Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ординатурасын аяктаган 169 адис Кыргызстандын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн бөлүштүрүлдү.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова 7-августтагы брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, Бишкек медициналык коллежинин 70 бүтүрүүчүсү да башкалаадагы саламаттык сактоо мекемелеринде иштөөгө бөлүндү.
"Дарыгердин депозити" мамлекеттик программасынын негизинде 175 адиске бир кварталда бир жолу акча төлөнмөй болду.
Саламаттык сактоо министрлиги бул чечимди дарыгерлердин жетишсиздигин чечүү аракети катары түшүндүрүп жатат.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, ооруканада орун жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыкты.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 517 адам сакайып чыкты.
- Бишкек – 142
- Чүй облусу – 53
- Ош облусу – 87
- Талас облусу – 24
- Нарын облусу – 19
- Ысык-Көл облусу – 50
- Жалал-Абад облусу – 48
- Баткен облусу – 45
- Ош шаары – 49
Жалпы айыккандардын саны 31 281. Жугузуп алгандардын жалпы саны 39 587.
Бир сутка ичинде өпкөнү сезгентүүчү COVID-19 вирусунан тогуз киши кайтыш болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-августтагы брифингде билдиргендей, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Баткен облусунда, бирөө Ысык-Көлдө, бирөө Ош облусунда, дагы бири Нарын облусунда катталды.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери вирустун курмандыктарынын жалпы саны 1460ка жетти.
Коронавирустан айыккан бейтаптарда белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн.
Бул тууралуу пульмонолог Талант Сооронбаев 7-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, оорудан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алган учурлар катталган эмес, бул адамда иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу. Бейтап дарыланып чыккандан эки жумадан кийин башка адамга вирус жуктурат деген коркунуч жок. Бирок симптомдор жүрө бериши ыктымал.
"Мисалы, алсыздык, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби, организмдин калыбына келиши узакка созулат. Үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилер пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул - башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Эгерде башка органдардын ооруларынын, өпкө оорулар, жүрөк-кан тамыр дарттарынын белгилери болсо үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин адистерге кайрылуу керек. Өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентгенде вирустун белгилери кала берет".
Сооронбаев ар бир бейтаптын реабилитациясы ар кандай өтөрүн айтып, вируска кабылгандарды дарыгер жазып берген сунуштарды так аткарууга чакырды. Өз алдынча дарыланбоону, такталбаган кеңештерди колдонбоону сунуш кылды.
Кыргызстанда профессор, микрохирург Мырзабек Матеев пневмониядан кайтыш болгонун Улуттук госпитал билдирди.
Мырзабек Матеев 1959-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктагандан кийин эмгек жолун ооруканаларда иштеп баштаган.
1994-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Улуттук госпиталда эмгектенип, пластикалык микрохирургия бөлүмүн жетектеген. Кыргыз-орус славян университетинин хирургия кафедрасынын профессору. Эл аралык маанидеги сертификаттардын ээси.
Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 70тен ашык медицина кызматкеринин өмүрүн алды.
Расмий маалыматка караганда, ушул кезге чейин республика боюнча COVID-19 диагнозун 2938 медкызматкер жугузуп алды, алардын 2097си айыкты.