Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:12 13.8.2020

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 13-августта өткөн онлайн брифингде Кыргызстанда болжол менен 160 миңдей адам коронавирус менен ооруганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, өлкөдөгү 13 177 адамда же оорулуулардын 36,3% бөлүгүндө илдет билинбей өткөн. Ал эми 10 781 кишиде же 29,7% бөлүгүндө жеңил болгон.

Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1 487 кишиге жетти. COVID-19 вирусу 41 069 адамга жугуп, анын 33 318и айыкты.

11-августта премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин баштапкы божомолуна таянып, өлкөдө 4,2 млн. адамга коронавирус жугушу мүмкүн экенин эскерткен.

Өкмөт башчы ачык булактардагы маалыматтарга шилтеме берип, оорунун белгилери 1,4 млн. кишинин ичинен үчтөн бир бөлүгүнөн, же 466 миң адамда жеңил формада өтүп жатканын айткан.

15:43 13.8.2020

Бразилия, Аргентина жана Мексика коронавируска каршы вакцина алуу үчүн бир катар макулдашууларды түзгөнүн билдиришти.

Латын Америкасы COVID-19дан катуу жабыркаган аймак болууда. Шаршембиде Бразилиянын Парана штаты орусиялык жаңы вакцинаны сыноо жана чыгаруу жөнүндөгү келишимге кол койду. Ошол эле маалда расмий адамдар ал препарат коопсуз болууга тийиш экенин белгилешти.

Орусия өзүнүн "Sputnik V" деген ыктымал вакцинасын байма-бай рекламалап келатат. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер тесттин ыктыярчылар үстүнөн, үчүнчү фазасы аяктай электе жана илимий маалыматтардын көз каранды эмес адистер тарабынан текшериле электе вакцинаны каттоо чечимин сындашууда.

Паранадагы технологиялык институт чечим жактырылса, препаратты өндүрүү келерки жылдын экинчи жарымында башталышы мүмкүн деп билдирди. Бразилия бир нече ыктымал вакцинаны сынап жатат. Бирөө Оксфорд университети жана "AstraZeneca" фармацевтикалык фирма тарабынан иштелип чыккан. Экинчиси кытайлык "Sinovac Biotech" лабораториясында жасалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 150дөн көп ыктымал вацинанын үстүнөн иштеп, сынап келет. 25 препарат адамдарга сайып текшерүү баскычына жеткен.

Аргентина жана Мексика "AstraZeneca" иштеп чыккан эксперименталдык вакцинаны бүтүндөй Латын Америка үчүн чыгарышарын билдиришти.

13-августка карай Жер шарында COVID-19га 20 миллион 827 миң 622 киши чалдыкты. 747 миңден көп киши оорудан көз жумду. 14 миллионго жакын бейтап айыкты.

15:55 13.8.2020

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшкө кошумча 190 миллион сом бөлдү.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Анын билдирүүсүнө караганда, каражат медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөө, тестирлөө, дартты аныктоо жана вируска байланышкан кооптуу жагдайлар жөнүндө элге маалымат берүүнү жакшыртууга жумшалат.

Каржылык жардам USAIDдин «ABT Associates» уюму ишке ашырып жаткан «Жергиликтүү саламаттык сактоо тармагынын туруктуулугу» долбоору аркылуу берилет. Ал долбоор бейтапканаларга жана башка медициналык уюмдарга инфекциянын алдын алуу жана анын жайылышын токтотуу боюнча иштерди жүргүзүүгө жардам берет.

Быйыл мартта USAID медицина кызматкерлерине коргонуу каражаттарын, пандемияга каршы алгачкы аракеттерди колдоого 95 миллион сом бөлүп берген.

Эки тараптуу кызматташтык башталган 1992-жылдан бери АКШ Кыргызстандын өнүгүшүн колдоо үчүн 2,1 миллиард доллар бөлдү. Анын 132 миллион доллары саламаттык сактоо тармагына сарпталган.

Кыргыз өкмөтү быйыл коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин дефицитин жабууга чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат.

10:49 14.8.2020

Казакстанда карантиндик чектөөлөрдү бир нече баскыч менен алууну Мамлекеттик комиссия чечти. Аталган комиссия 13-августта бул чечимин "5-июлдан тарта киргизилген чектөөлөр кырдаалды турукташтырууга жардам берди жана медициналык мекемелерде бейтаптардын санын азайтты" деп негиздеди. Мындай маалыматты казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы таратты.

Анда айтылгандай “күнүмдүк коронавируска чалдыгуу төрт пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөдү”. Ошондой эле айыккандардын саны да 76% түздү.

Казакстанда учурда 117 104 адам коронавируска кабылган. 1 433 адам илдеттен көз жумган. Казак өкмөтү 8-августтан тартып коронавирус менен пневмонияны чогуу санай баштаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG