Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

"Эгин-тегинди жыйнап, көчкөнгө даяр турабыз". Чек арадагы жашоо


Кыргыз-тажик чер арасындагы айылдын балдары, 27-январь, 2025-жыл
Кыргыз-тажик чер арасындагы айылдын балдары, 27-январь, 2025-жыл

Кыргыз-тажик чек арасы такталгандан кийин эки тараптан бири-бирине өткөн турак-жайларды, обьектилерди каттоо иштери уланууда. Сентябрга чейин эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо иштерин аягына чыгарган.

Анда Баткен облусунан 259 турак үй, Тажикстандын Согд облусунан 214 турак үйгө акт түзүлгөн. Жалпысынан социалдык обьектилер, бош участоктор жана үй-жайларды кошкондо 300дөн ашык объекти кыргыз тарапка өтөрү айтылган.

Жергиликтүү бийлик тажик тараптан Дахма, Сомониён, Чорку аймагынан өткөн объектилерди каттоо соңуна чыгып калганын билдирди. Ошондой эле кыргыз тарап там-ташы алмашууга туш болгон тургундар үчүн жаңы үйлөрдү куруп бүтүп калды.

Баткендин тургуну Жамила чек ара тактоодо үй-жайы алмашыла турган жашоочулардын бири. Быйылкы түшүмүн жыйнап, үй-оокатын салыштырып, жаңы айылга көчүп чыгууга камдуу турганын айтып берди.

“Биз эгин-тегинибизди жыйнап, түшүмдү алып, даярданып турабыз азыр. Мал-жандыктарды сатып азайттык. Жаңы айылга барсак, мал-жан үчүн короо-жай курсак, шартка карап ала беребиз да. Азыр даяр турабыз, качан айтса эле көчөбүз”.

Чек араны тактоо иштеринин жүрүшүндө Кыргызстанга таандык 259 үй көчүрүлмөй болгон. Баткен районунун аймагында Чет-Булак жерлигинде 181 үй курула башталган.

Бул жерге Достук, Көк-Терек, Масеиттин жери, Таш-Тумшук айылдарынан алмашууга туш келген үйлөр көчүрүлөт. Жаңы Достук деп аталган айылга азырынча көчүрүү иштери баштала элек.

"Жаңы үйгө көчүп кирсек деп турабыз". Кыргыз-тажик чек арасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Баткен району боюнча ревизиялык комиссиянын төрагасы, акимдин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов курулуш иштери ушул айдын соңуна чейин аяктап, эл көчүрүлө баштарын билдирди.

"Алмашуу иштери жүрүп жатат. Тажик тараптан Дахма, Сомониён, Чорку аймагындагы үй-жайларды бизге өткөрүү дээрлик аяктап калды. Ал эми биз тараптан алмашчу айылдардан жарандарыбызды көчүрүү иштери уланууда. Жаңы курулуп жактан айылда иштерибиз 95-96 пайыз аяктады. Ушул айдын аягына чейин бүтүрүп; көчүрүп чыгууга даярданып жатабыз. Курулуш иштери бүтсө эле элди көчүрүп чыгып өткөрүп беребиз“.

Жергиликтүү бийлик тургундардын жаңы конушка көчүп-конуусун 1-ноябрга чейин аяктоону мерчемдеп турат. Жалпы аянты 57 гектарды түзгөн жаңы конушта 181 үйдүн курулушунан сырткары социалдык объектилер, ички жолдор, таза жана саркынды суу үчүн куурлар да салынууда.

Жаңы түптөлгөн айылга 10 чакырымдай жол түшүп, асфальт төшөлгөн. Конушка көчүп келген жарандарга кенемте берүү жагы каралган. Бирок анын суммасы азырынча тактала элек. Маселе өкмөттө каралып жатканын Баткендин райондук бийлиги билдирди.

Данир Иманалиев
Данир Иманалиев

"Ал жакта элдин өздөрүнүн чарбалык курулуштары бар эле. Сарайы, гаражы, бак-дарактары бар эле. Биз кенемте беребиз да. Азыр өкмөттө көлөмү каралып жатат. Мен ал акча биринчи учурда жашоо-турмушту тирдентип алганга түрткү, жардам болот”, - деди район акими Данир Иманалиев.

Сентябрга чейин эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо иштерин аягына чыгарган.

Анда Баткен облусунан 259 турак үй, Тажикстандын Согд облусунан 214 турак үйгө акт түзүлгөн. Жалпысынан социалдык обьектилер, бош участоктор жана үй-жайларды кошкондо 300дөн ашык обьекти кыргыз тарапка өтөөрү айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактаган үч документ бекитилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:23 0:00

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. 2025-жылдын март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын толук тактаган макулдашууга кол коюлган. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG