Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 155 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 18-августтагы брифингде билдиргендей, вирус аныкталгандардын 40ы Бишкекте катталды. Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда - 14, Талас облусунда – 6, Нарын облусу – 11, Ысык-Көл облусу – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусу - 12 кишиден вирус табылды.
Бир күндө COVID-19 вирусу Бишкек шаарында жана Баткен облусунда эки кишинин өмүрүн алды. Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери каза болгондор 1498ге жетти.
Расмий маалымат боюнча вирусту жалпы 42146 киши жугузуп алып, анын 34885и айыкты.
Жаңы Зеландияда 18-августта коронавирус жуккан дагы 13 киши аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Окленд шаарында катталганы маалым болду. Өлкөнүн беш миллион калкынын үчтөн бир бөлүгү отурукташкан Окленд шаарында коронавирус жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу карантин киргизилген.
Жаңы Зеландияда буга чейин 102 күн бою өлкө ичинде COVID-19га кабылган бир да киши катталган эмес. Ал эми 11-августтан бери 90 киши илдетке чалдыкты.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Жаңы Зеландияда пандемия башталгандан бери 1600дөн көп адам COVID-19га чалдыгып, 22 киши каза болду.
Бул өлкөдөгү азыркы кырдаал АКШ президенти Дональд Трамптын да назарына илинди.
«Бул аябай жаман. Биз муну каалабайбыз. Бул көзгө көрүнбөгөн душман Кытайдан Европага жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө жайылбашы керек эле», - деди ал Миннесота шаарындагы шайлоо өнөктүгүнүн маалында сүйлөп жатып.
Кошмо Штаттар учурда коронавирус жуккандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда. 17-августта Техаста каза болгондордун жалпы саны он миңден ашып, өлүм-житим эң көп катталган төртүнчү штат болуп калды. Сап башында Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Калифорния турат.
Филиппиндин баш калаасы Манилада эки жума мурда киргизилген чектөөлөр 19-августтан тартып жумшартылат. Түштүк Азиядагы бул мамлекетте коронавирус 164 миң кишиден табылып, эки жарым миңден көп адам көз жумду.
Коронавирус дүйнөдө 772 миңден көп адамдын өмүрүн алды, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 21,8 миллиондон ашты.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгондордун статистикасы тууралуу жаңы маалымат жарыялады. Министрдин орун басары Мадамин Каратаев 18-августтагы брифингде өлкөдө коронавирустан 1490 эмес, 1053 өлүм катталганын билдирди.
Каратаевдин маалыматына караганда, буга чейин каза болгондордун статистикасы COVID-19 U07.1 ПЧР-изилдөөнүн оң жыйынтыгынын негизинде, COVID-19 U07.2 пневмониянын белгилери менен жүргүзүлгөн. Ушундан улам каза болгондордун саны бурмаланып калган.
COVID-19дан каза болгондордун өлүмүнүн себебин изилдөө боюнча түзүлгөн атайын комиссия акыркы жети айдагы өлүм-житимди талдап чыгып, 437 киши вирустан эмес, башка оорулардан каза болгон деген тыянакка келген.
«437 учурдун 358сине (82%) жүрөк оору себеп болгон. 24 учурдуку (5,6%) – курч миокард, 13 учурдуку (3,1%) – мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу. 10 учурдуку (2,5%) – бөйрөк оорулары, 32 учурдуку (6,8%) – башка себептер (суициддер, онкологиялык оорулар жана башкалар», - деди Каратаев.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, статистиканы кайра кароодо жети айда ашыкча өлүм катталган эмес. 2019-жылдын жети айында жалпысынан 19346, 2020-жылдын жети айында 18799 өлүм катталган.
Коронавируска байланыштуу сегиз өлүм учуру тууралуу маалымат эки жолу катталып калган.
Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да өпкөнү сезгентүүчү коронавирус илдети катары таанып, аны статистикага кошуп эсептей баштаган.
18-августта COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1498 кишиге жеткенин билдирген.
Расмий маалымат боюнча вирусту жалпы 42146 киши жугузуп алып, анын 34885и айыкты.
- автор Али Токтакунов
Айрым өлкөлөр карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизди. Трамп менен Ардерн кайым айтышса, ДССУ вакцинаны тең бөлүштүрүүгө чакырды.
“Вакциналык улутчулдуктун алдын алалы”
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны тегиз жана акыйкат бөлүштүрүүгө чакырды.
Уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейсустун айтымында, вакцинаны эки баскыч менен бөлүштүрүү сунушталууда. Жалпы коркунучту азайтуу үчүн биринчисинде дозалар Дүйнөлүк саламаттык уюму жетектеген вакцина иштеп чыгуу планына катышкан өлкөлөргө пропорциялуу тийиши керек. Экинчисинде коркунуч көбүрөөк жана аялуу өлкөлөргө көңүл бурулушу шарт экени белгиленет.
