Коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатканына байланыштуу жана респиратордук оорулардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тендер жүргүзүп, гриппке каршы 11 миңден ашык вакцина сатып алуу боюнча келишим түздү.
Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева 30-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, сатып алынган вакциналар өлкөдө тобокелдик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды эмдөө үчүн аймактарга бөлүнөт. Ошондой эле грипптин этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системалар менен реактивдерди сатып алуу максат кылынып жатат.
Оторбаеванын маалыматына караганда, аба ырайынын суукташы менен респиратордук вирустук оорулар көбөйүшү мүмкүн. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп болот. Тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтүшү ыктымал. Оорунун мөөнөтү декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.
30-июлга карата «Азаттыктын» «Пандемия: Кимди жоготтук?» эскерүү тизмесине маалыматы кирген маркумдардын саны 400 кишиге жетти. Алардын улуусу 91, кичүүсү 1,5 жашта болчу. Тизмедеги кайтыш болгон жарандардын 100гө жакыны 50 жашка чейинки, 300ү 50 жаштан ашкан курактагылар. Алардын ичинде медицина кызматкерлеринин саны 60ка жетти.
Пандемиянын кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайткандардын арасында дарыгерлерден тышкары илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналисттер, студенттер, акындар, маданий ишмерлер, соттор, милиция кызматкерлери, чарба адистери, ишкерлер, дин ишмерлери, спорт өкүлдөрү, ардагерлер, үй кожойкелери бар.
«Азаттык» пандемия курмандыктарынын 170 кишиден турган алгачкы эскерүү тизмесин 20-июлда жарыялаган.
Андан бери «Пандемия: Кимди жоготтук?» деген тизме күн сайын жаңыланууда. Ал орус жана кыргыз тилдеринде azattyk.org, rus.azattyk.org сайттарында жайгашып турат.
Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооруп жаткандар көп болуп жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 30-июлда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 медицина кызматкери COVID-19 вирусунан каза болгонун билдирди.
Штабдын билдиргени боюнча, алардын ичинен 44ү дарыгер. Ал эми 18 адам орто медициналык билими бар адистер, үчөө кенже медициналык кызматкер, калганы башка кызматкерлер.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тизмеге саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, менчик мекемелерде иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.
Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медиктердин жалпы саны 2 768ге жетти алардын ичинен 1 714 медкызматкер айыгып чыкты. 73ү каза болду.