Кошмо Штаттарда коронавирус жаңы баскычка өтүп, учурда шаарларда гана эмес, аймактарда да кеңири тарала баштады. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча координатору Дебора Биркс 2-августта билдирди.
«Абдан кеңири тарап кетти. Айыл-аймактарда жашагандарга кайрылам, силер коронавирустан корголгон эмессиңер. Эгер туугандарыңар, улгайган адамдар менен чогуу жашасаңар, силердин аймакта эпидемия тарап жаткан болсо, анда жада калса үйдө да беткапчан жүрүүгө туура келет», деп эскертет эксперт CNN телеканалындагы маегинде.
3-августка карата Кошмо Штаттарда коронавирустун кесепетинен көз жумгандар 158 миңден ашты. Жугузуп алгандар 4,8 миллионго жетсе, алардын жарымына жакыны айыгып чыккан.
Коронавирус жугузуп алгандан кийин каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөсү кенемте алганын 3-августтагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирди.
«3-августка карата коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерден 40ка жакын арыз түштү. Анын төртөө боюнча кенемте бүгүн берилет, калган арыздар документтер туура эмес толтурулгандыктан иштелип жатат. Вирустан каза болгон эки кызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Комиссия арыздарды кароону улантып жатат», - деди Муктарбек Баймурзаев.
Өкмөт буга чейин иш учурунда COVID-19 жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, каза болгондордун жакындарына бир миллион сомдон бир жолку акчалай кенемте берилерин билдирген.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 2829 медиктен аныкталып, анын 1 853ү айыкты. Расмий маалымат боюнча вирус 73 медиктин өмүрүн алды.
Кыргызстанда 3-августта COVID-19 илдетинен жети киши кайтыш болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 4-августтагы брифингде билдиргендей, бир сутка ичинде каза болгон бейтаптардын үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, бирөө Чүй облусунда, бирөө Жалал-Абад, дагы бири Талас облусунда катталды.
Муну менен коронавирустун курмандыктарынын жалпы 1427ге жетти.
Бир күн ичинде Кыргызстандагы ооруканалардан 816 бейтап айыгып чыкты. Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 37541 кишиден аныкталып, анын 28 743ү сакайганы айтылды.
- автор Айнура Жекше кызы
Пандемия токтобой жаткан кезде көпчүлүк өлкөлөрдө окуу жылынын башталышы менен "балдар мектепке кантип кайтат?" деген маселе баш ооруга айланды.
Анткени бардык гигиеналык нормалар сакталган кезде да окуучулар вирусту үйлөрүнө ташып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Инфекция жуктургандар 4,7 миллион кишиден ашкан Кошмо Штаттарда окуу жайлары сабак өтүүнүн түрдүү варианттарын сунуш кылып жатышат.
3-августта өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи балдардын мектептерге кайтуусун колдой турганын айтып, бирок ар бир жерде эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу зарыл экенин белгиледи.
«Балдардын коопсуздугу, саламаттыгы биринчи орунда турушу керек. Мугалимдерди жана ата-энелерди, COVID-19дун үй бүлөлөрдүн башка мүчөлөрүнө жайылбашын да ойлош керек. Инфекциянын тарашы, вирусту жугузуп алуу ыктымалдыгы төмөн болсо, анда окуу жайларын ача бергиле. Бирок вирустун жайылышынын алдын алган бардык чаралар көрүлүүгө тийиш».
Мектептерди ачууну жактаган президент Дональд Трамп да жактап жатат.
Анткен менен бардык санитардык эрежелер сакталган учурда да окуучулар вирусту үйүнө ташып келет деген коркунуч жогору болууда.
Жаңы окуу жылы үстүбүздөгү аптада Жоржия, Луизиана, Миссисиппи жана Теннесси штаттарында башталууда. Айрым жерлерде сабактар класстарда өтсө, башка жактарда окуу онлайн уюштурулат. Башка мектептер аралаш форманы сунуш кылып жатышат. Лос-Анжелес, Филаделфия жана Вашинтон штаттары жок дегенде окуу жылынын башында мектептерди ачпай турууну оң көрүштү.
COVID-19 басаңдай электе мектептерге кайтуудан бир топ мугалимдер да чочулашат. 3-августта АКШнын ондогон аймагындагы окутуучулар окуу жайларын ачуу планына каршылыгын билдиришти.
Германияда мектептер ачылды, Италияда мугалимдер жетишсиз
Европада эпидемиянын экинчи толкуну камтама кылып жаткан кезде Германиянын түндүгүндөгү Мекленбург - Алдыңкы Померания облусунда дүйшөмбүдө жайкы эс алуу аяктап, түмөндөгөн окуучу класстарга кайтты. Өлкөдөгү бардык окуу жайлары марттын ортосунда жабылып, ошол бойдон ачыла элек болчу.
Италияда жүздөгөн мугалим сентябрда мектептер иштей баштаса, вирусту жугузуп алуу коркунучу жогору болот деп чочулап, жумуштан кетүүгө арыз тапшырышты. Билим берүү министрлиги бардык санитардык нормалар сакталарына убада бергени менен кесиптик кошуундар ошол эрежелер боюнча кошумча класстарды ачыш керек экенин, ага орун жетиштүү эмес экенин айтып келатышат. Мугалимдер тартыш болгондуктан, башталгыч класстарда диплом ала элек адистерге иштөөгө уруксат берилмекчи.
Боливия окуу жылын эрте бүтүрдү
Латын Америкасында окуу процесси онлайн уланууда. COVID-19 48 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен Мексикада 30 миллиондон көп окуучу 24-августтан тартып аралыктан окумай болду. Билим берүү министри Эстебан Моктезума Баррагандын айтымында, сабактар теледен, алыскы аймактарда радиодон окутулмакчы. Министр бир катар өлкөлөр мектептерди ачып, бирок инфекция кайра тарап жаткандыктан, жабууга аргасыз болушканын кошумчалады.
Ал арада Боливия өкмөтү окуу жылы эрте аяктап жатканын билдирди. Анткени айыл-кыштактарда Интернет жок болгондуктан, билим берүү процессин камсыз кылуу мүмкүн эмес. Окуу жылы өлкөдө февралда башталып, ноябрда жыйынтыкталат.
Эки миллиондой окуучунун 80% жакыны мамлекеттик мектептерде билим алат. Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, боливиялыктардын 10% гана Интерентке байланышуу шарты бар, ал эми ЮНИСЕФтин изилдөөсү окуучулардын 40% эле онлайн билим алуудан пайдалана алганын көргөздү.