Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы ооруканаларды кошумча орундар менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, азыр 12 объектиде жумуш жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан тогуз оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы "бул оору качан токтойт, биз дагы айта албайбыз" деп ачык айтты. Вакцина чыкканда деле баары бир бул оорунун ар кандай таркалышына даяр болушубуз керек. Ар кандай реформалар жана программаларды түзүшүп, алардын негизинде көп койко-орундар жоюлуп, жакшы ооруканалар, имараттар жабылып калган. Алар 15 жыл, 20 жылдан бери иштебей турат. Биз бул имараттарды калктын кызыкчылыгына кызмат кылгандай кылып, капиталдык ремонттон өткөрөбүз. Мунун жыйынтыгы менен жалпы республика боюнча бейтаптар үчүн миңден ашуун орундар түзүлөт».
Жээнбеков шаарларга, облустук борборлордо жаңы типтеги ооруканалар куруларын, бейтапкана курулушуна 100 миллион долларга чейин салабыз деген ишкерлер бар экенин билдирди.
Кыргызстанда COVID-19 илдетинен бир күн ичинде алты киши каза болду. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 10-августта билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө, бирөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен дубанында катталды.
Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1474 кишиге жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 258 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Март айынан бери коронавирус 40 177 кишиден расмий аныкталды. Анын 32 229у айыкты.
Шаар мэриясынын маалыматына караганда, күндүзгү стационарларга кайрылган жарандар азаюуда. Акыркы суткада борбор калаадагы күндүзгү стационарларга күндүз 733, түнкүсүн 42 адам кайрылган.
Буга байланыштуу Аламүдүн-1 кичирайонундагы №38 орто мектепте, “ДСК” спорткомплексинде жана “Консул” ресторанында ачылган стационарлар жабылды. Ал эми 12-кичирайондо муниципалдык наабайканага жайгашкан стационар күнү-түнү иштей турган болду.
Жабылган стационарлардагы бардык медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка эмеректер зыянсыздандырылып, сактоого коюлду.
Бишкектеги күндүзгү стационарларга бир айдын ичинде 97 891 адам кайрылып, түрдүү медициналык жардам алышкан. 503 адам жатып, дарыланып чыкты.
Коронавирус июнь-июль айларында күчөп, ооруканаларда орун жетишпегени үчүн ыктыярчылардын демилгеси менен күндүзгү жага түнкү стационарлар ачылган.
Бишкекте спорт комплекстеринде, мейманканаларда жалпы 13 стационар түзүлгөн. Эпидемиологиялык кырдаал турукташканына байланыштуу өткөн жумада «Туңгуч» жана «Жал» кичирайондорундагы эки күндүзгү стационар, Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» тойканасындагы түнкү убактылуу дарылоочу жай жабылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин илимий тобу Кыргызстанда канча адамга коронавирус жукканын аныктоо боюнча илимий иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августта онлайн брифинг учурунда айтты.
Анын сөзүнө караганда, калктын канча пайызы ооруга чалдыкканын жана айыкканын адистер атайын ыкма менен жер-жерлерде эсептеп чыга баштады. Боронов мындан тышкары COVID-19 илдети өлкөдө канча кишиге жугушу мүмкүн экенин жарыялады.
«Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала божомолу боюнча, бизде 9 жашка чейинки балдардын ооруганы дээрлик аз болду. Ошондуктан аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгуусу мүмкүн деп 4,2 млн. адамды киргизишти», - деди Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы ачык булактардагы маалыматтарга таянып, элдин үчтөн эки бөлүгү ооруга чалдыкпаганын же оору симптомсуз өтүп жатканын айтты. Ал эми оорунун белгилери 1,4 млн. кишинин ичинен үчтөн бир бөлүгүнөн, же 466 миң адамда жеңил формада өтүп жатат.
Боронов Кыргызстанда коронавирус жуккандар жана андан каза болгондор азайып калганы менен абал турукташа электигин кошумчалап, элди санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого чакырды.
11-августка карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 40 455 адамга жукту, анын ичинен 32 764ү айыкты жана 1 478 киши каза болду.