Чехиянын өкмөтү коронавирус менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу карантиндик чектөөлөрдү күчөттү. Премьер-министр Андрей Бабиш 21-октябрдагы басма сөз жыйынында билдиргендей, айрым соода борборлору жабылат, адамдардын ары-бери чыгуусуна чектөө киргизилет.
“Биз элдин өмүрүн сактап калышыбыз керек”, - деди Бабиш.
22-октябрдан тартып киргизилген чектөөлөр кеминде 3-ноябрга чейин созулат.
Бул чара 20-октябрь күнү Чехияда бир суткада 11 984 адам коронавируска кабылганы тууралуу маалымат чыккандан кийин кабыл алынууда. Бул пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч. Акыркы жумада оорудан көз жумгандар көбөйгөнү, бейтапканаларда орундар COVID-19 вирусу менен ооругандарды дарылоо максатында бошотулуп жатканы кабарланды.
Саламаттык сактоо министри Роман Примула коронавируска чалдыккандардын жаңы рекорддук көрсөткүчү 11-ноябрда болору болжолдонуп жатканын айтты.
Апта аягында Чехиянын борбору Прагада карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы өтүп, аягында полиция менен демонстранттар кагылышкан. Футбол жана хоккей фанаттары оюндарды ачык өткөрүүнү талап кылып чыгышкан.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусу жана пневмониядан төрт бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Баткенде, бири Ошто.
Акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 282си айыкты.
Оору жаңы такталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 123;
- Баткен облусунда – 90;
- Ош облусунда - 85;
- Жалал-Абад облусунда - 79;
- Чүй облусунда - 76;
- Ош шаарында – 52;
- Ысык-Көл облусу – 23;
- Талас облусу - 15;
- Нарын облусу - 4.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түздү. Анын 1122си жашоо менен кош айтышып, 46 726сы сакайды.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2919 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.
Пневмонияны козгогон коронавирус күчөгөн соңку үч аптада (28-сентябрь 22-октябрь) Кыргызстанда 58 адам жашоо менен кош айтышты.
Өлкөдө коронавирус жай айларында күчөп, өлгөндөрдүн саны миңден ашкан. Августтун ортосунда оору жуккандардын саны суюлуп, сентябрь айында үч апта расмий эсепте киши өлүмү болгон эмес.
Октябрдан тарта вирус жугузгандар кайра көбөйүп, күнүнө үч-беш бейтаптын жаны үзүлгөн учурлар расмий катталууда.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын төртөө жашоо менен кош айтышып, 282си айыкты.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түзүп, 46 726сы сакайды. Көз жумгандар 1122ге жетти.
- автор Лазат Жаныбек кызы
АКШда 38 штатта коронавирус жугузгандардын саны кескин өсүүдө, ал эми Европада улам бир өлкө вирустун күч алышынан улам жаңы чектөөлөрдү киргизип жатат.
Октябрдын башында Кошмо Штаттарда бир күндө вирус 42 миңдей адамда аныкталган болсо, азыр күнүнө 63 миңге жетүүдө.
Бул июлдан берки эң жогорку көрсөткүч. Жалпы ооругандардын саны 8,5 миллионго чамалады.
Бир күндө орто эсеп менен 750дөй адам коронавирустан каза таап, пандемияда илдеттен көз жумгандардын саны 220 миңден ашты.
Оорулардын алдын ала көзөмөлдөө борборунун (CDC) башчы орун басары Жей Батлер «АКШда кооптуу тенденция түзүлгөнүн» айтты.
«Тилекке каршы, биз бул жакта, АКШда кооптуу тенденция түзүлүп калганын көрүп жатабыз. Жакын адамдар, үй-бүлө мүчөлөрү, достор, кошуналар бири-бирине вирусту жугузган учурлар көбөйгөнү байкалды. Сууктун түшүшү менен адамдар жабык мекемелерде көбүрөөк топтошуп калышты», - деди Жей Батлер.
Ал саламаттык сактоо министри Алекс Азар жыл соңуна чейин аялуу топтогу америкалыктарга «коопсуз жана натыйжалуу вакцина даяр болуп калат» деп үмүт артты.
Апта башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейсус планетанын түндүк жарым шаарында суук түшө баштагандыктан, вирус күчөй турганын эскерткен.
Соңку апталарда Европада, анын ичинде Испания, Италия, Франция, Чехия жана Орусияда да коронавирус жугузуп алгандар көбөйүүдө. Бул өлкөлөрдүн көбүндө бир күн ичинде илдетке чалдыккандардын саны апрелдеги көрсөткүчтөн кыйла жогору.
Шаршембиде Европа өлкөлөрүнүн ичине Испанияда коронавирусту жугузгандар бир миллиондук чектен ашты. Польшада күнүнө 10 миңдей, Британияда 26 миңдей, Нидерландыда 9 миңдей, Чехияда 11 миңден ашуун адамда илдет жаңыдан аныкталып жатат.
Ушундан улам Европанын бир топ бөлүгүндө коомчулуктун каршылыгына карабай коменданттык саат, милдеттүү беткап жана карантин сыяктуу жаңы чектөөлөр киргизиле баштады.
Чехиянын өкмөтү коронавирус менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу соода борборлорун, ресторан-барларды жаап, адамдардын ары-бери чыгышына чектөө киргизди. Бул чектөөлөр кеминде 3-ноябрга чейин созулат.
Буга чейин Франция тогуз шаарда бир айлык коменданттык саат киргизген.
Ал эми Орусияда 22-октябрга карата бир күндө 16 миңдей адамда коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен эң көп вирус жугузган 4413 адам баш калаа Москвада катталды.
Өткөн күнү илдеттен бир суткада 317 адам каза болуп, бул эпидемия башталгандан бери эң чоң көрсөткүч болуп калды. Орусияда илдетте чалдыккандар 1,5 миллионго чамалап, каза болгондордун саны 25 миңден ашты.
Бул статистикага СOVID-19 вирусу өлүмдүн башкы себеби катары аныкталгандар гана киргизилет. Ал эми вирус жугузуп, бирок башка илдеттерден улам каза болгондорду эсептегенде көрсөткүч мындан кыйла көп болушу мүмкүн.
Шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус жугузгандар менен илдеттен каза болгондордун саны көбөйгөнүн өлкөдө вирусту аныктоо ыкмасы жакшырганы менен түшүндүрүп, карантин киргизилбестигин баса белгиледи.
«Катаал чаралар жөнүндө сөз жок. Андай чараларды киргизүүнү пландаган жокпуз. Өкмөттүн планында жок», - деген Путин калкты COVID-19 тесттеринен өткөрүп, коопсуздук чараларынын сакталышын талап кылып, вакцинацияга камданууну буйруду.
Кыргызстанда соңку үч аптада (28-сентябрь, 22-октябрь) пневмонияны козгогон коронавирустан 58 адам жашоо менен кош айтышты.
22-октябрга карата 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын төртөө көз жуумп, 282си айыкты.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түзүп, 46 726сы сакайды. Көз жумгандар 1122ге жетти.
Дүйнөдө пандемия башталгандан бери 40,5 миллиондон ашуун адам вирусту жугузуп алды. Алардын ичинен 1 миллион 100 миңден ашууну көз жумду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча коронавируска каршы 198 вакцина иштелип жатат, алардын 44ү клиникалык сыноодон өтүүдө.