Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:10 22.9.2020

Кошмо Штаттарында коронавирустан көз жумгандардын саны 199 885 адамга жетти. Ушул тушта АКШда күн сайын оорудан кеминде 800дөй бейтаптын өмүрү кыйылып жатат. Бул апрель айынын ортосундагы көрсөткүчкө салыштырмалуу кыйла аз. Ал маалда оорудан көз жумгандардын саны 2800 адамдан ашып жаткан.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавируска 31 миллиондон ашык адам кабылып, 963 миңден көп бейтап көз жумду.

Азыр Европада Испания, Франция жана Британия оору очогуна айланды. Британ премьер-министри Борис Жонсон 22-сентябрда илдетти ооздуктоо үчүн айрым катаал чаралар кайра киргизилерин жарыяламакчы.

Индонезия.
Индонезия.

Италия Франциянын Париж баштаган айрым шаарларын, аймактарын кара тизмеге киргизди. Эми ал жактан келгендерден коронавирус жукпаганы тууралуу маалымдама талап кыла баштайт.

Францияда соңку бир күндө 13 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды жана бул кезектеги эң чоң көрсөткүч болуп калды. Испаниянын Мадрид шаарынын бийлиги жакыр райондордо карантин чараларын сакталышын көзөмөлдөө үчүн армиядан жардам сурады. Бул мамлекетте ооругандардын жалпы саны 971 миңден ашты.

Түркияда коронавируска чалдыккандардын кескин көбөйүшү дарыгерлер менен бийлик ортосунда чыңалууну күчөттү. Дарыгерлер расмий маалыматтарда илдетке кабылгандардын саны азайытылып көрсөтүлүп жатканына нааразы.

Түркияда ушул тапта күнүнө 1600дөй адамдан коронавирус аныкталууда. Бир суткада өлгөндөрдүн саны 60тын тегерегинде. Бул жума ичи медкызматкерлер коронавирустан каза болгон кесиптештерин элесин эскерүү ирээтинде кара тасмаларды тагынып жүрүшөт.

Алар социалдык тармактарда бийликке каршы акция жүргүзүп, «Силердин колуңардан келбейт экен, биз чарчадык» деп жазып жатышат.

Медкызматкерлердин бул өнөктүгү парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген партиялардын сынына кабылды. Улуттук кыймыл партиясынын депутаттарынын бири медиктер ассоцияциясын жабыш керек деп жазып чыкты. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа коронавируска кабылгандардын реалдуу саны көрсөтүлүп жатканын айтып, медкызматкерлерди да түшүнүп жатканын билдирди.

83 миллиондой калкы бар Түркияда COVID-19 7400 адамдын өмүрүн алды.

11:05 23.9.2020

Кыргызстанда 23-сентябрга карата 88 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 108и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жаңы катталган учурлар:

  • Баткен облусу – 29;
  • Ош облусу - 24;
  • Бишкек шаары - 9;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Чүй облусу - 8;
  • Ысык-Көл облусу - 5;
  • Ош шаары - 1;
  • Талас облусу - 3.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 630 ​кишиге жетти. Алардын 41 904ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтап болгондордун 3 208 медицина кызматкерлери. Алардын 2 874ү сакайды. Жетимиштен ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 23-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 31 миллион 500дөн ашты. Алардын 969 миңдейи көз жумду, 21 миллион 600 миңдей бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 6 895 685;

Индия - 5 562 663;

Бразилия - 4 558 040;

Орусия - 1 111 157.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган.

11:16 24.9.2020

Кыргызстанда 24-сентябрга карата 127 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 101 айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жаңы катталган учурлар:

Ош облусунда - 38;

Баткен облусунда - 29;

Жалал-Абад облусунда - 20;

Бишкек шаарында - 19;

Ош шаарында - 8;

Чүй облусунда - 4;

Ысык-Көл облусунда - 4;

Талас облусунда - 3;

Нарын облусунда - 2.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45757 ​кишиге жетти. Алардын 42 005и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтап болгондордун 3214 медицина кызматкерлери. Алардын 2896сы сакайды. Жетимиштен ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 24-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 32 миллионго жакындап баратат. Алардын 975 миңден ашууну көз жумду, 22 миллиондой бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 6 933 248;

Индия - 5 646 010;

Бразилия - 4 591 364;

Орусия - 1 117 487.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган.

11:41 24.9.2020

Коронавируска каршы Республикалык ыкчам штаб эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу талабын сактоо жана көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. 24-сентябрда ушундай тапшырма жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү мамлекеттик органдарга берилгени расмий кабарланды.

Соңку күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында коронавируска чалдыккандар жана өпкөсү кагынгандар көбөйүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин кайра жайыла баштаганына адамдар беткап кийбей, санитардык нормаларга көңүлкош экени себеп болуп жатканын билдирди.

Штабды жетектеген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков той өткөрүү, эл чогулган иш-чараларды уюштурууда кенебестик мамиле улана берсе, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл аларын эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG