Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:56

Камиланын өлүмүнүн бети ачылабы? Салянованын табышмактуу билдирүүсү


Камила Дүйшөбаева
Камила Дүйшөбаева

Өткөн жумада мурдагы баш прокурор Аида Салянова Фейсбук баракчасына 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу түз эфир уюштурарын билдирген. Салянова анда 11 жыл мурда болгон кылмыштын Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай байланышы барын айтмакчы болгон.

Бирок көп узабай тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат берүү белгисиз убакытка жылганын билдирди. Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылы мартта Байтик айылынан табылган. Анын өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачыла элек. Убагында Аида Салянованын атасынын иниси Калыбек Элтуйбасов (мудагы фамилиясы Салянов) бул иш боюнча сурак берген.

"Зордукталган эмес, муунтуп коюшкан"

18 жаштагы Камила Дүйшөбаева 2014-жылы 10-мартта сабакка кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес.Кыздын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев ошол күндү минтип эскерди:

"Эртең менен чыгып кеткен, бир бала менен турмушка чыгам деп сүйлөшүп жүрчү. Ал бала биздин телефонду дагы билчү, сүйлөшүп турчубуз. Анан ал бала бизге чалып калды. "Камила телефонун албай жатат, окуусуна барсам, ал жакта жок" деп. Ал бала коллежге кирип-чыккан экен, анан кемпирим экөөбүз тыпырап калдык".

Арзыкан Мамбетова кызы байланышка чыкпай калгандан кийин дароо милицияга кайрылган.

"Жолдошум экөөбүз барып арыз жазсак, "курбулары менен жүргөндүр, балким бир жерге конуп калгандыр" дешти. Биз кызыбыздын коно турган жери жок экенин айттык. Арыз түшкөндөн үч күндөн кийин издөө башталат деп койду. Ошону менен бир жумадай издедик".

Арадан алты күн өтүп, 16-мартта студент кыздын сөөгү Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. Андан бери 11 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.

"Зордуктоо болгон эмес дешти, пальтосу кийилген бойдон, жоолугу да ошол бойдон экен, муунтуп коюшкан дешти. Жолдун үстү да, ылдый жагы да мүрзө. Сөөктү ылдый жакка тоголотуп жибериптир да. Ал жакка эч ким кирбейт да. Аны бир койчу көрүп калып, милицияга кабар бериптир. Телефону Баха көчөсү менен Лев Толстойдо өчүп, жеткиликсиз болуп калган. Баха менен баратканда ипподром бар го, ошол жактагы чоң жолдун боюндагы арыкка ыргытып жибериптир. Телефонду короочулар таап алып, бирөө колдонуп жүргөн экен. Ош базарына алып барып тазалатып, өзү пайдаланып жүргөнүн айтыптыр суракта".

Убагында өлүмдү иликтөө үчүн ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Арасында мурдагы баш прокурор Аида Салянованын жакын тууганы Калыбек Элтуйбасов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүү катары карала баштаган.

Элтуйбасовдун аты эмнеге аталган?

2017-жылы Ички иштер министрлиги бул иште "тергөөгө каршылык көрсөткөн" деген киненин негизинде Элтуйбасовго айып коюп, 2017-жылы ага издөө да жарыялаган.

Аида Салянова агасы Калыбек Салянов АКШга 2017-жылы коопсуздугуна байланыштуу чыгып кеткенин айткан. Калыбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп алганы белгилүү болгон.

Аида Салянова муну өзүнүн оппозициячыл ишмердигине байланыштырып, агасы аркылуу өч алгысы келген ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "саясий куугунтуктугу" катары баалаган. Салянова буга себеп катары өзүнүн башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийинки тирешүүлөрдү атаган.

11 жылдан кийин Аида Салянова бул иш туурасында Фейсбук баракчасына мындай деп жазды.

“Мага жеткен маалымат боюнча Камила Дүйшөбаеванын өлүмү ачылды. Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырып, кылмыш ачылбай калган. Бул окуянын Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай тиешеси бар?”.

Көп узабай мурдагы баш прокурор ИИМдин өтүнүчү менен тергөө кызыкчылыгына байланыштуу, маалымат берүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырганга туура келгенин жазган.

"Үмүт үзүлдү, оору таптык"

11 жылдан бери кылмыштын бети ачыларынан үмүтү үзүлгөн Арзыкан Мамбетова мындай деди:

"Бир жакшы тыянак чыгар бекен деген үмүт менен күттүк, бирок андай болгон жок. Ошон үчүн ишене албай калдык. Табылат деген үмүтүбүз үзүлүп калган. Мунун айынан диабет болдум, жүрөк оорусун таптым. Азыр баса албай күйүгүп калдым. Ар ким ар кандай айтып жүрүштү, эл сүйлөй берет тура. Кээ бирөө көрүп, кээ бирөө көрбөй, кээ бирөө көрө албай айтат экен. Кызым жөнүндө ар кандай сөз чыгарышты. Бирок кызыбыз жеңил ойлуу эмес болчу. Кичинесинен эркелетип бактык эле. Үйдө бир күн түнөбөй калган эмес. Бир жакка кеткенде айткан убагында келип калчу".

Камила Дүйшөбаева 2014-жылы Кыргыз-Орус билим берүү академиясында банктык жана финансылык иш боюнча адистикке окуп жаткан. Камила өтө жоопкерчиликтүү, жароокер кыз болчу дейт апасы.

"Өткүр, убадага бек кыз эле, эжейлери уюштуруучулук жагын мактачу, дайындаган ишти убагында кылчу. Ачык-айрым, шар жүрчү. Конок күтө билген, тамакты түрлөп жасаган кызым бар болчу", - дейт Арзыкан Мамбетова.

Камиланын өлүмү боюнча Эшмамбет Дүйшөбаевдин кайрылбаган кишиси, какпаган эшиги калган эмес. Аргасы кеткен ата-эне бүгүн өлкө башчысына кайрылып отурат.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мындан 11 жыл мурун 10-мартта менин кызым киши колдуу болгон. Ошондон бери кайрылбаган бийлигибиз калган жок. Ушуну өзүңүз көзөмөлдөп, өлүмдүн бетин ачып берсеңиз", - дешти алар.

Камила Дүйшөбаева көзү тирүү болгондо быйыл 2-августта туулган күнүн белгилемек. Ата-энеси анын ордуна куран багыштады. Учурда алар Аида Салянованын чуулгандуу билдирүүсүнөн кийин тергөөчүлөр чакырып калабы деген күтүү менен отурушат.

Бул материал даярдалып жатканда Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Ички иштер министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG