Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Реми Дюфло кызматка киришти


Реми Дюфло жана Садыр Жапаров
Реми Дюфло жана Садыр Жапаров

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган башчысы Реми Дюфло расмий кызматка киришти.

13-октябрда ал кыргыз президенти Садыр Жапаровго ишеним громатасын тапшырып, жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселеси талкуулаган.

Реми Дюфло Европа Биримдигинин түзүмдөрүндө 2004-жылдан бери иштейт. Ал бул уюмдун Молдовадагы, Украинадагы өкүлчүлүктөрүндө кызмат өтөгөн.

2021-жылдан бери Дюфло Евробиримдиктин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары болуп турган. Евробиримдиктин Бишкектеги буга чейинки өкүлү Мэрилин Йосефсондун дипломатиялык миссиясы быйыл февралда аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG