Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 15 млн. 736 миӊ 813 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 639 миӊ 653 адам каза болду.
- АКШ – 4 112 529 (каза тапкандар – 145 546)
- Бразилия – 2 287 475 (каза тапкандар – 85 238)
- Индия – 1 337 024 (каза тапкандар – 31 358)
- Орусия – 799 499 (каза тапкандар – 13 026)
- Түштүк Африка Республикасы – 421 996 (каза тапкандар – 6 343)
- Мексика – 378 285 (каза тапкандар – 42 645)
- Перу – 375 961 (каза тапкандар – 17 843)
- Чили – 341 304 (каза тапкандар – 8 349)
- Улуу Британия – 299 500 (каза тапкандар – 45 762)
- Иран – 286 523 (каза тапкандар – 15 289)
Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 38 бейтап каза болду. Бул тууралуу 25-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Каза болгондордун эң көбү Бишкекте - 13, Чүй, Талас, Баткен облустарында бештен киши. Ош облусунда үч адам, Жалал-Абад менен Ысык-Көл облусунда жана Ош шаарында экиден адам өлдү. Нарында бир киши каза болду.
Бир күндө бул илдетти жуктуруп алган 877 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 165 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 32 124 адамга жукту, алардын 19 203ү айыгып чыкты, 1 249у каза болду.
17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.
Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.
Казакстанда соңку бир сутка ичинде дагы 1740 кишиден коронавирус табылды. Анын ичинен вирус жуктургандардын эң көбү Нур-Султан калаасында - 251, Алматы шаарында 220 киши катталды.
Ушуну менен расмий маалымат боюнча, Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 80 226 адамды түздү. Коңшу мамлекет бул көрсөткүч менен карантин чараларын киргизбеген Швецияны ашып өттү.
Казакстан коронавирус жуккандардын саны боюнча дүйнөдө Кытайдын кийинки эле 27-тизмеде турат.
Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгондордун статистикасын бир жумада бир жолу жаңыртып турат. coronavirus2020.kz деген расмий сайттагы маалыматка караганда, Казакстанда COVID-19 илдетинен 585 киши өлдү.
Министрлик ушул жумада адам курмандыктарынын саны 610го жеткенин кабарлады. Коронавирус аныкталып каза болгон дагы 319 киши тизмеге кошулган жок. Бул алар башка оору менен да жабыркап жүргөнү менен түшүндүрүлдү.
Кыргызстандын коңшуларында коронавирустун тарашы боюнча Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы.
- Казакстан – 80 226 (каза болгондор – 585)
- Өзбекстан – 19 653 (каза болгондор – 107)
- Тажикстан – 7 104 (каза болгондор – 58)
25-июлга карата COVID-19 катталган учурлар 32 124 (+877)
U07.1 1569 + бир сутка ичинде 191
U07.2 16 465 + бир сутка ичинде 686
- Бишкек 14 517
- Чүй облусу 4406
- Ош облусу 2720
- Жалал-Абад 2443
- Ош шаары 2344
- Ысык-Көл 2072
- Баткен 1324
- Талас 944
Жалпы каза болгондордун саны 1249
U07.1 231 + бир сутка ичинде 6
U07.2 1018 + бир сутка ичинде 32
Айыккандардын саны 19203 (+1165)
Бир сутка ичинде 53 медициналык кызматкерден коронавирус табылды.
Алардын ичинен эң көбү Ош облусунда – 16 дарыгер. Баткен облусунда 11, Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында сегиз, Чүй облусунда беш, Ысык-Көлдө эки жана Жалал-Абад, Талас облусунда бирден дарыгерлер.
Бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан, мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2 633 учур катталды, алардын ичинен 1 305 медкызматкер айыкты.
Расмий маалыматка караганда, өлкөдө коронавирустан 30га чукул медициналык кызматкер каза болду. Журналисттердин эсептөөсүндө, алардын саны 50дөн ашты.