Коронавирус эпидемиясы жыл сайын күзүндө көп катталуучу сасык тумоо оорулары башталганда абалды оорлотушу ыктымал. Бул тууралуу 11-сентябрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.
Жороев абалдын ого бетер курчушуна жол бербеш үчүн сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү зарыл экенин айтты:
«Биз бүгүнкү күндө жаңы коронавирус оорусунан толук арыла элекпиз. Ал эми жыл сайын болуучу сасык тумоо оорусунун мезгили жакындап калды. Киши бир эле убакта эки оору менен, сасык тумоо жана коронавирус менен ооруп калуу жана илдет оор абалда өтүү коркунучу бар».
Жороев билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлиги быйыл жалпысынан 900 миңден ашык кишини эмдөөнү пландап жатат. Вакцинанын биринчи партиясы сентябрь айынын орто ченинде келет. Жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан ашкан адамдар акысыз эмделет. Вакцина ашып калса, тейлөө жана транспорт тармагында иштегендер, мугалимдер, почточулар эмделет.
Департаменттин директору мамлекет сатып ала турган вакцина бардыгына жетпей турганын, андыктан мүмкүнчүлүгү барлар жеке клиникаларга кайрылса болорун белгиледи. Ал жыл сайын күзүндө аба салкындаганда респиратордук-вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык мезгили башталарын, бул кезде өнөкөт илдети барлар, тез-тез ооруган балдар, улуу курактагылар абайлашы керек экенин кошумчалады.
Жороев билдиргендей, вакцинанын баасы азырынча белгисиз, былтыр 600 сомдун тегерегинде болгон.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет бүгүнкү күнгө карата 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду.
Коронавирус Мексикада 69 649 адамдын өлүмүнө себеп болду. 10-сентябрда 554 киши ушул оорунун айынан жашоо менен кош айтышты. Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемологу Хосе Луис Аломия билдиргендей, илдет жуккандардын саны 650 миңден көп, анын 460 миңге жакыны айыкты. Күнүгө миңдеген киши вируска кабылууда.
Мексикада коронавирустун алгачкы учуру февралда катталган.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 11-сентябрга карата дүйнөдө COVID-19 илдети менен ооругандардын саны 28 миллиондон ашты. Абал курч өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Индия жана Орусия турат.
2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан оору дүйнөнүн 188 мамлекетине тарады. Андан каза болгондордун саны 907 миңден ашты. Сакайгандар 19 миллионго чамалап калды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирус пандемиясы башталганын жарыялаганына жарым жыл болду.
Өткөн жыл этегинде Кытайда башталып, дүйнөнү каптаган коронавирустан 900 миңден көп киши ажал тапты. Вирус козгогон COVID-19 илдетине 28 миллиондон ашуун киши чалдыкты. Эң көп жапа чеккен өлкөлөр АКШ, Индия жана Бразилия болууда. Бардык чараларга карабай, ушул тапта бир катар жерлерде ооруну жуктуруп алгандардын саны өсүп жатат. Акыркы төрт күндө эле дүйнөдө вируска кабылгандар бир миллионго көбөйдү. Бир айда вирус жугузуп алгандар 8 миллионго өстү.
Францияда соңку бир күндө коронавирус 10 миңдей кишиден аныкталды. Бул эпидемия башталгандан берки өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.
Өзбекстанда жети күндөн бери көрсөткүчтөр жогорулап жатат. 10-сентябрда 512 адамдан вирус табылды. Алардын көбү Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, соңку бир суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алды. "Тез жардамга" кайрылгандардын жана абалы оор бейтаптардын саны да өсүп жатканы кабарланды.
Коронавируска байланыштуу санитардык эрежелердин сакталышы боюнча Бишкекте 1-июндан 10-сентябрга чейин 3 981 коомдук транспорт текшерилди. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анда санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга 284 протокол толтурулуп, 519 миң сом айып пул салынды.
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Патрулдук милициянын кызматкерлери рейдке чогуу чыгып жатышат. Алар коомдук транспортто санитайзерлердин бар-жогун карап, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу автобустарга, троллейбустарга жана кичи автобустарга ар бир каттам сайын салонду дезинфекциялап, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө беткап жана медициналык мээлей кийүү милдеттендирилген.
Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб илдет басаңдаганы менен абал дагы эле жакшыра элек экенин, коомдук жайларда беткап тагынбай жүрүү кооптуу болорун эскертип жатат.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду.