- автор Айнура Жекше кызы
Австралияда үйдө отурбаган бейтаптарга полиция чара көрөт
COVID-19га чалдыккандар көбөйгөндүктөн Кытай бийлиги Шинжаң автономдуу районунун борборунда саякатты чектеди.
Вьетнамдын Дананг калаасында 31-июлда коронавирус жугузуп алган дагы 45 киши катталды. Бул өлкөдө бир күндө мынча көп учур аныктала элек болчу.
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте ушул эле күнү баш калаа Манилада карантиндик чектөөлөр августтун ортосуна чейин кала берерин жана келечекте илдетке каршы вакцина бекер таратыларын билдирди.
Австралиянын Виктория штатында жума күнү да инфекция жугузгандардын саны мурдагыдан өстү. Алдыңкы күнү COVID-19дан өлгөндөр буга чейин болуп көрбөгөндөй көп катталган. Штаттын премьери Дэниел Эндрюс вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн катаң чара көрүлөрүн эскертти:
“Ооруп аткан кишилердин чейреги үйдө отуруу ордуна эки жакка чыгып, айылчылап атса, эч кандай стратегия жемиш бербейт. Андай учурлар тууралуу Викториянын полициясына кабарланып турат. Полиция иликтеп тиешелүү чара көрөт”.
Гонконгдо кардарларды ресторандардын ичинде тейлөөгө тыюу салган. Бирок бир топ сындан улам ал чечимди жокко чыгаргандан кийин бир күндө вирус жугузуп алган 145 киши аныкталды.
Индияда бир суткада коронавирус 52 миңден ашуун кишиден чыкты. Бул дагы эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга карабай өкмөт 5-августтан тарта спортзалдарды жана йога студияларын ачууга уруксат берди.
Токионун губернатору Юрико Коике шаарда өзгөчө абал жарыяланышы мүмкүн экенин 31-июлда билдирди:
“Кырдаал мындан ары да начарласа, коронавируска каршы чаралардын алкагында Токио өзгөчө абал киргизүүнү караштырат. Андайга жеткирбеш үчүн инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн бардык эрежелерди сактоонун үстүнөн бирге иштешибиз керек”.
Жапон баш калаасында жума күнү вирус дагы 463 кишиден табылды.
АКШнын экономикасы экинчи кварталда төмөндөдү
Глобалдык алкакта COVID-19 672 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Инфекция жугузгандардын саны 17.2 миллионго жетти.
Биринчи орунда 4,4 миллион киши катталган АКШ кала берүүдө. Экинчи сапта Бразилия (2,5 миллион), андан кийин Индия (1,5 миллион) жана Орусия (833 миң) жайгашкан.
Ал тапта Кошмо Штаттардын Экономикалык анализ бюросу экинчи кварталдагы статистиканы жарыялады. Ага ылайык, апрелден июнга чейин өлкөнүн ички дүң өндүрүмү рекорддук 32,9 процентке түшүп кетти. АКШ бийлиги мындай санакты жүргүзө баштаган 1947-жылдан бери бир кварталда ушундай төмөндөө болуп көргөн эмес.
Коронавирус эми өлкөнүн орто батыш тарабына жылып, Огайо, Кентукки, Теннесси, Небраска штаттарында жайылууда.
Ак үйдүн коронавируска каршы күрөшүү штабынын координатору Дебора Биркстин айтымында, мындай тенденция эс алуу сезону, элдин эки жакка көп каттоосу менен түшүндүрүлөт.
Ал эми буга чейин эпидемиянын очогу болуп келген Флорида жана Аризона штаттарында вирустун тарашы жайлады. Ошондой болсо да, эки жерде тең инфекциядан өлгөндөр абдан көп болууда.
Жер-жерлердеги мындай кыйын абалдан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эң зарыл деген учурларда гана эки жакка саякаттоо кеңешин берди. Бейшембиде уюм өкмөттөрдү эл аралык каттамдарды ачуу алдында пайда-зыяндарды жакшылап анализдеп, ошого жараша бир чечимге келүүгө үндөдү.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 31-июлдагы брифингде медкызматкерлерге кенемте төлөөнүн жаңы шарттары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 1-июлдан тартып кооптуу зоналарда иштеген медиктерге берилчү кошумча төлөм көбөйдү. Ага ылайык, акча төрт категорияга бөлүнүп берилет.
«Дарыгерлерге кошумча төлөм берүү механизми төрт категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады», - деди Аида Исмаилова.
Маалыматка караганда, категориялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлер (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, реанимация, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик топтор). Бир сутка үчүн дарыгерлер 3000 сом (30% көбөйдү), орто медперсонал 2500 сом (25% көбөйдү), кенже медперсонал 2200 сом (22% көбөйдү) алат. Ошондой эле бул категориядагы медкызматкерлерге обсервацияда жатканы үчүн күнүнө 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү жети күн үчүн 6 300 сомду түзөт.
Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлер (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, СКП, блокпосттор, обсервация, мобилдик топтор). Иштеген бир саат үчүн дарыгерлер, АУП 130 сом, орто медперсонал 120 сом, кенже медперсонал 100 сом алат.
Үчүнчү категория: «Тез жардам» кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 жугузуп алган адамды жеткиргенине жараша төлөнөт. Дарыгерлер, АУП 750 сом, орто медперсонал 600 сом, кенже медперсонал 500 сом.
Төртүнчү категория: Моргдо иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирус жугузган сөөктү ачканына жараша төлөнөт. Дарыгерлер, АУП 1250 сом, орто медперсонал 1000 сом, кичи медперсонал 800 сом.
Аида Исмаилова билдиргендей, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып, жети күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй, 900 сом бойдон калды.
Медиктердин арасында кенемте аз төлөнгөнү же такыр берилбей калганы тууралуу нааразылыктар айтылып келатат.
Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери көптөгөн ооруканаларда медицина кызматкерлери жеке коргонуучу каражаты жок иштегени, ооруну жумушунан жугузуп алганы тууралуу маалыматтар бар.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медициналык кызматкер коронавирустан дарыланууда.
Кыргызстанда 1-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 19 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун үчөө Бишкекте, үчөө Ош шаарында, экөө Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көлдө, үчөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1397ге жетти.
Бир сутка ичинде 494 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.
Пандемия башталгандан бери инфекцияны жаңы жугузуп алгандардын жалпы саны 36 299 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 900 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 26 426 адамга жетти.
Кыргызстан 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган.
Президент Сооронбай Жээнбеков “өлкөдө коронавирус боюнча абал жакшырууда" деп баа берүүгө эрте экенин айтты. Мамлекет башчы мындай пикирин 1-августта "Биринчи радиодого” курган маегинде билдирди.
“Адистер «абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда» деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок, мындай шашылыш баа берүүгө дагы эрте. Окуп-көрүп жатабыз. Дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек. Пандемия токтоп калды, ооругандар азайды деп карантинди алган, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бул илдет кайрадан башталып атат”, - деди президент.
Жээнбеков кырдаалга ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамиле кылып, ар ким өз жакынын коргоо керек экенин белгиледи. Ал мамлекет дары-дармек менен камсыздоо, жаңы оорукана куруу, аны кышка даярдоо, оңдоо иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.