Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны арбыганын ырастады.
25-сентябрда министрликтин басма сөз катчысы Эмомали Мирзоев ооругандардын саны «аз-маз» өскөнүн айтып, мурда күнүнө 32 адам катталып жатса, азыр күнүнө 42 адам илдетке кабылып жатканын билдирди.
Расмий статистикага ылайык, коронавируска кабылгандар акыркы аптада Тажикстанда 10% өскөн.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, апрелдин аягынан тарта 25-сентябрга чейин 9562 адам коронавируска кабылып, анын 8300ү айыгып чыккан. 74 киши каза болду.
Бир топ эксперттер расмий статистика өлкөдөгү оору жуктургандардын реалдуу масштабын жана өлүмдүн санын көрсөтпөй деп эсептешет.
Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды. Бул тууралуу 26-сентябрда өкмөттүн аппараты кабарлады.
Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында беткап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат.
Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргызстандын жарандарында эгер алдын ала алынган полимердик чынжырлуу реакция (ПЧР)-тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест/ПЧР-анализ алынат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат.
Өлкө аймагына учак аркылуу келген Кыргызстандын жарандары алгоритмде каралган бардык талаптарды сактоого тийиш жана илдеттин белгилери бар адамдардан ПЧР/экспресс-тест алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканча обсервацияда болот. Клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл.
Чет өлкөлөрдүн жарандарына 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргызстандын аймагына киришине уруксат берилет.
Мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин, чек арадан автотранспорт менен өткөндөр үчүн 2020-жылдын 26-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бекитилген алгоритмди так аткаруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 161 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 27-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
Жаңы учурлардын көбү Баткен облусуна туура келет, аймакта 45 факт аныкталды. Андан кийин Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 29, Жалал-Абад облусунда - 23 жана Ош шаарында - 13. Дагы тогуз учур Чүй облусунда, алты учур Ысык-Көл облусунда, эки учур Нарын облусунда жана бир учур Талас облусунда катталды.
27-сентябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 151 адамды түздү.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 46 251 кишиге жукту. Анын 42 353 айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.
Учурда 693 бейтап стационарда, 1590у үй шартында дарыланууда.
Кыргызстанда сентябрь айына карата статистика боюнча 14 жашка чейинки 1254 баладан коронавирус табылды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 28-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, вирус аныкталган балдардын 123ү бир жашка чейинкилер. «Бир жаштан алты жашка чейинки балдар 434тү, 6-14 жаштагылар 697ни түздү. Былтыр пневмонияга 1568 бала чалдыккан болсо, быйыл бул көрсөткүч аз».
Ибраева мультисистемалык оору же Кавасаки синдромуна кабылган балдарды аныктоо үчүн протокол иштелип чыгып, рецензиялоо этабында экенин кошумчалады. Кавасакиге байланыштуу статистика боюнча жумушчу топ иштеп жатат.
Кыргызстан боюнча балдарды дарылоо үчүн беш балдар стационары даярдалды. Аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө да орундар даярдалганы кабарланды.
Сентябрдын башында Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова COVID-19 илдети менен байланышкан мультисистемалык оору же Кавасаки синдрому балдар арасында кездешип жатканын билдирген.
Кийинчерээк министрлик Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.