Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова жарандарды көчөдө такай беткап кийүүгө милдеттендирген токтом чыгарды. Талапты бузгандарга административдик чара көрүлмөкчү. Ошондой эле токтомдо ортодо бери дегенде 1,5 метр аралык сакталышы керек экендиги да жазылган.
Казакстандыктар буга чейин дарыканаларга, дүкөндөргө, медициналык мекеме-жайларга, кеңселерге жана калкты тейлөөчү ишканаларга барганда беткап кийүүгө милдеттүү болчу.
Мунун алдында Нур-Султан өлкөдөгү карантинди 5-августтан баштап дагы эки жумага узарткан.
Өлкөдө коронавирус жалпысынан 87 миңден ашык адамдан аныкталып, 793 бейтап ажал тапты. Казак бийлиги бул статистикага пневмония болгон жана андан көз жумгандарды кошпой келет. Жыл башынан тартып ушул айдын ортосуна чейинки аралыкта пневмонияга 234 миңдей адам чалдыккан жана өпкөсүнөн кагынып 3327 киши көз жумган.
Быйыл Орозо айт намазы сыяктуу эле Курман айт намазы да мечиттерде жана аянттарда окулган жок. Муфтият элди үй кыдырып айттабоого чакырып, COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин жана илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербеш керектигин белгилеген.
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек.
9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген.
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев бүгүнкү Курман айт майрамына карата куттуктоосунда ар бир адамды курмандык чалуу колунан келбесе да жакындарына, туугандарына жакшы сөзүн арноого чакырды.
Курман айт жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы экенин белгилеп, бул күндөрү жетим-жесирге, улгайган ата-энелерге, колунда жокторго, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардам жүрөктү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготорун айтты.
Кыргызстанда 31-июлга карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 14 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, үчөө Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көлдө, дагы бири Баткен аймагында.
Бир сутка ичинде 662 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.
Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35805 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 1052 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 25 526 адам болду.
Соңку эки күндөн бери Бишкекте коронавирусту дарылаш үчүн кошумча ачылган жайлардагы бош орундардын саны кайрадан кыскара баштады. Саламаттык сактоо министрлигинин 31-июлга карата расмий маалыматына караганда, жалпысынан 1 342 орун бош турат, эки күн мурда 1614 болчу.
Мурдагы “Ганси” авиабазасында кечээ 30-июлда эртең менен 551 орун бош турган, бүгүн 360 орун.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуккан жаңы учурлар боюнча көрсөткүчтө да бир аз өсүү байкалууда. 27-июлда Кыргызстанда бир суткада мындай илдет менен 483 адам жаңы катталса, 31-июлда 662 болду.
Июль айынын башында Бишкекте коронавируска чалдыккандар өтө көбөйгөндүктөн ооруканаларда орун жок калып, дарылоочу убактылуу жайлар расмий негизде ачылган. Мындан тышкары борбор калаада 13 күндүзгү жана үч түнкү стационар иштеп жатат.
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 30-июлда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооругандар көп болуп жатканын айткан.