COVID-19 вирусунун U07.1 жана U07.2 категорияларын соңку бир суткада 272 адам жуктурганы аныкталды. Алардын 12си медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.
Анда айтылгандай, жаңы жуктургандардын 65и Ысык-Көл облусунда, 47си Бишкек шаарында, 43ү Ош шаарында, 34ү Жалал-Абад облусунда, 28и Ош облусунда катталды. Чүйдө 24, Нарында 10, Баткенде 13, Таласта 8.
COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда соңку суткада эки адам каза болду. Бирөө Ошто, экинчи Нарында. Акыркы суткада ошондой эле 329 киши айыгып чыкты.
Расмий статистикага ылайык, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1493 кишиге жетти. Вирусту 41645 киши жугузуп алып, анын 33951 айыкты.
Орусия COVID-19га каршы вакцинаны чыгара баштаганын 15-августта “РИА новости” агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен жазды.
Препаратты өндүрүүгө салым жасаган Орусиянын Тикелей инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев, азыркы убакка чейин 20 өлкөдөн миллиард дозалык вакцина чыгарууга буюртма алганын кабарлады. Ошондой эле вакцинаны беш өлкөдө чыгаруу боюнча да макулдашуу бар. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын өзү жылына 500 миллион доза чыгарууга кудурети жетет.
11-августта орус президенти Владимир Путин Орусияда «коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина» каттоодон өткөнүн билдирген. Ал кыздарынын бири вакцинанын сыноосуна катышып, эмдөөдөн өткөнүн, биринчи күнү анын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кийинки күнү 37ге түшкөнүн, вакцинанын кийинки дозасынан кийин өзүн жакшы сезип жатканын айткан. Президент вакцина бардык текшерүүдөн өткөнүн, анын өндүрүшү жакын арада башталарын кошумчалаган.
CNN телеканалы буга чейин билдиргендей, Орусия вакцинанын сыноосу тууралуу илимий маалыматтарды жарыялай элек. Ушундан улам Батыш илимпоздору Москванын «коронавирустун алгачкы вакцинасы» тууралуу билдирүүлөрүнөн күмөн санап турушат.
Орусияда коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор, Новосибирскидеги «Вектор» мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп келет. Буга чейин Гамелея борбору Орусиядагы биринчи вакцина даяр болгонун, ал август айында медициналык мекемелерге жеткирилерин, сентябрда жапырт өндүрүш башталарын билдирген.
Орус бийлиги аталган борбордун вакцинасы эки баскычтуу сыноодон өткөнүн белгилеп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму натыйжалуу жана коопсуз вакцина кеминде үч баскычтуу текшерүүдөн өтүшү керек экенин эске салган.
Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдө пандемия башталгандан бери баш-аягы 160тай вакцинанын үстүнөн изилдөө жүрүп жатат. Учурда алардын 20дан ашыгы гана адамдын организминде сыноодон өтүүдө.
Орусия чыгарганын жарыялаган коронавирустун вакцинасын немис окумуштуулары дароо сындап чыгышты.
«Deutsche Welle» агенттиги Германиядагы басылмалардагы «Спутник 5» вакцинасына айтылган сын чогулткан.
11-августта немистердин дээрлик бардык басылмалары Путиндин вакцинасы тууралуу кабарды баш макалага чыгарып, телеберүүлөрдөгү талкуулардын негизги темасына айлантышты.
ARD жана ZDF телеканалдары «Владимир Путин өз элинин ден соолугун тобокелге салган дүйнөдөгү биринчи лидер болуп калмакчы. Коронавирустун вакцинасын чыгарууда глобалдык жарышта жеңип чыгыш үчүн ал Орусиянын элин тажрыйба талаасына айлатканы турат» деген билдирүү таркатышты.
Паул Эрлих атындагы биомедициналык жана вакцина чыгаруучу федералдык институттун жетекчиси Клаус Цихутек менен түз эфирде маек уюштурулду. Аталган институт Орусияда чыккан вакцинаны жалпы калкка сунуш кылбай турганын, анын таасири бүдөмүк экенин белгиледи.
«Frankfurter Allgemeine Zeitung» гезити вакцинанын чыгышын «орус президентинин жеке чечими» катары баалап, эч жерде катталбаган, Путиндин өзүн өзү жок кылган медицинасы катары сүрөттөдү.
Гайделберг аймагында чыккан «Rhein-Neckar-Zeitung» гезити орус вакцинасын «саясий популизм» деп баалады. «Süddeutsche Zeitung» басылмасы Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп вакцина чыгаруу аркылуу начарлап кеткен саясий рейтингин көтөргүсү келишкенин, бирок эң эле опурталдуусу - Владимир Путин өз кызына алгач вакцина сайдыруу менен Трамптан ашып түшкөнүн жазды.
Ошол эле учурда Путинди жактаган да басылмалар бар. Магдебургда чыккан «Volksstimme» гезити Орусия 1957-жылы космоско алгачкы жандооч учургандай эле медицинада да чоң төңкөрүш жасаганын баяндап: «Канткен менен бул пандемия дүйнөнүн кадыресе ыраатын бузду. Эгерде орус вакцинасынын вирустан коргоочу күчү далилденсе, Путинди сындап жаткан өлкөлөрдүн лидерлери аны алууга кезекке турушмакчы», - деген бүтүм чыгарат.
Ал эми «Eurasia Daily Monitor» басылмасына COVID-19 маалындагы Орто Азия чөлкөмүндөгү кубаттуу державалардын таасир талашы мындан ары кандай өнүгөрүн талдаган макала жарыяланды.
Басылма вирустун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кесепетин тизмектеп, чөлкөм мындан ары Кытайдын «темир чеңгелине түшөт» деп божомолдойт. (Макаланы толук бул жерден окуй аласыз)
16-августка карата COVID-19 вирусунун U07.1 жана U07.2 категорияларын соңку бир суткада 211 адам жугузганы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Анда айтылгандай, жаңы жугузгандардын 47си Ысык-Көл облусунда, 46сы Бишкек шаарында, 27си Жалал-Абад облусунда, 26сы Ош облусунда катталды. Баткенде 22, Чүйдө 19, Ош шаарында 14, Таласта 7, Нарында 3.
COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда соңку суткада эки адам каза болду. Бирөө Бишкекте, экинчиси Нарында. Акыркы суткада 329 киши айыгып чыкты.
Расмий статистикага ылайык, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1495 кишиге жетти. Вирусту 41 856 киши жугузуп алып, анын 34 306сы айыкты.