Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:51 14.8.2020

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус менен ооруган акыркы сегиз бейтап 13-августта госпиталдан сакайып чыкты.

Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеп, бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланды.

Ушул тапта госпитал күз-кыш мезгилдерине жана коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдалып жатат. Анда кошумча шарттар каралып, лаборатория түзүү пландалууда.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейледи.

11:42 14.8.2020

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 304 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 14-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирустан дагы төрт киши кайтыш болду.

Каза болгондор Бишкек шаарында, Талас, Ысык-Көл жана Ош облустарында катталды.

Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1491 кишиге жетти. Вирусту 41373 киши жугузуп алып, анын 33622си айыкты.

15:22 14.8.2020

Быйыл 1-сентябрдан тарта 1-класска кирген 156 миң окуучу менчиктин түрүнө карабастан мектепке барып окуйт.

Ал эми калган класстардын баары онлайн режимде билим алышат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 14-августта өкмөттүн жыйынында билдирди.

«1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы жашында калыптанганы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», - деди Боронов.

18:52 14.8.2020

Кыргыз өкмөтү күз-кыш мезгилинде COVID-19 пандемиясынын ыктымалдуу экинчи толкунуна каршы көрүлүп жаткан даярдык тууралуу маалымат берди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, профилактика жана дарылоо, кадрларды даярдоо жана саламаттык сактоо тутумуна маалыматтык технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатканын айтты. Бул иштердин бардыгы үчүн каржылоо булагы аныкталды.

Ушул тапта Бишкек шаарында (100 орундуу), Нарын (70 орун) жана Ош (100 орун) үч инфекциялык оорукана курулуп жатат. Аймактарда тогуз саламаттык сактоо объектисин оңдоо жана багытын өзгөртүү иштери жүрүүдө.

Саламаттык сактоо мекемелерине борборлоштурулган суюлтулган кычкылтек системасын жана 29 мекемеге газификаторлорду орнотуу каралган. «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка «Тез жардам» автоунааларын сатып алуу, коронавирус менен ооругандарды диспансеризациялоо жана реабилитациялоо системасын түзүү пландалууда. Медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү да мерчемделген.

Кыргызстанга пандемия келип жеткен март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1 491 кишиге жетти. COVID-19 илдети 41 373 кишиге жугуп, анын 33 622си айыкты.

Пандемияда, өзгөчө оору күчөгөн июль айында «Тез жардам» автоунааларынын жетишсиздигинен улам өлкөдө дарыгерлер бейтаптарга жетишпей кыйналды. Айрым ыктыярчылар 24 саат бою тез жардамдын кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптардын үйлөрүн кыдырып жүрүштү.

Ооруканаларда орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейлеп жатышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG