АКШда коронавирус жугузуп ооруканага түшкөндөрдүн саны рекорддук чекке четти. Өлкөдөгү СOVID-19 вирусун аныктоо долбоорунун маалыматы боюнча, 10-ноябрда АКШда вирус жугузган 62 миңге жакын адам ооруканага түштү. Бул коронавирустун мурдагы толкуну болгон апрель, июнь айларындагы санга караганда алда канча көп. АКШда акыркы эки аптада ооруканага кайрылгандар 40% көбөйгөн. Ноябрь айынан башынан бери вирус жугузуп алгандар бир миллион адамдан ашса, күнүнө каза болгондор 1000ге чамалап жатат.
«Ооруканага түшкөндөрдүн саны пандемиядагы эң начар учуруна киргенибизди көрсөтүп турат», деп айтылат коронавирусту аныктоо долбоорунун маалыматында.
Буга чейин АКШда шайланган президент Жо Байден кызматка киришкен соң өлкөдө коронавируска консультациялык кеңеш түзөрүн жарыялаган. Бул кеңешке алдыңкы эксперттер кирери айтылган.
АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин санагы боюнча, 11-ноябрга карата дүйнө жүзүндө вирус жугузгандардын саны 51 миллиондон ашса, пандемия бир миллион 173 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.
Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасынын натыйжалуулугу 92 пайызды түздү. Бул тууралуу вакцинаны өндүрүүнүн үстүнөн иштеп жаткан Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология изилдөө институтунан кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, сыноо тажрыйбасына катышкан 16 миңден ашык ыктыярчынын 92 пайызына вакцина эффективдүүлүгүн көрсөткөн.
Орус изилдөөчүлөрү мындай билдирүүнү америкалык "Pfizer" жана германиялык "BioNTech" компаниялары өз вакцинасынын эффективдүүлүгү 90 пайыздан ашканы жөнүндө жарыялаган соң таратты.
Гамалея институтунун директору Александр Гинцбург «Спутник V» вакцинасы менен учурда Орусиядагы коронавирус жуктуруу тобокелдиги жогору болгон дарыгерлер жана башка адамдар эмделип жатканын билдирген.
Бирок окумуштуулар бул вакцина боюнча сыноо аяктай элек учурда эле массалык түрдө эмдеп баштаганына камтамачылыгын билдирүүдө.
Орусия коронавируска каршы өз вакцинасын кеңири колдонууга чыгарган алгачкы өлкө болгон. «Спутник V» вакцинасын август айында расмий каттоодон өткөрүп, кеңири сыноону баштаган.
Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирустун ондогон вакциналары сыноонун акыркы баскычына келгени кабарланууда.
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-ноябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы беш кишинин өмүрүн алды. Баткен облусунда үч, Чүй облусунда бир, Бишкекте бир өлүм катталды.
Бир күндө дагы 527 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 64 887 адамды түздү. Анын 55 824ү сакайганы айтылды. Бир күндө 518 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1193 кишиге жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3322 бейтап стационарда, 3874 киши үй шартында дарыланууда.
Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жатышат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана анын кеңсесинин башчысы Андрей Ермак коронавирустан улам ушул жуманын башында оорукана жаткырылды.
Бул тууралуу Ермактын кеңешчиси Михаил Подоляк 12-ноябрда «Украинская правда» интернет-басылмасы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, Зеленский жана кеңсе башчысы Киевдеги «Феофания» клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.
«Ал жерде президентке жыйындарды өткөрүш үчүн атайын бөлмө даярдалган. Бүгүн ал бир топ онлайн-жыйындарды өткөрдү», - деп билдирген Подоляк.
Ал эми Ермак болсо өзүнчө бөлмөдө дарыланып жатат.
Зеленскийдин басма сөз кызматы президент коронавирус жугузуп алганы аныкталган соң алгач үйүнө барып, бирок кийин толугу менен обочолонуу максатында ооруканага жатканын билдирди.
Владимир Зеленскийдин абалы жөнүндө басма сөз катчысы Юлия Мендел: «Бейтаптар үчүн бардык шарттар бар. Тынчсызданчу эч кандай олуттуу жагдай жок», - деп билдирди.
Владимир Зеленскийдин коронавирус жугузуп алганы 9-ноябрда белгилүү болгон. Андан көп көтпөй анын кеңсесинин башчысы Андрей Ермактын да илдетке кабылганы кабарланган.
Украинада президенттен башка бир топ жогорку жетекчилер СOVID-19 вирусун жугузуп алганы кабарланды. Алардын ичинде финансы министри менен коргоо министри да бар.
12-ноябрда бул өлкөдө 11057 адамдан вирус аныкталып, 198 адам каза болгону маалымдалды. Бул өлкөдөгү ооруну жугузгандардын саны боюнча рекорддук көрсөткүч.
Украинада жалпысынан жугуштуу илдеттерди жугузгандардын саны 500 865 адамды түзүп, анын кесепетинен 9145 адам өмүр менен кош айтышты.