Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир киши каза болду.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 1-октябрдагы маалыматына караганда, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары расмий эсеп боюнча 1065ке жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан.
Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун эсеби кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Акыркы күндөрдө вирус жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү байкалууда. Соңку бир күндө илдет 172 кишиден табылып, пандемия башталгандан бери вирус жугузгандар 46871 кишини түздү.
Кыргызстанда коронавируска каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлерине жана башка жарандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Өлкө президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда дарыгерлер, куткаруучулар, укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер менен жолугуп, жалпысынан 123 адамга сыйлыктарды тапшырды.
Президент аларга ыраазычылык билдирип, илдетке каршы күрөшкөндөрдүн каарман эмгегине жана таза ниетине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи. Ооруга чалдыккандардын баарынын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонуна өкүнүүсүн билдирди. Оору коркунучу дагы эле бар экенин, коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аткарыла турган иш, чече турган маселе көп экенин айтты.
Ошону менен катар Жээнбеков эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосун белгилеп, Орусиянын жана Кытайдын медициналык адистери жардамга келгенин кошумчалады.
Жалпысынан 131 адамга медаль, орден жана Ардак грамоталарын ыйгаруу тууралуу жарлыктарга быйыл август айында кол коюлган болчу.
Кыргызстанда март айынан бери коронавирус 46 841 адамга жукту, алардын миңден ашууну каза болду. Ооруга 3 266 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 80ден ашуунун сактап калууга мүмкүн болгон жок.
Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154 айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты.
Жаңы катталгандар:
- Баткен облусунда - 63;
- Чүй облусунда 41;
- Жалал-Абад облусунда - 40;
- Чүй облусунда - 23;
- Ош шаарында - 19;
- Бишкек шаарында - 17;
- Ысык-Көл облусунда - 10;
- Талас облусунда - 1;
- Нарын облусунда - 1.
2-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 28и - медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3294 адис вирус жуктурду. Алардын 3029у сакайды. Сексенден ашууну көз жумду.
АКШ президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Трамп «Твиттерге» жазды.
Президенттин жеке дарыгери Шон Конли: «Президенттин жана биринчи айымдын абалы жакшы, алар айыгып кеткенче Ак үйдөгү өз бөлмөлөрүндө болушат», - деди.
Мурдараак Дональд Трамптын жакын жардамчысы Хоуп Хикс андан коронавирус аныкталганын, мындан улам Трамп өзүн карантинге алганын билдирген.
Президенттин кеңешчиси жана улук жардамчысы Хоуп Хикс 29-30-сентябрда Трамп менен бир самолетто сапарларда чогуу болгон. Ал вируска чалдыкканы 1-октябрда аныкталган.
Дональд Трамп илдетке чалдыкканы ноябрга белгиленген президенттикке шайлоого бир айга калганда, өнөктүк кызуу жүрүп жаткан учурга туш келди. 30-сентябрда Трамп менен Демократиялык партиядан талапкер Жо Байдендин алгач телетаймашы өткөн эле. Бул дебаттан соң Байден коронавирусту аныктоочу тест тапшырганбы-жокпу, азырынча ачык айтыла элек. АКШ президентинин вирус табылган жардамчысы Хикс дал ушул иш-чарага Трампты Огайого коштоп барган.
Дональд Трамптын вирус жугузуп алып карантинге кетиши анын шайлоо өнөктүгүнө таасирин тийгизет. Ал алдыдагы убакта бир нече жолугушууларга, иш-чараларга катыша албай калат.
Дональд Трамптын атаандаштары коронавируска жетишинче олуттуу мамиле кылбай жатат деп сындап келишкен. Ал вирус тарай баштаган алгачкы убакта беткап тагынуудан баш тарткан болчу. Кийинчерээк коомдук иш-чараларда беткап тагынууга өткөн.
АКШ - COVID-19 вирусу эң көп тараган мамлекет. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, бул өлкөдө 2-октябрга карата жети миллион 278 миңден ашуун киши илдетке кабылып, 208 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты.
Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
Дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 34 миллион 200дөн ашты. Алардын бир миллион 21 миңден көбү көз жумду, 24 миллионго жакыны бейтап айыкты.