АКШнын расмий адамдары Орусия коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатканын айтышты. Бул тууралуу 28-июлда «Associated Press» агенттиги жазды.
АКШнын атайын кызматтары Орусия коронавирус пандемиясы тууралуу жалган маалыматтарды таркатыш үчүн үч англис тилдүү сайтты колдонгонун ырасташкан.
Маалыматка караганда, Орусиянын чалгын кызматы (ГРУ) кеминде үч сайтка - InfoRos.ru, Infobrics.org жана OneWorld.press 150дөй конспирологиялык теорияларды камтыган макалаларды жарыялаткан. Алардын арасында коронавирус биологиялык курал катары Американын аскердик лабораториясында жасалганы тууралуу Кытайга шилтеме берген билдирүүлөр да бар.
Ошондой эле АКШга жеткирилген орусиялык медициналык жабдыктар «эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын жакшырышына өбөлгө түзөт» деген сыяктуу да макалалар жайгашкан.
«Associated Press» америкалык аткаминерлерге таянып, бул макалалар Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгына (БЧБ) тиешеси бар Денис Тюрин жана Александр Старунский атуу эки адамдын көзөмөлүндө жарыяланарын жазат.
Агенттик InfoRos.ru сайты менен байланыша алган эмес. Буга чейин «The Washington Post» басылмасы InfoRosтун БЧБга тиешеси бар экенин кабарлаган.
- автор Элеонора Бейшенбек кызы
Мексика менен Бразилияда оорудан өмүрү кыйылгандар көбөйдү
Акыркы бир күн ичинде АКШнын Арканзас, Калифорния, Флорида, Монтана, Орегон жана Техас штаттарында коронавирустан ажал тапкандардын эң жогорку көрсөткүчү катталды.
Техастын өзүндө эле ооругандардын саны 400 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен COVID-19га чалдыккандардын саны боюнча алтынчы орунда турган мамлекеттен кийинки болуп калды.
Калифорнияда бийлик бул штатта илдетке кабылгандардын теңинен көбүн жана андан ажал тапкан жарандардын жарымына жакынын латын америкалыктар түзөрүн билдирди.
Мексиканын Саламаттык сактоо министрлиги шаршембиде соңку бир күн ичинде оору дагы 7200дөн ашык адамдан аныкталганын, 850дөн ашык бейтап көз жумганын билдирди. Бул өлкөдө COVID-19га кабылгандар 402 миңден ашык, 45 миңге чукул бейтап каза болду. Мексика азыр ооругандардын санына карап төртүнчү орунда турат.
Бразилияда акыркы бир суткада коронавирус болгон дагы 41 миңдей киши катталып, 920дан көп бейтап ажал тапты. АКШдан кийинки эле экинчи орунда турган бул мамлекетте ооругандар 2,5 миллионго чамалады жана 88,5 миңден көп бейтап жарык менен коштошту.
Гонконгдун башчысы Кэрри Лэм аймакта оору жайылып кетүү коркунучу жогорулаганын эскертип, жарандарды мүмкүн болушунча үйдө болууга чакырды. Шаарда 29-июлдан тарта коомдук жайларда беткап тагынуу керек жана экиден көп чогулууга болбойт. Лэм оору кеңири жайыла турган болсо ооруканалар бейтаптарга толуп, саламаттык сактоо тармагы кыйынчылыкка учурай турганын айтты.
Гонконгдо соңку бир күндө оору жугузуп алган 103 адам аныкталды. Бул аймакта коронавируска 2880 адам кабылып, 23 бейтап көз жумду.
Кытайда акыркы 24 сааттын аралыгында оору жуккан 101 учур катталды жана соңку үч айдан берки эң чоң сан болуп калды.
Иран дале оору азабынан арыла элек, акыркы бир күндө 235 адам каза болду. Жакынкы Чыгыштагы бул мамлекетте коронавирустун айынан 16 миңден көп киши ажал тапты.
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарандарды жай мезгилинде оорунун жайылышы басаңдайт деп өзүн сооротуудан оолак болууга чакырды.
«Жай мезгили вирустун жайылышына таасир этпейт. Анын тарашына адамдардын көп топтолгону, социалдык аралыктын сакталбаганы, оорунун алдын алуу чаралары көрүлбөгөнү өбөлгө болот. Адамдар арасында жакын байланыш болгон учурда вирус кеңири жайылып кеткенин көрүп жатабыз», - деди уюмдун расмий өкүлү Маргарет Харрис.
Америкалык Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө COVID-19дан жан бергендер 660 миңге чукулдап, ооруга кабылгандардын саны 16,5 миллионго жетип калды.
Кыргызстанда 30-июлга карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 17 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун тогузу Бишкекте, экөө Чүй облусунда, экөө Нарын облусунда, төртөө Жалал-Абад аймагында. Муну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза тапкандардын жалпы саны 1364кө жетти.
Расмий маалыматка караганда, бир сутка ичинде вирус дагы 631 кишиден жаңы аныкталды. Анын эң көбү - 118и Бишкекте. Ошто – 89, Чүйдө – 81, Ош облусунда - 74, Талас облусунда – 27, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 94, Жалал-Абад облусунда – 85, Баткенде - 50 кишиден коронавирус табылды.
Бир сутка ичинде 32 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды.
Алардын тогузу Ош шаарында, жетөө Ош облусунда, экөө Жалал-Абад облусунда, алтоо Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда, алтоо Баткенде катталды. Кечээ-бүгүн баш калаа Бишкекте медиктер вирус жугузуп алган учуру катталган жок.
Акыркы бир суткада 13 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыкты. Пандемия башталгандан бери республика боюнча COVID-19ду жалпысынан 2743 медкызматкер жугузуп алып, алардын 1664ү сакайганы айтылды.
Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35143 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 1131 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 24 474.
Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, аны статистикага кошуп эсептей баштаган.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-июлда коронавирустан каза болгон айрым коомдук жана саясий ишмерлердин үйлөрүнө барып, куран окутту.
“Азаттыкка” маалым болгондой, мамлекет башчысы эртең менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасына катышкандан кийин маркумдардын үйүнө барып, жакындарына көңүл айтты.
Айрымдарынын уул-кыздарына өз-өзүнчө жолугуп, көңүл айтканы маалымдалды. Алардын катарында "Азаттык" радиосунун журналисти, коомдук ишмер маркум Бүбүкан Досалиеванын кызы да бар.
Бүгүн Кыргызстанда жалпы улуттук Аза күтүү күнү жарыяланып, коронавирустун курмандыктары эскерилип жатат.
Эртең менен өлкө жетекчилиги “Ата-Бейитке” барып куран окутту. Кыргызстандын мамлекеттик туусу төмөндөтүлүп, оюн-зоок жана көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушталды.