Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусу жана пневмониядан төрт бейтап каза болду.
Алар Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында катталды.
Акыркы суткада 582 адамдан вирус жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 324ү айыкты.
Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:
- Ош облусунда - 127;
- Баткен облусунда – 113;
- Жалал-Абад облусунда - 86;
- Чүй облусунда - 81;
- Бишкек шаарында - 63;
- Ош шаарында – 59;
- Ысык-Көл облусунда – 29;
- Талас облусунда - 17;
- Нарын облусунда - 7 киши.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54588 адамды түздү. Анын 1126сы жашоо менен кош айтышып, 47 050 бейтап сакайды.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3139 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.
2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөңдөй, 23-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 41 миллион 641 миңден ашты. Алардын 1 миллион 136 миңден көбү жашоо менен кош айтышты. 28 миллион 272 миңдей бейтап айыкты.
АКШда оорулуулар 8 миллиондон, Индияда 7 миллиондон, Бразилия 5 миллиондон ашты. Орусия, Аргентина, Испания, Францияда миллиондон көп.
Кыргызстанда октябрь айында коронавирус жуккандар үч эсе көбөйдү. 1-октябрда 172 адамдан илдет аныкталган, 10-октябрда 307 кишиден, 23-октябрда 582 кишиден вирус чыкты.
Пневмонияны козгогон коронавирус күчөгөн соңку үч аптада (28-сентябрь - 23-октябрь) Кыргызстанда 64 адам жашоо менен кош айтышты.
Коронавируска каршы республикалык штаб өлкөдө бул дартка кабылгандар марттан бери 54 588 кишиге жеткенин, алардын 47050сү айыкканын, 1126 бейтап көз жумганын кабарлады.
Сүрөттө: Кыргызстанда коронавирус жуккандардын аймактардагы саны боюнча 23-октябрга карата расмий көрсөткүч. Эсеп илдетке каршы республикалык штабга таандык.
Европада бир күн ичинде коронавирус жугузуп алганы ырасталган адамдардын саны 22-октябрда биринчи жолу 200 миңден ашты. Бул тууралуу "Reuters" маалымат агенттиги жаңы талдоосунда билдирди. Ал талдоодо чөлкөмдө коронавирустун экинчи толкуну жүрүп жатканы, акыркы 10 күн ичинде жаңы бейтаптар эки эседен ашык көбөйгөнү белгиленген.
Европанын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, континентте вирус жугузуп алгандар 5,3 миллиондон, COVID-19дан көз жумгандар 205 миң кишиден ашты.
Чехияда кайра карантин чаралары күчөтүлүп, соода түйүндөрүнүн көбү жабылды. Чех өкмөтү НАТОдон жана Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн 300 аскердик дарыгерди жардамга чакырды.
Белгия коронавирус күчөгөнүнө байланыштуу өтө зарыл эмес дарылоо курстарын токтотууда. Польшанын бийлиги баш калаа Варшавадагы улуттук стадионду 500 бейтапты дарылай турган убактылуу бейтапканага айландырууну чечти. Францияда COVID-19 жугузуп алгандар ооруканалардагы жалпы бейтаптардын 44% түзүүдө.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандар 41 миллион 713 миңден ашты. Пандемиянын курмандыктарынын жалпы саны бир миллион 137 миң кишиге жетти.
- автор Айнура Жекше кызы
Чехияга АКШ дарыгерлери жардамга келет
Европада коронавирустун экинчи толкуну күч алууда. Акыркы 10 күндө вирусту жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү. "Рейтер" агенттигинин маалыматына ылайык, 22-октябрда эски континентте биринчи жолу бир күндө 200 миңден ашуун киши инфекция жугузуп алганы катталды.
Европанын Илдеттердин алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору бейшембиде жарыялаган статистикага караганда аймакта COVID-19га 5,3 миллион киши чалдыкты, каза болгондор 205 миңге жакындады.
Көпчүлүк өкмөттөр кайрадан беткап тагынып жүрүү эрежесин, бир топ жерлерде коменданттык саат киргизишти.
Ооруканалар жарым жыл мурдагы кризис учурундагыдай толуп калбаганы менен медициналык мекемелерге күч келе баштады. Адистер ооруканаларга түшкөндөрдүн көбөйүшүн абал курчуп, илдеттен көз жумгандар да көбөйөт деген коңгуроо катары кабыл алуу керектигин белгилешет.
Ошол эле маалда коронавируска каршы чара көрүү, ооруну дарылоо ыкмалары биринчи толкун келген маалдагыдан жакшырды.
Европанын эң көп жабыр тарткан өлкөсү - Чех жумурияты кайрадан жарым-жартылай карантин киргизди. Өкмөт НАТО жана Еврошаркеттен 300дөй медкызматкерди кабыл алуу планын колдоду. Түндүк альянс 60 ИВЛ аппаратын жөнөтүүнү караштырууда.
Чехияда шаршемби жана бейшемби күндөрү вирусту жугузуп алгандардын саны 15 миңдин айланасында болду.
Ал арада Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш карантин чараларын бузганы айтылган саламаттык сактоо министри Роман Примулага талап койду. Ал министр өз эрки менен кызматтан кетиши керек экенин, болбосо иштен алынарын эскертти.
«Биздин медициналык кызматкерлер жарандарыбыздын өмүрүн сакташ үчүн жан үрөп жатканда мындай нерсе кечиримсиз», - деди Бабиш.
Мунун алдында Роман Примула карантинге карабай Прагадагы ресторанга барганы тартылган сүрөт жарыяланып кеткен. «Blesk» гезити анда Примула премьер-министр Бабиштин ANO партиясынын жогорку расмий өкүлү менен жолугуп жатканын жазган.
Бул жолугушуудан бир нече саат мурда Примула коронавирусту ооздуктоону көздөгөн жаңы чараларды жарыялаган. Ага ылайык, өлкөдө кыймыл чектелип, дээрлик бардык соода жайлары жабылган. Ресторандар менен барлар ага чейин эле убактылуу ишин токтоткон.
Ал эми Бельгия жана бир катар башка өлкөлөрдө чукул эмес операциялар кийинкиге жылдырылды. Польшанын баш калаасындагы чоң стадион талаа стационарына айландырылды.
Күнүнө 30 миңдей адамга инфекция жукканы катталган Францияда ооруканалардын 44% COVID-19га кабылган бейтаптарга толуп калды.
Премьер-министр Жан Кастекстин жарлыгы менен коменданттык саат киргизилген аймактардын саны 38ге жетти. Өткөн аптада сегиз региондо, анын ичинде борбор шаар Парижде түнкүсүн сыртка чыгууга тыюу салынган.
Прогноздор боюнча алдыдагы дем алышта Францияда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1 миллионго жетиши ыктымал.
Ал эми бул чектен ашып өткөн кошуна Испания коменданттык саат жарыялоону караштырып жатат.
Италиянын Милан, Рим жана башка бир нече жерлеринде түнкү саат 12 жарымдан таңкы саат 5ке чейин көчөгө чыгууга болбойт.
Жазында пандемияны ооздуктоо аракеттери үлгү катары аталып келген Германияда бир күндө вирусту жугузуп алган 10 миң киши аныкталгандан кийин бийлик чектөөчү чараларды катаалдаштырууну чечти.
"Bild" гезитинин жазганына караганда, жыл аягына чейин коронавируска каршы эмдөө кампаниясын баштоого даярдык көрүлүп жатат.
Ал тапта АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектерди тескеген агенттиги COVID-19ду дарылоо үчүн ремдесивир препаратын пайдаланууга уруксат берди. Европа ремдесивирди убактылуу гана жактырган.