Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам жеткирилди


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан сүрөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Ооганстандын Памир аймагындагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бадахшан провинциясынын тургундарына жана Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылды.

Экспедициянын курамындагы кардиолог, тиш дарыгерлер жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу 765 адамга (187си аялдар, 207си балдар) медициналык жардам көрсөттү. Мындан тышкары, жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды алдын алуу, өз убагында аныктоо жана малды дарылоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экспедиция алкагында социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги менен Бадахшан провинциясынын расмий өкүлдөрү жолугуп, этникалык кыргыздардын жашоо-шарттарын талкуулашты.

Алайдын Талды-Суу айылына этникалык кыргыздар 2019-жылы көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга жайгаштырылган 50дөй памирлик кыргыздардын бир тобу Ооганстанга кайра кайткан.

2022-жылы июлда кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келерин билдирген.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG