Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

18:33 3.9.2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов 3-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында дарыгерлердин консилиуму коронавирус инфекциясы менен катуу ооруп жаткандардын ар бирин карап чыгышы керек экенин билдирди.

Бороновдун айтымында, учурда республика боюнча COVID-19 менен ооругандар азайды. Бирок дагы эле илдетти оор көтөргөндөр жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар бар. Бишкек шаарында эле 18 бейтап оор абалда жатат.

«Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлердин консилиумун жеринен өткөрүп, ар бир бейтаптын оорусу канчалык деңгээлде экенин жана дарылоо ыкмасын аныктоону тапшырам. Башкача айтканда, ар бир бейтаптын башка оору менен ооруганын эске алуу менен, жекече мамиле кылуу зарыл», - деди ал.

Муну менен катар өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтуу, алардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек экенин белгиледи. Эгер экинчи толкун болсо, дарыгерлер менен медайымдар оор жумушка даяр турушу керек экенин, иштеп жүрүп коронавирус инфекциясын жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөнү тездетүү зарыл болорун айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1060 кишиге жетти.

Илдетке чалдыккандардын расмий эсеби 44135 адамды түзүп, анын 39174ү айыкты.

18:35 3.9.2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов 3-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында кафе-ресторандарда куран окутуп, мааракелерди өткөргөндөргө жазаны күчөтүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.

Боронов коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн деп божомолдонуп жатканын, эгер эл ден соолугуна көңүлкош караса, сентябрь айынын аягында жапырт оору катталышы ыктымал экенин эскертти:

«Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбаганы, кафе-ресторандарга элдин көп барышы менен байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айып төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек».

Кубатбек Боронов кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүшүн көзөмөлдөөнү, эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү тапшырды. Аймактарда бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында күнүгө маалымат берип турууну талап кылды.

Пандемиядан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Буга чейин Бишкекте эреже сактабаган бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган.

14:22 4.9.2020

Казакстанда соңку эки күндүн ичинде «коронавирустук инфекциянын белгиси бар» пневмонияга чалдыккандар кайра көбөйдү.

Акыркы бир сутка ичинде өпкөсү кагынган 481 адам жаңы катталганын, төрт бейтап көз жумганын Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 4-сентябрда билдирди. Бир күн мурда пневмонияга чалдыккандардын саны 571 кишиге жеткен болчу. 2-сентябрда өпкөсү кагынган 27 гана адам аныкталган эле.

Казак бийлиги коронавирус себеп болгон пневмонияны 1-августтан тартып каттай баштаса да COVID-19 илдетинен өзүнчө санап келет. Андан бери Казакстанда пневмонияга чалдыккандардын саны 26 803 адамга жетти. 305 киши көз жумду.

Алматы, Казакстан.
Алматы, Казакстан.

Ал эми анализинен коронавирус табылган адамдарды кошкондо бейтаптардын жалпы саны 133 миңге чукулдады. Баш-аягы Казакстанда пандемия маалында 1900дөн ашуун адам көз жумду.

Казакстан 1-сентябрдан тартып карантин чараларын жумшартып, спортзал, бассейн, театр, музей жана улуттук парктар иштешине уруксат берген.

Ал эми Түркмөнстанда COVID-19дун симптомдору байкалган бейтаптардын катары калыңдап, ооруканалар толуп калганы кабарланууда. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, баш калаа Ашхабадда соңку үч аптадан бери эпидемиологиялык абал начарлап, COVID-19га окшош оорудан кайтыш болгон адамдар көбөйдү.

Бул маалыматты атын атын атагысы келбеген дарыгерлер да ырасташкан. Алардын айтымында, дарыгерлер карантин аймактарында эки жума тынымсыз иштөөгө, жеке коргонуу каражаттарынын өз чөнтөгүнөн сатып алууга аргасыз болуп жатышат. Айрым медайымдар карантин аймактарынан бир нече айдан бери чыкпай иштеп жатышканын «Азаттыктын» түркмөн кызматына айтып беришкен.

Мындай кабарларга карабастан Гурбангулы Бердымухамедов башында турган түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет. 7-августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркмөнстанда пневмонияга чалдыккан адамдар көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирип, түркмөн бийлигин көз каранды эмес тараптарга өлкө ичинде калкты тесттен өткөрүүгө уруксат берүүгө чакырган.

14:56 4.9.2020

Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясы башталгандан бери кеминде 7 миң медицина кызматкери COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан «Amnesty International» укук коргоо уюму (AI) 3-сентябрда билдирди.

Уюмдун эсебине ылайык, коронавирустан кайтыш болгон медиктердин саны боюнча Мексика дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөдө 1300дөн ашуун медицина кызматкери коронавирустун айынан көз жумган.

Мексикадан кийинки орундарда АКШ (1077), Британия (649), Бразилия (634), Орусия (631), Индия (573), Түштүк Африка (240) жана Иран (164) турат. Уюмдун баяндамасында Кыргызстанда 70тен ашуун медицина кызматкери коронавирустан көз жумганы белгиленген.

«Amnesty International» медиктердин арасындагы өлүм-житимге жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдирди.

«Ар бир медицина кызматкери жумушта коопсуз болууга укугу бар жана ушунча көп адамдын каза болуп жатканы - чуулгандуу жагдай», - деди эл аралык уюмдун өкүлү Стив Кокбөрн.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен коронавирус инфекциясына чалдыкканы ырасталгандар 26 миллион 310 миң кишиден ашты. Алардын 868 миңден ашууну көз жумду.

Кыргызстанжа болсо жумуш учурунда коронавирус жугузуп алып каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом компенсация төлөп бериш үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөcүнө кенемте берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрдагы басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыр иш учурунда вирус жугузуп алган медкызматкерлерден келген 800 документ каралууда.

Өкмөттүн чечими менен иш учурунда оору жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган. Каза болгондорго бир миллион сомдон кенемте берилиши керек.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирустан өмүрү кыйылган медицина кызматкерлери 80ден ашты.

4-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 диагнозу аныкталган медкызматкерлер 3145ге жетти, анын ичинен 2533 медкызматкер айыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG