Коңшу Казакстанда илимий борбор COVID-19 илдетине каршы өзү чыгарган вакцинанын клиникага чейинки баштапкы сыноолорун аяктады.
Бул тууралуу казак басылмалары Алматыдагы Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий иликтөө институтуна таянып жазышты.
19-августта аталган институт "QazCovid" деп аталган вакцина жаныбарларга жасалып, сыноодон өткөнүн жарыялады.
Борбор вакцинанын коопсуздугун, болжолдуу кесепеттерин жана аллергиялык реакцияларын ашыкча дозада сайып, текшерип көргөн.
Сыноонун экинчи баскычы октябрь айында башталат. Ага 200дөй ыктыярчы катышат.
Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкө күз жана кыш мезгилинде күтүлүп жаткан коронавирус эпидемиясынын “экинчи толкунуна” даярданып жатканын билдирген.
19-августа карата Казакстанда коронавирусту 103 миңден ашуун адам жугузган, алардын 1400дөн көбү каза болду.
Ал эми Пакистандын бийлиги Кытайда чыгарылган COVID-19 илдетине каршы вакцинаны өз жарандарына сыноодон өткөрүүгө макул болду.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо боюнча улуттук институту билдирди.
Вакцинаны Бээжин биотехнология институту менен "CanSinoBio" деп аталган кытайлык компания чыгарган.
Институт билдиргендей, Пакистанда сыноонун үчүнчү баскычы өткөрүлөт. Кокус Кытай вакцинасы ийгиликтүү болуп калса Пакистан аны арзан баада, алгачкылардын катарында алат.
Эксперименталдык вакцина Кытайда, Орусияда, Чилиде жана Аргентинада сыноодон өтүп жатат. Мексика жана Сауд Арабия дагы клиникалык сыноолорго катышууну көздөп турган кези.
Расмий маалыматтарга караганда, Пакистанда 290 миң адам коронавируска кабылган, алты миңден көп киши каза болгон.
Кыргызстанда коронавирус жузугуп алгандар жана андан каза болгондор тууралуу статистиканын төмөндөшүнө байланыштуу эрежелерди сактабай коюу туура эмес экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августтагы брифингде билдирди.
Үсөнбаев коомчулукка кайрылып, оорунун күчөп кетпеши үчүн социалдык аралыкты сактоо жана беткап тагынуу маанилүү экенин белгиледи.
«Дүйнө жүзүндөгү тажрыйба жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамалары боюнча баарыңыздарды сөзсүз түрдө социалдык аралык жана беткап тагынуу режимин аткарууга чакырам», - деди Үсөнбаев.
Расмий маалымат боюнча 20-августка карата вирустан каза болгондор катталган жок. Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары жаңы эсеп боюнча 1054 учурда түздү.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 18-августка карата маалыматта вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганын жарыялаган. Ушул эле күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн басма сөз жыйынында вирустан каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын айткан.
Пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 42 507 кишиге жукту. Анын 35 486сы айыкты.
Коронавирус жуккандардын саны азайганына байланыштуу Бишкек мэриясы бир катар чектөөлөрдү алып салды.
Троллейбус, автобус жана кичи автобустар дем алыш күндөрү да жүрө баштайт. Коомдук транспорт эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин саат 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Түшкү үч сааттык тыныгууда автоунааларга дезинфекция жасалат.
Кафе-ресторандар жана башка коомдук тамактануучу жайлар эртең менен саат 7:00дөн түнкү саат 12ге чейин ачык болот. Тамак ташып жеткирүү кызматы күнү-түнү иштей берет.
Соода борборлору, эс алуу комплекстери, дүкөндөр, супермаркеттер эртең мененки саат 7:00дөн түнкү 12ге чейин иштейт.
Сейилбактарга, парктарга, аянттарга киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди ижарага берүү кызматына уруксат берилет.
Тойканалар, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар, кинотеатрлар, интернет-клубдар, компьютердик оюн жайлары жабык койдон кала берет.
Премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен жана Жалал-Абад облусунда эпидемиологиялык кырдаал кооптуу экенин, бул аймактарда коронавирусту жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатканын айтты.
«Абалды жакшыртуу үчүн облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл», - деди Боронов.
Түштүк аймактагы коронавирус жуккандардын жалпы саны. 21-августтагы маалымат.
- Ош облусу 3985
- Ош шаары 3372
- Жалал-Абад 3966
- Баткен 2183
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 196 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-августтагы брифингде билдиргендей, Бишкекте - 35, Ош шаарында– 9, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда - 34, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 49, Баткен облусунда - 18 кишиден коронавирус табылды.
Бир күн ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча муну менен өлкөдө пандемия башталган марта айынан бери вирустун курмандыктары 1055ке жетти.
Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталгандан бери вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 42703 учурга жетти. Анын 35831 айыкканы расмий кабарланды.