Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

19:26 2.9.2020

Август айында чыгарылган статистикага ылайык, Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 баладан табылды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, алардын 117си бир жашка чейинки наристелер. 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки балдар. 6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн.

Буга чейин Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатканын билдирген.

Анын айтымында, учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди.

Азыр Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:

1. Энени жана баланы коргоонун улуттук борбору (Бишкек);

2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек);

3. Ош облус аралык балдар ооруканасы (Ош);

4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу);

5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек).

Шүкүрова Кыргызстанда бул оору канча баладан табылганын так айткан жок. Аймактык ооруканаларда да балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалганын билдирди.

Организмдин мультисистемалык сезгениши деп аталган бул ооруга чалдыккандар буга чейин Кыргызстанда каттала элек болчу. Алгач Кошмо Штаттарда жана Европада балдар кабылып жаткан белгисиз оорунун COVID-19 илдетине байланышы бар экени айтылган.

Америкалык педиатрлар бул илдеттин белгилери коркунучтуу Кавасаки оорусуна окшош экенин билдиришкен.

Бирок Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрда эксперттерден турган жумушчу топ балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурларына байланыштуу жыйынга чогулду.

11:43 3.9.2020

АКШдагы Эл аралык институту кыргызстандыктардын арасында жүргүзгөн саясий, социалдык-экономикалык жагдай боюнча сурамжылоо жүргүзгөн.

Ага ылайык, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө бийликтин саясатына канааттанарын катышкандардын 33% айтышкан. 63% адам канааттанбасын билдирген. Калгандары жооп бере албасын айткан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында катышуучулардын 46% коронавирус илдетин олуттуу кабыл аларын билдирген. 33% кайдыгер эместигин, 7% ооруга ишенбесин айткан. 14% оору катары кабыл аларын билдирген.

Сурамжылоодо "өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп жаткан маселелердин башында жумушсуздук, коррупция жана коронавирус турат" деген пикирин катышуучулардын басымдуу бөлүгү билдирген.

Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын алсыздыгы, ички чыр-чатактар, социалдык жакырчылык да өнүгүүгө жолтоо болгон себептер катары айтылган.

"Биздин өлкөнүн иши туура багытта бара жатабы?" деген суроого катышуучулардын 53% жок деп жооп беришкен. 41% "туура багытта" деп жооп беришкен. 6% билбестигин айтышкан.

Эл аралык институттун сурамжылоосу АКШнын эл аралык каржылоо агенттигинин колдоосу менен Кыргызстандын жети облусунан жана эки шаарынан жүргүзүлгөн.

11:52 3.9.2020

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда берген маалымат жыйынында, өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын жана өлкөдөгү курч жагдай тууралуу айтты.

"Пандемия уланып, күн сайын вирус жуккан учурлар көбөйүүдө. Биринчи толкундун экинчи фазасын баштан өткөрүп жатабыз. Анкара, Стамбул, Измир, Бурса шаарлары дагы деле болсо кооптуу бойдон калууда", - деди министр.

Министр Кожа пандемия башталгандан бери өлкөдө 30 миңден ашык медицина кызматкерине вирус жукканын, алардын 52си көз жумганын билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 2-августта COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 6462 кишиге жетти. Вирусту жугузуп алгандар 273 миңден ашты. Ошол эле маалда 250 миңге жакын бейтап сакайды.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы үч миңден ашуун кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан. Түркия Кыргызстан менен 7-августта аба каттамдарын ачкан.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир ж.б. ири шаарларда жашап, иштешет.

13:37 3.9.2020

Коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 оорусунан эч ким каза болгон жок. Жалпысынан илдеттен 1060 адам көз жумган.

Ал эми 3-сентябрга карата коронавирус жана пневмония 99 адамга жукканы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Жалал-Абад жана Баткен облустарында. Алардын ичинен:

  • Бишкек - 17
  • Ош – 2
  • Чүй облусу – 3
  • Ош облусу - 11
  • Талас облусу - 6
  • Нарын облусу – 4
  • Ысык-Көл облусу – 16
  • Жалал-Абад облусу – 20
  • Баткен облусу - 20 киши.

Ушуну менен жалпы пандемия башталгандан бери илдетке чалдыккандар 44135 адамга жетти.

3-сентябрга карата 279 адам оорудан сакайып, бейтапканадан чыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG