Ташкент шаарынын Үчтепе районунда коронавирустун белгилери байкалган бейтаптарды кабыл алуу жана бөлүштүрүү борбору ачылды.
Шаар бийлиги 23-сентябрдын кечинде жарыялаган видеороликте Үчтепенин акиминин орун басары Бобур Мирзаев борбор “берешен ишкерлер жана демөөрчүлөрдүн” жардамы менен ачылганын айтты.
Миң кишиге ылайыкташтырылган медициналык жай алгачкы иш күнүндө элүүдөн ашуун бейтапты кабыл алды.
“Ушул тапта борбордо 72 киши иштеп жатат, алардын ичинен 60 кызматкер - дарыгерлер жана медайымдар, калганы - ыктыярчылар”, - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Ташкентте "Узэкспоборбордо" 1000, “Жаштык” спорткомплексинде 520 жана Гимнастика сарайында 750 орундуу борборлор ачылган.
24-сентябрдагы маалыматка караганда Өзбекстанда коронавирус жуктурганы аныкталгандар 54 миңге жакындады. Алардын 445и көз жумган.
Парламенттик шайлоого аттанган партиялар коронавируска каршы санитардык эрежелерди сактабай жатат.
23-сентябрда өкмөт башчы Кубатбек Боронов мындай кенебес аракетти сындаган кезде бир канча партия элди чогултуп, шайлоого үгүттөгөн сүрөттөрдү, видеолорду жарыялады. Арасында «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Республика» өңдүү партиялар бар.
"Арай көз чарай": Коронавирус коопсуздугу унутта калдыбы?
Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу Израил 25-сентябрдан тартып эки жума «толук карантинге» өтө турган болду.
Бир жума мурда эле бул өлкө дүйнөдө алгачкылардан болуп кайрадан карантин киргизип, мектептер, бала бакчалар, мейманканалар, соода борборлору, эс алуу жайлары жана пляждар жабылган. Шаршембиге карата бул өлкөдө коронавирус жукканы аныкталган күндүк көрсөткүч жети миңге жеткен.
Ал эми Франция 23-сентябрда жаңы масштабдуу чектөө чараларын жарыялады. 26-сентябрдан тартып өлкө түштүгүндөгү Марсел жана Экс-ан-Прованс шаарларындагы бардык ресторандар менен барлар жабылат. Париж, Лион баштаган он чакты ири шаарда коомдук тамактануу жайларынын иш убактысы чектелет. Спорт залдары да жабык болмокчу. Акыркы аптада Францияда күнүнө 10 миң жаңы учур катталып, жаздагы көрсөткүчтөн ашып кетти.
Британия менен Чехияда саат 22.00дөн кийин ресторандар, барлар жабылып, беткап кийүүгө милдеттүү жайлар көбөйтүлдү.
Акыркы күндөрү жаңы учурлар 10 миңден аз болбой жаткандыктан Испаниянын Мадрид аймагында ички район аралык каттам чектелди.
Кошмо Штаттардын башкы инфекционисти Энтони Фаучи коопсуз жана натыйжалуу вакцина жыл аягына чейин же эмки жылдын башында иштелип чыгарына ишеним бар экенин 23-сентябрда Конгресске билдирди.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо анын өлкөсү коронавирустун жаңы толкунуна туш болгонун, бул ирет абал жаздагыга караганда оорураак болорун билдирди.
Ал 13-мартта өлкөдө обочолонуу режими алгач жарыяланганда болгону 47 адамга коронавирус жукканы аныкталганын, ал эми өткөн шейшембиде бир күндүк көрсөткүч миң кишиден ашканын салыштырды.
«Биз бүгүнкү же кечээги, жада калса эртеңки сандык көрсөткүчтөрдү өзгөртө албайбыз. Алар эки жума мурда биз жасаган же жасабай койгон аракеттерден көз каранды. Бирок биз октябрда же кышта түзүлчү кырдаалды өзгөртө алабыз», - деди Трюдо 23-сентябрдагы видеокайрылуусунда.
Ал ошондой эле 12-октябрдагы «Ыраазычылык күнүн» канадалыктар жапырт чогулуп белгилей албай калышы ыктымал экенин да кошумчалады. Ошол эле учурда өкмөт жарандарды жана экономиканы колдоо үчүн талап кылынгандын баарын жасай турганын айтты.