Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуккан 109 бейтаптын абалы өтө оор болууда. 937 бейтап оор абалда, 2256 киши орто, 56 кишинин абалы канаттандырарлык, стационарда дарыланып жатышат. Ооруканаларда жалпысынан 3367 бейтап бар. Амбулатордук негизде 3889 адам дарыланууда.
3-ноябрда өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаева вирус жуктурган адамдардын 80%и дары-дармексиз эле айыкса болорун айтты. Ал ошондой эле өлкөдө коронавирус менен ооругандарды жогорку деңгээлде дарылоого бардык шарттар түзүлгөнүн да кошумчалады.
Коронавирустун кесепетинен оорусу күчөп кеткендерге да токтолуп, "постковиддик" синдромду дарылоо, реабилитациялоо жүрүп жатат" деди.
3-ноябрга карата бир күндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 400 киши болду. Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 60 279 адамды түздү.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-ноябрдагы брифингде мектептерди ачуу маселесин азырынча ар бир мектептин өз жетекчиси өз шартына ылайык карап жатканын билдирди.
«Экинчи чейректен тартып балдарды оффлайн окутуу, мектептерди ачуу боюнча чечим каралып, азыр талкууланып жатат. Мектептерди ачууну 11-ноябрдан тартып баштасакпы деп убактысын карап жатабыз. Кандай режимде, кайсы класстар мектепке барып окуй турганы да сүйлөшүлүүдө. Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акимдер, губернаторлор жоопкерчилигин алса, комиссиялары чечим чыгарса, ар бир мектеп өз мүмкүнчүлүгүн карап чыккандан кийин оффлайн режимде окуу башталышы мүмкүн».
Үсөнбаев коронавирус күчөп кетсе мектептерди жабуу чечимин жергиликтүү жетекчилик карашы керек экенин кошумчалады.
Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары, бала бакчалар март айынан бери аралыктан иштеп жатат. 1-сентябрда мектепке оффлайн режимге 1-класстын окуучулары гана барган.
Октябрь айында парламенттик шайлоодон кийин 6-октябрда мектептерди ачуу тууралуу чечим кабыл алынганы менен, кийин бул чечимди Республикалык штаб токтотуп койгон.
Азыркы тапта бардык окуучулар онлайн режимде биринчи чейректи аякташты.
«Семетей» госпиталы коронавирус жуккан бейтаптарды кабыл алууга толугу менен бир жума ичинде даяр болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, лабораториясы даяр болду, реанимация бөлүмүндө 35, дарылоо бөлүмүндө 250 орун ачылды. 4-ноябрда медициналык жабдык жана техника орнотула баштайт.
Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясынан бери бул вирус 60 миңге жакын адамга жукту, алардын 51 миңден ашууну айыгып кетти, 1155и каза болду. Илдет жуккандардын 3,5 миңдейи медицина кызматкерлери.
«Семетей» госпиталы «Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордуна ачылган.
Акыркы суткада коронавирус илдетине кабылган төрт киши каза болду. Алардын үчөө Бишкектин, бирөө Баткен облусунун тургуну болушкан. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады. 4-ноябрга карата COVID-19 оорусу 495 кишиден аныкталды. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкекте шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарында катталууда.
Маалыматка караганда илдетке чалдыккандардын ичинен 527 киши сакайып чыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги октябрь айында митингдердин, чогулуштардын, той-топурлардын көптүгү, сасык тумоонун күчөшү менен COVID-19 вирусу да арбыганын билдирип, элди санитардык нормаларды сактоого чакырууда.
Октябрдын ортосунан тартып 118 ыкчам кеңеш берүү кызматы жана мобилдик бригадалар иштеп, айрым ыктыярчылар медициналык жардам бере баштады.
Кыргызстанда март айынан бери коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 60 774 болду, каза тапкандар - 1163.