18-августта өткөн жыйында Гебрейсус бир катаны кайра кайталабоого чакырды:
«Вакциналык улутчулдуктун алдын алалы. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы күрөшкөн каражатка жетүүнү тездетүүнү, көбүрөөк коркунучка кабылгандардан тарта баарын жана бардык жерде жаңы табылга менен камсыздоо үчүн өкмөттөр жана жеке сектор менен чогуу иштеп жатат».
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVID-19 боюнча техникалык жетекчиси Мария Ван Керхове вируска туруштук берүүнү камсыздаган антиденече айыккандардын 10% жетпеген адамдан гана чыкканын белгиледи. Андан тышкары изилдөөлөр элдин көпчүлүгү дале коронавируска чалдыгуу коркунучу бар экенин көрсөткөнүн эскертти.
11-августта Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы «Гам-КОВИД-Вак» деп аталган алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн билдирген. Путин вакцинаны кызы өзүнө сынап көргөнүн айткан.
Орусиянын дымагына эл аралык эксперттер сын көз караш менен карап, учурда «тез арада вакцина чыгаруу эмес, сапаттуу жана коопсуз вакцина чыгаруу зарылчылыгы турганын» белгилешкен. Ушу тапта дүйнө жүзүндө коронавируска каршы жүздөн ашуун вакцина иштелип чыгууда. Алар сыноо мөөнөтүнүн түрдүү баскычтарында турушат. ДССУ вакцинанын тийиштүү процедуралардан өтүп, жапырт колдонууга берилиши ушул жылдын аягынан эрте болбойт деп билдирген.
АКШ менен Жаңы Зеландия лидерлери кайым айтышты
АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Жаңы Зеландия коронавирусту жеңдик деп жар салганын белгилөө менен бул өлкөдө вирустун “кескин тараганы абдан коркунучтуу” деп баа берген эле.
Бул сын арал өлкөнүн тургундарынын арасында нааразылык жаратып, премьер-министри Жасинда Ардерн эртеси эле жооп кайтарды:
«Карап көрсөңүз, менимче дүйнөдө COVID-19дун таралуусуна көз салып турган ким болбосун опоңой эле көрө алат. Жаңы Зеландиядагы күнүнө катталган тогуз учур менен Кошмо Штаттарындагы он миңдеген жаңы учурду салыштырып болбойт. Чынында дүйнөдөгү көп өлкө менен теңдештирүүгө мүмкүн эмес. Биздин абалды туура эмес чечмелеген кишилерди этибарга да албайм».
19-августка карата маалымат боюнча АКШда коронавируска чалдыккандар 5,6 миллиондон ашса, Жаңы Зеландияда вирус жуктурганы катталгандар жалпы жонунан 1600 ашуун гана. Ошентсе да буга чейин коронавирусту жеңгенин жарыялаган Жаңы Зеландиянын ири Окленд шаарында абал начарлап, обочолонуу режими узартылган.
Кайрадан чектөөлөр
Коронавируска каршы күрөштө ийгиликтүү саналгандардын дагы бири Түштүк Корея да жабык имаратта элүүдөн ашык адам чогултуп, иш-чара өткөрүүгө кайра тыюу салды. Анткени апрелдин башынан бери күнүнө катталгандар 70ке жеткен эмес. Өткөн апта соңунан тарта вирус жуктургандар кескин көбөйдү. 19-августта 300гө чамалуу адамдан вирус табылганын өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Каң Лип билдирди.
«Алардын ичинен 140 бейтап "Сараң Жейл" чиркөөсү менен байланыштуу. Андан тышкары биз инфекция баш калаадагы жана башка аймактардагы чиркөөлөр менен жумуш орундарында таралып жатканын көрүүдөбүз».
Коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр чектөө чараларын кайрадан күчөтө баштады. Франция менен Чехия 1-сентябрдан тартып жабык коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынууну милдеттендирди.
Коронавирус бар экенин расмий жарыялай элек, бирок бийлиги чектөө чараларын көрүп, калкты беткап кийүүгө мажбурлап жаткан Түркмөнстанда футбол боюнча өлкө чемпионаты, кубоктук оюндар жана жаштар чемпионаты токтотулду. Бул тууралуу Улуттук футбол федерациясынын сайтында жарыяланып, себеби көрсөтүлгөн эмес.
19-августка карата Борбор Азиядан Казакстанда 271, Өзбекстанда 166, ал эми Кыргызстанда 179 жаңы учур катталды. Премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык абалды турукташтырууга коомчулуктан жардам сурап, той-аштарды өткөрбөй кое турууга чакырды.