Кыргызстандын үч аймагында коронавирус боюнча абал кооптуу болуп турат. Бул тууралуу 15-сентябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, республика боюнча көрсөткүчтү ар бир 100 миң кишиге деп санаганда Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарында жогору болууда:
“Мисалы, 7-13-сентябрда республикада көрсөткүч 7 болсо, Баткенде 19, Ысык-Көлдө жана Бишкекте 11 болду. Башка региондорго караганда булардын көрсөткүчү жогору”.
Министр аталган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталышы керектигин белгиледи.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Андан бери бул илдетке 44 999 адам чалдыкты. Алардын 41 103ү айыгып чыкты, 1 063ү каза болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков мектептерде окуу процессин жакынкы арада кадимкидей тартипте уланта баштоону туура көрөт. Бул жөнүндө 15-сентябрда мамлекет башчысынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешмесинде айтылды.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса окуучулардын мектепке барып билим алуусуна октябрь айынан тартып уруксат берүү тууралуу сунуш бар экенин айтты.
Сооронбай Жээнбеков мындай сунушту колдоп, бул процессти этап-этабы менен жүргүзүү керектигин, адегенде башталгыч класстардан баштоо туура болорун белгиледи.
Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылында мектепке биринчи класстын гана балдары барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алуусун улантууда.
Кыргызстанда 16-сентябрга карата 73 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 072 кишиге жетти. Алардын 41 210 сакайып, 1063 жашоо менен кош айтышты.
Кырдаал Баткен облусунда башка аймактарга салыштырмалуу курч болуп турат. Соңку суткада илдет жуккандардын ичинен жетөө - медицина кызматкери, баары Баткенде иштешет.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3181 учур катталды, алардын ичинен 2729 медкызматкер айыгып, 70тен ашууну көз жумду.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллиондон 570 миңден ашты. Алардын 935 миңге жакыны көз жумду, 20 миллиондон көбү айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган.
«Worldometers» статистика сайтынын маалыматына караганда дүйнөдө коронавирус жукканы аныкталгандар 16-сентябрга карата 30 миллион адамга жакындады. Анын ичинен 21,5 миллиону айыгып кетсе, 940 миңдейи көз жумган.
Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 16-сентябрда беш миллиондон ашты. 82 миңден көп адам көз жумду.
Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус кайра жайыла баштаганын эскертти. Мекеме билдиргендей, буга жарандардын санитардык эрежелерди сактабаганы жана саякаттоосу түрткү болууда. Иран - Жакынкы Чыгыштагы коронавирус эң катуу жайылган мамлекеттердин бири. Ал жакта бул илдет 23 миңдей адамдын өмүрүн алды.
Европа мамлекеттери күзүндө коронавирусту жугузгандардын жана андан өлгөндөрдүн саны көп болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат. COVID-19га чалдыккандар Испания, Франция, Грекияда көбөйүүдө.
Коңшу Казакстанда соңку бир суткада 400дөй адам пневмония менен ооруканага түшкөн.