Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:23 11.8.2020

Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 20 миллион адамдан ашты. Дээрлик беш айга аяк баскан пандемия маалында 736 миңден ашуун бейтап көз жумду.

АКШ COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны боюнча дале алдыда. Кошмо Штаттарында өпкөнү сезгенткен оору 5 миллиондон ашык жарандан табылып, 163 миңден көп киши каза тапты.

Экинчи орунда турган Индияда жаңы вирус жуктургандар 3 миллион, ал эми тизменин үчүнчү сабында жайгашкан Бразилияда 2,2 миллион адам болду.

АКШда өткөн айга салыштырмалуу соңку күндөрү оору жуккан учурлар азая баштады. Бирок ушул күндөрү көрсөткүч өтө төмөндөй элек, бир күндө кеминде 40 миң адамдан COVID-19 аныкталып жатат.


Ал арада Мексика оорунун очогуна айланды. Бул өлкөдө 10-августта коронавирустан каза тапкандар 53 миңден ашты. Мексиканын өкмөтү пандемияны ооздуктап, ошол эле учурда экономиканы жандандыруу боюнча чечимдерди кабыл алганга аракет кылып жатат.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "үмүт учкуну жылтыраган учурлар" бар экенин билдирди.

Уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус оорунун жайылышын басаңдатуу үчүн дүйнө лидерлери аракет көрүп, жарандар жаңы чараларды кабыл алышы керектигин билдирди.

"Биз бул аптада СOVID-19 20 миллион адамга жугуп, оорудан 750 миңден көп бейтап каза болгон учурга жеттик. Бул сандардын артында азап-тозок, кайгы жатат. Ар бир өмүр маанилүү. Мен ушул тушта көп адам кайгы тартып турганын билем жана бул дүйнө үчүн оор учур. Бирок мен мамлекет, шаар, айыл-кыштак кайда гана жайгашпасын, үмүт учкуну жалтырай баштаган учурлар бар экенин айткым келет. COVID-19дун тарашын токтотуу эч качан кеч эмес".

Ушул тушта Европада ысык күндөр башталып, эл суу жээгин көздөй агылып жаткандыктан саламаттык сактоо адистери оорунун кайра жайылышынан чочулап турат. Бирок Германия карантин чараларын жумшартууну улантууда. Берлинде 10-августта мектептер ачылып, беткап кийип жүрүү шарты менен миңдеген балдар окууга кайтты.

Ал арада Грекия туристтер көп барган аймактардагы ресторан, бар сыяктуу жайлардын түнкү ишин чектеди. Ошондой эле Чехия баштаган бир катар Европа өлкөлөрүнөн келген туристтерден 17-августтан тартып коронавирус оору жукпаганы тууралуу маалымдама талап кыла баштайт.

Соңку жекшембиде, Грекияда оору жуккан 203 учур катталды жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Бул мамлекетте оору 5750дөй адамдан табылып, 212 бейтап көз жумду.

Бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө, маселен Пакистанда, тескерисинче 10-августтан баштап ресторандар, парктар кайрадан ачылды. Бул өлкөдө соңку апталарда оору жуккан учурлар азайган.

Оорунун очогуна айланган Австралиянын Виктория штаты дагы коронавирустун жайылышы басаңдай баштаганын кабарлады. Бул мамлекетте оорунун экинчи толкунунун айынан Мельбрун шаары кайрадан карантинге жабылган болчу.

Ал арада Орусия “коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина” каттоодон өткөнүн билдирди. Бул өлкөнүн президенти Владимир Путиндин сөзүн 11-августта өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда айтканын “Интерфакс” агенттиги кабарлады.

“Мага маалым болгондой, бүгүн эртең менен коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина каттоодон өттү”, - деди Путин.

Ал кыздарынын бири вакцинанын сыноосуна катышып, эмдөөдөн өткөнүн, биринчи күнү анын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кийинки күнү 37ге түшкөнүн, вакцинанын кийинки дозасынан кийин өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Вакцина бардык текшерүүдөн өткөнүн, анын өндүрүшү жакын арада башталарын кошумчалады.

