Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 20-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдет дагы 81 адамдан аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Жалал-Абад облусунда – 20 киши.
- Бишкекте – 10;
- Чүйдө – 5;
- Ош облусунда – 8;
- Таласта – 3;
- Ош шаарында – 2;
- Ысык-Көлдө – 14;
- Баткенде – 19.
Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору 45 416 адамга жукту, алардын ичинен 41 578 бейтап айыкты, 1 063 адам каза болду.
COVID-19 илдетине чалдыккан 566 бейтап ооруканада жатат, 1 762 киши үйүндө дарыланууда.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майда токтогон, 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими сакталууда. (BTo)
Кыргызстанда 21-сентябрга карата 55 адамдан коронавирус табылды. Эң көбү Баткен облусунда - 25 киши.
- Бишкек шаарында - 8;
- Ош облусунда - 7;
- Талас облусунда - 5;
- Жалал-Абад облусунда – 4;
- Чүй облусу – 2;
- Нарын облусунда - 2;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Ош шаарында - 1.
Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 104ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45471 кишиге жетти. Алардын 41 682си сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 31 миллионго жакындады. Алардын 959 миңден көбү көз жумду, 21 миллиондон ашууну айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган.
Кыргызстанда 22-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 114ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Жаңы катталган учурлар:
- Баткен облусу – 20;
- Ош облусу - 17;
- Жалал-Абад облусу – 13;
- Чүй облусу - 8;
- Ысык-Көл облусу - 5;
- Бишкек шаары - 4;
- Ош шаары - 2;
- Талас облусу - 2.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45542 кишиге жетти. Алардын 41 796сы сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 22-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 30 миллион 500 миңге жакындады. Алардын 939 миңдейи көз жумду, 21 миллионго чукул бейтап айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган.
Орусия коронавируска каршы вакцина менен камсыздоодо Кыргызстанга артыкчылык берет. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Анын айтымында, Орусия коронавирустун жаңы тибине каршы вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселесине артыкчылык бермекчи.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-сентябрда, Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Оверчук өлкөгө Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына катышууга делегацияны баштап келген.
Орусия сыноодон өткөрүп жаткан коронавируска каршы вакцинаны алып келүү боюнча эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөшүп жатканын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мурдараак «Биринчи радиодогу» маегинде айткан.
Дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышкан. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин билдирген.