Вьетнам бийлиги түмөндөгөн туристтерге борбордук Данаң шаарынан чыгып кетүүнү буйруп, 15 күнгө бул калаага бардык каттамдарды токтотуп койду. Дем алыш күндөрү Данаңда коронавирус жугузуп алган 14 адам катталганын өкмөт шейшембиде кабарлады.
Бир күн мурда дагы 11 адамдын анализинен вирус табылган.
Вьетнамда пандемия башталганы катаал карантин чаралары киргизилген. Ошондон бери 95 миллиондой калкы бар бул өлкөдө расмий маалыматтарга караганда 430дай адам коронавирус жугузуп алган. Бул илдеттен каза болгондор катталган эмес.
Азия аймагында коронавирус жуккандар көбөйүп жатат.
Гонконг карантин чектөөлөрүн алгандан бери коронавирус жугузуп алгандар көбөйдү. Алты күндөн бери андайлар күндө 100 адамдан катталууда. Ушундан улам бийлик экиден көп адамдарга чогулууга тыюу салып, жарандарды сөзсүз беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди.
Кытайда 27-июлда коронавирус 68 адамдан табылды.
Ал эми Түндүк Кореянын бийлиги 28-июлда чек арадагы Кэсон шаары карантинге жабылгандан кийин коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштерин катаалдаштырганын жарыялады.
«Түштүк Кореядан кайтып келген адам коронавирус менен ооруп жаткан болушу мүмкүн» деген маалыматтар чыкканда өлкө лидери Ким Чен Ын 26-июлда өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Бир кезде Түштүк Кореяга качып кетип, кийин кайтканы айтылган жарандын анализдеринде коронавирус бар экени ырасталса, ал бул мамлекеттеги расмий катталган биринчи учур болуп калышы мүмкүн. Байкоочулар вирус өлкөдө мурда эле жайылганын айтып жүрүшөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдиргендей, Түндүк Кореяда 16-июлга чейин 1200дөй адам тест тапшырып, алардын биринен да коронавирус табылган эмес.
Түндүк Кореяда саламаттык сактоо системасы абдан начар экени, ооруканаларда электр жарыгы, суу жок, дары-дармек жетишсиз экени айтылып келет.
Кийинки айларда ДССУ жана бир катар мамлекеттер, анын ичинде Орусия Түндүк Кореяга медициналык жардам жиберген. Бирок алардын көбү Пхеньяндын өзүнүн чектөөлөрүнөн улам чек арада кармалып калган.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө COVID-19 илдетинен 652 миңдей адам ажал таап, 16, 3 миллиондой киши бул ооруга чалдыкты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Маргарет Харрис 28-июлда болгон брифинг маалында коронавирустун толкундары тууралуу айтып жатып: «Бир чоң толкун болот. Ал кээде көтөрүлүп, кээде төмөндөп турат. Баарынан да аны жайлатып салган туура», - деди.
Уюм ошондой эле «жай мезгилинде коронавирустун жайылышы басаңдайт» деген кептер боюнча өз тынчсыздануусун билдирди.
«Бул жаңы вирус жана ал өзүн башкача алып жүрөт, биз дагы көп нерсени иликтешибиз керек», - деди Харрис.
Кийинки күндөрү коронавирус буга чейин кырдаал оңолуп калган көп мамлекеттерде кайрадан күч алды. Испанияда июнда бир күндө илдетке чалдыккандардын саны 200 адамдын тегерегинде болсо, учурда 1500дөй киши катталып жатат.
COVID-19 илдети Азиянын бир нече мамлекеттеринде да кеңири жайылып баратканы байкалууда.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө COVID-19 илдетинен 652 миңдей адам көз жуумп, 16, 3 миллиондой киши бул ооруга чалдыкты.
Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө зарыл экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
«Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жеке жоопкерчиликтүү. «Күндүзгү стационарларга кайрылгандар азайып баратат» деп бошоңдоп калбай, жарандардын өмүрүн сактап калыш үчүн буга чейинки белгиленген иштерди жүргүзүүнү улантыш керек. Өзгөчө илдеттин адам өмүрүнө тийгизген таасирин азайтуу боюнча иштерди күчөткүлө», - деди Боронов.
Жыйында коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу тууралуу маалымат берилди. Өкмөт башчы бул вируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алууга чакырды. Мындан тышкары өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография, рентген аппаратын сатып алууну көзөмөлгө алууну тапшырды. Премьер-министр Саламатттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине эпидемиологиялык кырдаалдын кийинки баскычы менен илдеттин болжолдонуп жаткан экинчи толкунун терең талдоону милдеттендирди.
Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам 18-мартта аныкталган.
28-июлга карата өлкөдө илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 33844 кишини түздү. 1091 бейтап айыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1329 адамга жетти.
Июнь-июль айларында коронавирус жана пневмония жуккан адамдар кескин көбөйүп, ооруканаларда орун, медициналык жабдуулар, дарыканаларда дары жана медицина кызматкерлеринин жетишсиз экендиги ачыкка чыккан. Ыктыярчылардын демилгеси жана көмөгү менен Бишкек, Ош шаарларында, аймактарда күндүзгү стационарлар иштей баштаган. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда коронавирус азая баштаганын маалымдоодо.
Ушу тапта Орусиядан келген дарыгерлердин бир тобу Ак-Талаа, Ак-Суу райондорундагы ооруканаларда жана Токмоктогу аймактык бейтапканада иштешет. Дагы эки тобу Ош жана Жалал-Абад облустарына жиберилген. Маалыматка ылайык, алар Кыргызстанга бир айлык мөөнөткө келишкен.
Орусиялык адистер COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт.
23-июль күнү Орусиянын Башкырстан автоном аймагынан хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистиктеги тажрыйбалуу дарыгерлер келген. Алар орус өкмөтүнүн Кыргызстанга гуманитардык жардамы алкагында келишкени кабарланган.
Беларус президенти Александр Лукашенко анализинен коронавирус табылганын, бирок анда оорунун белгилери болбогонун жана ал ооруканага жатпай эле айыгып кеткенин билдирди.
Бул тууралуу ал 28-июлда Минскиде аскерлер менен жолугушуп жатып айтты.
Үнү каргылданган 65 жаштагы Лукашенко «Мен үнүм үчүн кечирим сурайм. Соңку кездерге көп сүйлөөгө туура келип жатат. Бирок эң таң калычтуусу силер коронавирусту жеңген адам менен сүйлөшүп жатасыңар. Кечээ дарыгерлер ушундай бүтүм чыгарышты. Менде оорунун белгилери болгон жок», - деди.
Лукашенко бул илдет тууралуу кооптонууларды бир нече жолу четке кагып келген. Ушул тапта Беларуста коронавирус менен ооругандардын саны 67 миңден көп. 543 адам андан көз жумду.
Лукашенко өзү 9-августта өтчү президенттик шайлоого камданып жүрөт.
Мамлекетти 25 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко быйыл оппозициянын буга чейин болуп көрбөгөндөй каршылыгына туш болууда.
Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 илдетинен 18 бейтап каза болду. Бул тууралуу 29-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын маалыматына караганда, COVID-19 илдетинен каза болгондордун тогузу Бишкекте, төртөө Ош шаарында, экөө Чүй облусунда, дагы бири Ош облусунда, бирөө Талас аймагында, бирөө Ысык-Көлдө.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1347ге жетти.
Бир сутка ичинде коронавирус 668 кишиден жаңы аныкталды. Муну менен өлкө боюнча илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 34 512 кишини түздү.
1047 бейтап айыкты. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган.