Мексикада коронавирустан каза тапкандардын саны 47 миңге чамалап, дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты. Алдыңкы эки орунда АКШ менен Бразилия турат.
Мексиканын Саламаттык сактоо министрлиги 31-июлда билдиргендей, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 424 миңден ашты.
Министрлик коронавируска кабылгандардын чыныгы саны бул көрсөткүчтөн алда канча көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө COVID-19 илдетинен 678 миңдей адам көз жумду. Коронавируска кабылгандардын саны 17,5 миллионго жетти.
Американын калк жыш жайгашкан Калифорния жана Флорида штаттары дагы соңку бир күндө коронавирустан каза тапкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жеткенин маалымдашты.
Флоридада соңку бир күндө 257 киши көз жумса, Калифорнияда бул илдет 208 адамдын өмүрүн алган.
АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны 153 миңден ашты.
Кыргызстанда 2-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 12 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, бирөө Ысык-Көлдө, үчөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1409ге жетти.
Бир сутка ичинде 420 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.
Пандемия башталгандан бери инфекцияны жаңы жугузуп алгандардын жалпы саны 36 719 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 848 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 27 274 адамга жетти.
Кыргызстан 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-августта коронавирус менен пневмонияга чалдыккандардын санын биринчи жолу кошуп жарыялады.
Мекеменин маалыматына караганда, 1-августта 6400дөй илдетке чалдыккан адам катталып, 60тай киши көз жумду.
Министрлик өлкөдө COVID-19 менен пневмониядан жабыркагандардын жалпы санын жарыялаган жок.
Сoronavirus2020.kz сайтындагы маалыматка караганда коронавируска кабылгандардын саны 91 миңден ашат.
Пневмония менен коронавируска чалдыккандардын саны 1-августтан баштап чогуу эсептелерин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Бирок ал көрсөткүчкө буга чейин пневмониядан жабыркагандардын же өлгөндөрдүн саны кошулбайт.
Кыргызстанда 3-августка карата COVID-19 илдетинен 11 бейтап кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдиргендей, каза болгондордун саны боюнча Бишкек шаары алдыда.
Башкалаада вирус жугузуп алган төрт, Ош шаарында бир, Чүй облусунда бир, Нарын жергесинде бир, Жалал-Абад облусунда үч, Баткенде бир бейтап каза тапты.
Ушуну менен март айынан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1420га жетти.