Буга чейин кыргыз өкмөтү Бишкек жана Ош шаарларында жүз орундуу жаңы оорукана куруларын маалымдаган.
25-июлда Бишкекте 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Объект Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат. Курулушту кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү пландаштырылууда.
Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу 30-июлда өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» берген маегинде айтты.
«30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү жарлык чыгат, буйруса», - деди өлкө башчы.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан 25-июлга чейин COVID-19 илдети 32 124 адамга жукту, алардын 19 203ү айыгып чыкты, 1 249у каза болду. Алардын арасында өлкөнүн ар кыл тармактарынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон көптөгөн инсандар, дарыгерлер бар.
Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы 11 райондун акими жана тиешелүү мекемелердин башчылары коронавирус пандемиясына начар даярдык көрүлгөнүнө байланыштуу жарандардын кечирим сурашты. Алар атайын видео кайрылуу таратып, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да айтып беришти. Ага ылайык, ар бир райондо бейтапканалардан сырткары керектүү медициналык жабуудар менен камсыздалган COVID-19 борборлору ачылат жана бери дегенде үч айга жетчүдөй дары-дармек, азык-түлүк камдалат.
Акимдер кечирим сураган кайрылуусунда жарандар менен түз байланышта болуу үчүн өздөрүнүн жана тиешелүү мекеме-уюмдардын телефон номурларын калтырышты.
Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев коронавирусту басаңдатууга жетиштүү аракет көрүлбөгөндүктөн жана эпидемиологиялык абалдын начарлап кеткенинен улам бир катар жооптуу кызматкерлерди жемелеген жана саламаттык сактоо министри менен Ташкент облусунун акимине сөгүш берген.
Өзбекстан 10-июлдан тартып 1-августка чейин кайрадан карантин киргизген. Жума күнү өкмөттүн жыйынында президент Шавкат Миризёев карантиндин мөөнөтүн дагы узартууга макул болду, азырынча эми канчага чейин узарары белгисиз.
Расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавируска кабылгандар 19 600дөн ашып, 106 бейтап каза тапты.
Кыргызстанда коронавирустан дагы үч медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна алардын жакындары жана кесиптештери кабарлашты.
25-июлда 64 жашында Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Бегайым Исакова көз жумду. Ал 1956-жылдын 6-июнунда Бишкекте туулган. Медицина академиясын 1979-жылы аяктаган. Кесиптештеринин айтымында, эмгек жолун ушул ооруканада терапевт дарыгер болуп баштаган. 1996-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул медициналык жайдын чукул терапия бөлүмүн башкарып турган.
26-июлда 67 жашында коронавирустан Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумубаева көз жумду. Кесиптештери "Азаттыкка" кабарлашкандай, Жумабаева 1953-жылдын 25-майында Кеминде туулган. 1976-жылы Медициналык академияны аяктаган. Чүй райондук ооруканасында алгач бөлүм башчы, кийин директордун орун басары болуп иштеп келген.
Бүгүн, 27-июлда 70 жаш курагында Ысык-Көл райондук ооруканасынын реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Маркумдун уулу Төлөгөн Сарбагыш уулу «Азаттыкка» билдиргендей, ал өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан. Абалы оңолбогондуктан реанимобил менен Бишкекке жеткирилген. Иманалиев 1960-жылы 15-августта туулган. 1984-жылы Медициналык академияны аяктап, 1985-жылы Ысык-Көл райондук ооруканасында биринчи реаниматолог болуп иштей баштаган. Бул ооруканада өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин башкы реаниматолог болуп эмгектенген.
Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин сегиз медицина кызматкери каза болгонун кабарлаган.
Расмий эмес эсеп боюнча, кайтыш болгондордун саны 60ка чукулдады.
Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.
Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондоруна бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.