Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:28

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:55 24.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 42 бейтап каза болду. Бул тууралуу 24-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Каза болгондордун эң көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда - тогуздан адам. Ысык-Көл жана Баткен облустарында төрттөн, Ош жана Талас облустарында үчтөн, Жалал-Абад облусунда бир адам.

Бир күндө бул илдетти жуктуруп алган 921 адам жаңы катталып, ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 247 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 31 247 адамга жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

14:41 24.7.2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн 145 млн. сомго "Тез жардам" автоунааларын сатып алуу үчүн тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы №56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомго 50% калдык максаттуу түрдө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «медициналык "Тез жардам" автоунааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген.

16:37 24.7.2020

АКШда үч күндөн бери миңден ашуун адам өлүп жатат

АКШда 23-июлда коронавирустан дагы миңден ашык адам жан берди жана мындай көрсөткүч үчүнчү күн катары менен катталды. Бул өлкөдө жалпысынан өпкөнү сезгенткен илдеттен 144 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Америкалык Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-19га чалдыкандар 15,4 миллионго чамалады. Оорунун айынан 631 миңден көп бейтап мерт болду.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде оору жуккан учурлар көбөйдү, мындан улам карантин чаралары кайрадан киргизиле баштады.

COVID-19 тез жайыла баштагандыктан Австралиядагы эл жыш жашаган Жаңы Түштүк Уэльс штатында 24-июлдан тарта айрым бир чектөөлөр киргизилди. Мунун алдында бийлик Мельбрундагы жашоочуларды көчөгө чыкканда такай беткап кийүүгө милдеттендирген. Австралияда ооруну 13 миңден ашык адам жуктуруп алды жана илдеттен 133 адам көз жумду.

Калифорния, АКШ.
Калифорния, АКШ.

Латын Америкасында төрт миллиондон ашык адам коронавируска кабылды. Бразилияда соңку бир күн ичинде мындай оору дагы 60 миңден көп адамдан аныкталды жана коронавирус болгондордун жалпы саны 2,3 миллионго жеткени калды. Акыркы бир күндө дагы 1311 адам көз жумду, ошентип каза болгондор 84 миңден ашты.

Мексикада бир күндө коронавирус жуккан 8500дөй адам аныкталды, 700дөн көп бейтап көз жумду жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Аталган өлкөдө оору жуктургандар 370 миңден ашып, каза болгондордун саны 42 миңге жетти.

Мексика өкмөтү ооругандар менен ажал тапкандардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин мойнуна алды.

Ал арада Коста-Рика 1-августтан тартып Европадан, Британиядан жана Канададан келген туристтерге эки аэропортту ачарын билдирди. Бул мамлекет АКШ үчүн азырынча эшигин ачкан жок. Былтыр Коста-Рикага барган туристтердин дээрлик 40 пайызын америкалыктар түзгөн.

Европада 23-июлда ооругандардын саны үч миллион кишиден ашты жана аймакта 206 миңден ашык адам жан берди. Жалпысынан шаркетте соңку айларда көз жумган адамдардын саны баштагыга салыштырмалуу кыйла азайды.

Ушул тушта Түштүк Африкада абал оор, илдетке 408 миңден ашуун киши кабылып, 6 миңден көп бейтап ажал тапты. Өлкөнүн президенти Кирилл Рамафос ушул айдын башында жарым-жартылай ачылган мектептердин баарын кайра төрт аптага жабууну тапшырды.

23:44 24.7.2020

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Орусиядан келген 70 медицина кызматкери коронавируска каршы иштеп жаткан дарыгерлерге жардам берүүдө.

22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги 20 аскердик медиктен турган алты бригаданы бир айлык мөөнөткө жөнөткөн. 24-июлдан тартып төрт бригада Бишкектеги, экөө Ош шаарындагы аскердик госпиталдарда ишке киришти. Алар коронавируска чалдыккан аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүшөт.

(Толук маалымат менен бул жерден тааныша аласыз).

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG