Ташкент облусунун тургуну, 11 жаштагы бала коронавирустан 17-сентябрда каза болгон. Ал Өзбекстанда бул илдеттен көз жумгандардын эң жашы.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бейтап 5-сентябрда мурдунан кан токтобой, дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп келгенин кабарлады. Рентгенден анын өпкөсүнүн 50 пайызы жарабай калганы аныкталып, дарыгерлер ага коронавирус деген диагноз койгон. Ал ПЧР тесттен да аныкталган.
Ушуну менен Өзбекстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор 415 кишиге жетти. Анын ичинен 291 адам Ташкент шаарынан, 59 бейтап Ташкент облусунан.
Коңшу өлкөдө пандемияда Өзбекстанда 49 761 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 46 92си айыгып чыкты. Сакайгандар жалпы ооругандардын 93 пайызын түзөт.
Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып Кыргызстанда ушу тапта зарыл медикаменттердин үч айга жете турган көлөмү бар экенин билдирди.
Бул тууралуу ал 19-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.
«COVID-19дун экинчи толкуну болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбашы үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», - деди Боронов.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилгени айтылат. Боронов ошондой эле COVID-19га каршы вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүү керектигин тапшырды.
COVID-19 демократияны өлтүрөбү?
“Foreign Policy” журналы коронавирус пандемиясы авторитардык бийликтин мизин курчутуп, демократиялык жараяндарды солгундата турганын Чыгыш Африкадагы Танзаниянын мисалында жазды.
“Пандемия арышын арттырган сайын мамлекеттик башкаруу, демократиялык коомду бекемдөө иштери улам солгундап баратат. Бул жагдай кайсы бир мамлекетти алсыздандырып эле тынбай, ар бир атуулдун ден соолугу, укугуна жарака кетирүүдө.
Жакырчылык, медициналык тейлөөнүн адилетсиздиги атуулдардын үмүтүн талкалап, пандемиянын айынан бир топ чыр-чатактар чыкканы турат. Алсыз топко кирген коомчулук оорунун алдын албай, жакырчылык сазына батканын бийлик билиши керек эле.
Бийлик мындай шартта ачык башкарууга өтүп, маалымат чогултууну жайылтып, ички кыйынчылыктарды эл аралык жана ич ара чөйрөдө саясатташтырбоого тийиш. Маселен Танзанияда ансыз да оорудан кыйналган элди “бульдозер” деген ылакап ат менен белгилүү, өзүнө каршы чыккандарды дароо жок кылган президент Жон Магуфули ого бетер азапка салууда.
Ал 2016-жылдан бери оппозицияны бутага алып, тынчтык жараяндарын өткөрүүгө жана саясий көз карашты билдирүүгө толук тыюу салган. Танзанияда журналисттердин коопсуздугу коркунучка кабылып, эл аралык басма сөз өкүлдөрүнө кысым күчөдү. Магуфули бийликке келгенден бери Танзаниядагы сөз эркиндиги дүйнөлүк рейтингде 53-орунга ылдыйлаган.
Пандемия башталгандан бери Танзания парламентинин үч өкүлү бир нече күндүн ичинде себеби билинбей эле каза болушту”, - деген журнал ушул эле Чыгыш Африкадагы Кения мамлекетиндеги авторитардык бийликтин пандемиядагы ролун да талдады.
“Washington Post” гезити пандемиянын айынан аба компанияларынын иши токтоп, кризистен чыгуу үчүн алар акыркы маалда кардарларга өзгөчө тейлөө сунуштап жатканын жазды.
Сиднейдеги “Qantas” компаниясы багыты жок эле асманда жети саат учуп жүрүүгө билет сата баштады. Мындай жарыя чыгары менен кардарлар 10 мүнөт ичинде билеттин баарын сатып алышкан. Алар учакка түшүп жети саат асманда жөн эле ары-бери учуп жүрөт да, кайра учак абага көтөрүлгөн аба майданга келип конушат.
Мындай кызматты Азия аба жолдору, Тайвань, Жапония жана Сингапурдун айрым аба компаниялары да ишке ашыра баштады. Бир билеттин баасы 575 доллардан 3 787 долларга чейин жетет.