Бирок “CNN” телеканалы буга чейин билдиргендей, Орусия вакцинанын сыноосу тууралуу илимий маалыматтарды жарыялабай келет. Мындан улам Батыш илимпоздору Москванын “коронавирустун алгачкы вакцинасы” тууралуу билдирүүлөрүнөн күмөн санап турушат.

Орусияда коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор, Новосибирскидеги "Вектор" мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп келет. Буга чейин Гамелея борбору Орусиядагы биринчи вакцина даяр болгонун, ал август айында медициналык мекемелерге жеткирилерин, сентябрда жапырт өндүрүш башталарын билдирген.

Орус бийлиги аталган борбордун вакцинасы эки баскычтуу сыноодон өткөнүн белгилеп жатат. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму натыйжалуу жана коопсуз вакцина кеминде үч баскычтуу текшерүүдөн өтүшү керек экенин билдирип келет.

Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдө пандемия башталгандан бери баш-аягы 160тай вакцинанын үстүнөн изилдөө жүрүп жатат. Бирок учурда алардын 20дан ашыгы гана адам организминде сыноодон өтүүдө.

11:58 12.8.2020

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан алты киши кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 12-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза тапкандар Бишкекте, Баткен, Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында катталды.

COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери бул оорудан каза болгондордун жалпы саны 1484кө жетти.

Бир сутка ичинде коронавирус дагы 304 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 40759 кишини түздү. Анын 33027си айыкты.

14:14 12.8.2020

АКШ өкмөтү коронавируска каршы вакцинасын акыркы сыноодон өткөрүп жаткан америкалык «Moderna» биотехникалык компаниясы менен 1,5 миллиард долларлык келишим түздү. Ага ылайык, «Moderna» америкалыктарды вакцинанын 100 миллион дозасы менен камсыз кылуу милдеттенмесин алат. Бул тууралуу Ак үй 11-августта жарыялады.

Буга чейин Кошмо Штаттар коронавирустун вакцинасынын клиникалык сыноосун өткөрүп жаткан бир нече компания менен ушуга окшош келишимдерге жетишкен.

«Moderna» биотехнологиялык компаниясы рынокто жок ыкма менен даярдалган жана РНК же рибонуклеин кычкылына негизделген вакцинасын март айынын ортосунда сынай баштаган. Компаниянын окумуштуулары коронавирустун жыл башында чечмеленген генетикалык коду аркылуу адамда илдетке каршы иммунитетти пайда кылууну көздөшөт. Жакында алар сыноонун баштапкы баскычы ийгиликтүү өткөнүн билдирип, эксперименттин акыркы фазасына киришкен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, дүйнөдө пандемия башталгандан бери баш-аягы 160тай вакцинанын үстүнөн изилдөө жүрүп жатат. Бирок учурда алардын 20дан ашыгы гана адам организминде сыноодон өтүүдө.

11-августта орус президенти Владимир Путин Орусияда «коронавируска каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина» каттоодон өткөнүн жарыялаган. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Орусиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз вакцина кеминде үч баскычтуу текшерүүдөн өтүшү керек экенин билдиришүүдө.

12:53 13.8.2020

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус дагы 310 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Ушуну менен вирусту 41 069 киши жугузуп алды.

  • Бишкек 16 973
  • Чүй облусу 5131
  • Ош облусу 3794
  • Жалал-Абад 3698
  • Ош шаары 3260
  • Ысык-Көл 3277
  • Баткен 1998
  • Талас 1309

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 13-августта билдиргендей, бир күн аралыгында вирустан үч киши кайтыш болду. Каза болгондор Бишке шаарында, Баткен жана Ош облустарында катталды.

Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1487 кишиге жетти. Вирусту 41069 киши жугузуп алып, анын 33318и айыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG