Кыргызстанда 25-сентябрга карата 175 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку эки-үч жумадагы эң жогорку көрсөткүч.
Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 142и айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Жаңы катталган учурлар:
Ош облусунда - 50;
Баткен облусунда - 41;
Жалал-Абад облусунда - 22;
Ош шаарында - 22;
Бишкек шаарында - 18;
Ысык-Көл облусунда - 7;
Талас облусунда - 7;
Чүй облусунда - 5;
Нарын облусунда - 3.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 932 кишиге жетти. Алардын 42 147и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.
Бейтаптардын 3227и медицина кызматкерлери. Алардын 2918и сакайды. 70тен ашууну көз жумду.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 25-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 32 миллиондон ашты. Алардын 982 миңдейи көз жумду, 22 миллиондон ашуун бейтап айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер:
АКШ - 6 977 521;
Индия - 5 732 518;
Бразилия - 4 657 702;
Орусия - 1 123 976.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган.
Бишкектин мэриясы баш калаадагы эки чоң гипермаркетти коронавируска байланышкан санитардык эрежелерди сактаган эмес деген негизде айыпка жыкты.
Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда Биринчи май районунун акимчилиги милиция жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен бирге «Глобус» жана «Фрунзе» дүкөндөрүн текшерип чыкканын билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүдө дүкөндөрдүн кире беришинде чыпка, дезинфекциялык килемчелер коюлбаганы, кардарлардын дене табы текшерилбей, колдоруна антисептик чачылбай жатканы, соода борборлорунун ичинде кардарлар беткапсыз жүргөнү аныкталды.
«Глобус» жана «Фрунзе» маркеттеринин жетекчилигине Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул салынды. Анын көлөмү канча экенин мэрия тактаган жок.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүн чечимине ылайык, базарларда, дүкөндөрдө, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда санитардык эрежелер сакталып, ар бир киши сөзсүз беткап тагынып жүрүшү керек.
Москвада бир суткада коронавирус жукканы аныкталгандар июндан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетип, акыркы суткада миңден ашты. Бир апта ичинде ооруканага түшкөндөрдүн саны 30% көбөйдү.
Мындан улам калаа жетекчилиги 28-сентябрдан тарта карантин чараларын киргизе турганын жарыялады. Мэр Сергей Собянин 65 жаштан ашкандарды жана өнөкөт оорусу барларды олуттуу себеп болбосо үйдөн чыкпоого чакырды. Мэрия ошондой эле баш калаадагы беш миңдей ишкананын жетекчилигинен кызматкерлеринин көбүн болушунча аралыктан иштөөгө жиберүүнү суранды.
Орусияда коронавируска жуктурганы аныкталгандар 1 млн. 136 миңден ашты, 20 миңден көп адам көз жумду.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 32 миллиондон ашты. 980 миңден көп адам өлдү.
Британияда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 6634 адамдан аныкталды. Бул пандемия башынан берки эң жогорку көрсөткүч. Илдетке чалдыккандардын саны Франция, Испания, Чехияда дагы кескин өсүп баратат.
24-сентябрда Швециянын премьер-министри Стефан Левен өлкөнүн ар кайсы аймагында коронавирус жугузгандардын көбөйүп жатышы тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди.
Швеция жапырт иммунитетти табигый жол менен пайда кылууну көздөп, коронавируска каршы катаал чараларды кабыл алган эмес.
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 158 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 26-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Анда айтылгандай, жаңы катталган учурлардын 43ү Баткен облусунда, 34ү Жалал-Абад облусунда, 22си Бишкек шаарында, жана дагы 22си Ош облусунда. Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 11, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 3 жана Талас облусунда 2.
26-августка карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 155 адамды түздү.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 46090 кишиге жукту. Анын 42 302 айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.
Учурда 658 бейтап стационарда, 1919у үй шартында дарыланууда.