Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Токмоктун мурунку мэри Нусувалиевдин иши сотко өткөнү белгилүү болду


Максат Нусувалиев.
Максат Нусувалиев.

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевдин иши тергелип, сотко өткөнү белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы 14-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, мурдагы мэрдин иши Октябрь райондук сотунда каралууда. Ушул эле райондук сотто анын бөгөт чарасы 28-августта каралып, абактагы мөөнөтү эки айга узартылган.

24-июнда Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча адис (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысы (К.Т.Э.) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген кине тагылды.

Расмий маалыматка ылайык, Токмоктогу спорт мектебин жана сейил бакты оңдоп-түзөө иштери боюнча тендердин жеңүүчүсү болуп “Аль-Кадыр-Сантехсервис” компаниясы аныкталып, мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 миллион сомдон ашкан.

Иш 2024-жылдын башында башталып, жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес.

Спорт мектебинин имаратын оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду түзсө, ал эми сейил бакты көрктөндүрүү 44 млн 283 миң сом болгон. Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулганы аныкталган.

Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэринин кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG