Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун бири Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада, экинчиси Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланып жаткан.
Бир күндө вирус дагы 384 кишиден жаңы табылды. Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу расмий аныкталган март айынан бери оору жугузуп алгандардын саны 52 910 кишини түздү. Анын 46139у айыкты.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-октябрдагы брифингде билдирди.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2690 бейтап стационарда, 2481и үй шартында дарыланууда.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 42
- Ош - 67
- Чүй облусу – 27
- Ош облусу - 52
- Талас облусу - 6
- Ысык-Көл облусу – 15
- Жалал-Абад облусу – 57
- Баткен облусу - 118
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 384
Жалпы: 52910
Кыргызстанда акыркы кезде коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп, абал оорлошуп баратканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-октябрдагы брифингде билдирди. Ал санитардык эрежелердин сакталбай жатканына байланыштуу вирус жайылып жатканын белгилеп, беткап тагынууга, башкалардын, айрыкча жашы 60тан өтүп калган жарандардын өмүрүн тобокелге салбоого элди чакырды:
«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбаганы деп эсептешет. Ооруган адам да, дени сак адам да беткап режимин, социалдык аралыкты сакташы керек жана башка санитардык талаптарды аткарышы зарыл. Жарандар беткапты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүшү керек».
Нурболот Үсөнбаев ошол эле кезде азыр Кыргызстандын ооруканаларында бейтаптарды кабыл алыш үчүн орундар жетиштүү экенин кошумчалады.
Орусияда бир суткада коронавирустан 317 адам каза болду. Бул өлкөнүн коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабынын маалыматы боюнча, бул эпидемия башталгандан бери эң чоң көрсөткүч болуп калды. Орусияда каза болгондордун саны 25 миңге жетти.
Бул статистикага СOVID-19 вирусу өлүмдүн башкы себеби катары аныкталгандар гана киргизилди. Ал эми вирус жугузуп, бирок башка илдеттерден улам каза болгондорду эсептегенде бул сан бир топ жогору болушу мүмкүн.
Соңку суткада аннексияланган Крымды кошкондо Орусияда 15 700 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен эң көп вирус жугузган 4389 адам аныкталган борбор калаа Москвада катталды.
Соңку аптада Европада, анын ичинде Испанияда, Италияда, Францияда, Чехияда жана Орусияда да коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Бул өлкөлөрдүн көбүндө бир күн ичинде илдетке чалдыккандардын саны апрель айындагы көрсөткүчтөн кыйла жогору.
Ушундан улам Европанын бир топ бөлүгүндө коомчулуктун каршылыгына карабай коменданттык саат, милдеттүү беткап жана карантин сыяктуу жаңы чектөөлөр киргизиле баштады.
Чехиянын өкмөтү бейтаптардын саны рекорддук чекке жетип жатканын билдирип, жакынкы күндөрү кошумча чаралар киргизилерин эскертти. Буга чейин Франция тогуз шаарда бир айлык коменданттык саат киргизген.
Соңку апталарда Кошмо Штаттарда COVID-19га чалдыккандар кайра көбөйдү. Октябрь айынын башында бир күндө вирус аныкталган адамдардын саны 42 миңдин тегерегинде болсо, азыр 58 миңге жетип жатат. Бул июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Апта башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейсус планетанын түндүк жарым шаарында суук түшө баштагандыктан, вирус күчөй турганын эскерткен. Дүйнөдө пандемия башталгандан бери 40,5 миллиондон ашуун адам вирусту жугузуп алды. Алардын ичинен бир миллион 100 миңден ашууну көз жумду.