардын саны боюнча АКШ дале биринчи орунда. Кошмо Штаттарында COVID-19 жуктуруп алгандар төрт миллион кишиге чамалады, 143 миңден көп адам мерт болду.

Азыр АКШда Калифорния оору очогуна айланды. Штатта COVID-19га 409 миңден көп киш чалдыкты жана мындай көрсөткүч менен Нью-Йоркту ашып өттү.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом жарандарды жагдайга олуттуу мамиле жасоого чакырды.

"Биздин шаттын көлөмү 21 штатты чогуу кошуп эсептегендей көлөмдө. Ошондуктан бул кайсы бир деңгээлде таң калычтуу деле эмес. Биз карантин чараларын азайтып, экономиканын маанилүү тармактарын кайра ачтык, адамдар карым-катнашта болуп жатышты. Балким ооругандар менен да байланышта болушту. Андыктан илдетке кабылгандар көбөйдү. Жалпысынан биздин көрсөткүч өлкө боюнча эң жогору болуп калды. Бул жагдайга олуттуу мамиле кылышыбыз керектиги тууралуу чоң эскертүү. Биз эмнеге беткап кийүүгө үндөп жатканыбызды такай эске салып туруу".

Бирок Калифорнияда каза болгон жарандар аз, пандемия маалында штатта сегиз миңдей киши көз жумду. Нью-Йоркто болсо 32 миң бейтап каза болгон.

Австралиянын бийлиги Мельбрун шаарында жарандарды 22-июлдан тартып беткап кийүүгө милдеттендирди. Жапонияда Токионун башчысы шаарда ооругандар көбөйүп жаткандыктан, алдыдагы майрам күндөрү жарандарды эч кайда саякаттабай, үйдө болууга чакырды.

Токиодо Олимп оюндары 24-июлда өтмөк, бирок жапон бийлиги коронавирус пандемиясынан улам мелдештерди кийинки жылга калтырган. Бир катар эксперттер мелдештерди эмдиги жылы деле өткөрүүнүн кажети бар-жогун талдап жатышат.

Коронавирустун жайылышы Латын Америкасында басаңдай элек жана ооругандардын жалпы саны төрт миллиондон ашты.

Бразилия менен Аргентинада бир канча күндөн бери ооругандардын эң чоң көрсөткүчү катталып жатат. Бразилияда соңку бир күндө бул оору дагы 68 миңге чукул адамдан аныкталып, 1300дөй бейтап көз жумду.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару ооруну жөнөкөй сасык тумоого теңеп, илдеттин кесепетин тоготпогону үчүн өз өлкөсүндө да, эл аралык коомчулукта да сынга кабылган. Мындан эки апта мурун Болсонару коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Анын 22-июлда дагы кайталап тапшырган анализинен дагы коронавирус чыкты.

Ал эми Индия ооругандардын саны боюнча АКШ менен Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Бул өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 1,2 миллион адамдан ашты. Бирок соңку иликтөө Нью-Делиде жарандардын дээрлик төрттөн бир бөлүгүнө оору жукканын көрсөттү жана мындан улам бул шаарда эле илдетке кабылгандардын саны 5 миллионго чамалашы ыктымал.

Израилде соңку бир күндө илдет жуктуруп алган дагы эки миңдей адам катталды. Мунун алдында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Юлий Эдельштейн эгер бир күндө ооругандардын саны эки миңге жетсе, карантин чараларын катаалдатууга белги болорун эскерткен.

Израилде 56 миңден көп адам коронавирус жуктуруп алды, 430 бейтап мерт болду. Бул өлкөдө вирус май айынын аягында карантин чаралары жумшара баштагандан бери кайра көбөйүп жатат.

09:34 24.7.2020

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Интернетте тарап жаткан ар кандай фейк кабарларга ишенбөөгө элди чакырды. Бейшенов 23-июлдагы онлайн брифингде социалдык тармактардагы “өлкөдө тик учактар химиялык уулуу заттарды чачып жүрөт” деген маалыматтарга түшүндүрмө берди.

“Мен социалдык тармактардагы “кичинекей тик учактар ар кандай химиялык каражаттарды чачып же санитардык иштерди кылып жатат” деген маалыматтарга токтолуп кетейин. Мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырам. Кыргызстанда бир дагы учуучу транспорт менен мындай иштер жасалган жок. Ал эми кечээ айрымдар жазып чыккан “Авто жир” тик учагы машыгуу иретинде учуп жүргөн”, - деди Бейшенов.

Кыргызстанда социалдык тармактарда “коронавирустун күчөшү дезинфекциялоодон, 5G технологиясынан болуп жатат” деген ар кандай маалыматтар байма-бай тарап жатат. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дезинфекциядан кийин “оору күчөп кетти” деген сөздөрдү четке каккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG