Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:34 12.9.2020

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын эсебине ылайык, коронавирус 17-июлда 1654, 18-июлда 1264 кишиден аныкталган. Бул пандемия башталган март айынан бери COVID-19 илдети эң көп катталган күндөр болуп калды.

Кыргызстанда COVID-19 илдети менен алгачкы үч учур 18-мартта катталган. 12-сентябрга карата вирус жугузгандар 44 828ге жетти.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы үч бейтап айыгып чыккан. Учурда айыккандардын жалпы саны 40 779 адамды түздү.

Өлкөдө коронавирустан кайтыш болгон учур алгач 2-апрелде катталса, учурда көз жумгандардын саны 1063 кишиге жетти.

11:38 14.9.2020

Кыргызстанда 14-сентябрда дагы 47 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 101 адам айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 928 кишиге жетти. Алардын 41 023ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады. 14-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 28 миллион 902 миң адамдан ашты. Алардын 922 735и көз жумуп, 19 миллион 550 миллионго жакыны сакайып кетти.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган.

20:58 14.9.2020

Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска бир күндө чалдыккандардын эң жогорку көрсөткүчүн каттады. 24 саатта вирус жугузуп алгандар 307 930 болду.

Жаңы коронавирус алгач катталган былтыркы жыл этегинен бери аны глобалдык алкакта 28 жарым миллиондон ашуун адам жугузуп алды.

ДССУнун маалыматына караганда 13-сентябрда коронавирустан дагы 5,5 миңдей киши каза тапты, жалпы сан 920 миң жарымга чамалады. 19,4 миллион киши оорудан айыкты.

Жаңы инфекциялангандардын эң көбү Индияда (94 372), АКШда (45 523) жана Бразилияда (43 718) катталды. Индиялык дарыгерлер симптомдору оор бейтаптар көбөйгөнүн, ооруканалар толуп калганын айтышат.

Жекшембиде Израил өкмөтү 18-сентябрдан тартып өлкөдө үч аптага толук карантин киргизилип жатканын билдирди. Калкы тогуз миллиондой өлкөдө акыркы апталарда күнүнө вирусту төрт миңге чейин киши жугузуп алганы аныкталып келатат. Анын үстүнө бийлик жакындап келаткан диний майрамдар учурунда инфекциялангандар көбөйүшү мүмкүн деп чочулайт.

Коронавирус кризисин жөнгө салууда кемчиликтерди кетирди деп сынга кабылган премьер-министр Беньямин Нетаньяху карантинден зыян тарткан бизнес ээлерине финансылык колдоо көрсөтүлөрүнө убада берди:

Беньямин Нетаньяху.
Беньямин Нетаньяху.

«Бул чаралардын кесепети баарыбыз үчүн оор болорун билем. Бул жолу майрам биз көнгөндөй болбойт. Алыста жашаган туугандарыбыз менен чогуу белгилей албай калабыз. Карантин ишкерликке да залакасын тийгизери калетсиз».

Ошентип, Израил өз аймагында экинчи жолу толук карантин киргизген алгачкы өлкө болуп калмакчы. Марттан майдын башына чейин да ушундай чектөөчү чаралар көрүлгөн.

Эми жабык жайларда 10дон, сыртта 20дан көп киши чогулбоого тийиш. Мектептер менен соода борборлору жабылууда, жергиликтүү тургундар, жумуш жеринен тышкары өз үйлөрүнөн 500 метр алыс кетпеши керек. Супермаркеттер жана дарыканалар ишин уланта беришет.

Европада адистер эпидемиянын экинчи толкуну башталганын айтышат. Француз бийлиги ишембиде бир күндө вирус жугузуп алгандар он миң кишиден ашканын, коронавирус диагнозу менен ооруканага, реанимацияга түшкөндөр көбөйгөнүн билдирди. Дарыгерлер калкты өтө зарыл болбосо, эки жакка каттоону токтото тууруга чакырышты. Июндан бери Францияда өзгөчө жаштар арасында инфекциялангандар көбөйгөнүн эксперттер белгилешүүдө.

Экинчи толкун Чехияда да катуу сезилүүдө. Аптанын аягында күнүнө бир жарым миңдин айланасында жаңы бейтап катталып келди. Ушундан улам кошуна өлкөлөр чара көрө башташты. Шаршембиден тартып Германияга Прагадан баргандар анализдин жыйынтыгын көргөзүүгө тийиш.

Испания Европада инфекциялангандардын саны боюнча биринчи орунда кала берүүдө. Пандемия башталгандан бери падышалыкта коронавируска 566 миңден көп киши кабылды.

11:31 15.9.2020

Кыргызстанда 15-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 80 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 999 кишиге жетти. Алардын 41 103ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады. 15-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллиондон ашты. Алардын 927 миңден көбү көз жумду, 19 миллион 776 миңдейи айыгып кетти.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG