Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Орус атайын кызматы Ходорковскийге терроризм боюнча иш козгогонун билдирди


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийдин үстүнөн жаңы кылмыш иши козголгонун билдирди. Ага жана «Орусиянын согушка каршы комитетине» кирген бир нече орусиялык таанымал оппозициялык саясатчы жана коомдук ишмерге бийликти күч менен басып алуу жана террордук уюм түзүү беренеси менен айып тагылууда.

Комитет Орусияда жагымсыз уюм деп таанылган.

ФСБ иш козголгондордун арасында мурдагы премьер Михаил Касьянов, коомдук ишмер Леонид Гозман, саясатчылар Владимир Кара-Мурза, Дмитрий Гудков, Юрий Пивоваров, бизнесмен Евгений Чичваркин, журналист Евгений Киселев, жазуучу Виктор Шендерович, шахматист, коомдук ишмер Гарри Каспаров, актёр Артур Смольянинов, политолог Екатерина Шульман жана башкаларды атаган.

Атайын кызмат алар «бийликти күч менен басып алууну жана Орусия Федерациясынын конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүнү» максат кылат деп эсептейт.

Ходорковскийдин үстүнөн ошондой эле террордук ишмердикке чакырык таштаган деген айып тагылууда. Буга чейин армия тууралуу «фейк» тараткан деген берене менен иш козголгон.

«Орусиянын согушка каршы комитетине» кирген бир нече киши өз өлкөсүндө издөөдө жүрөт. Бул уюм 2022-жылдын 27-февралында Орусия Украинага кол салгандан кийин негизделген. Алар согушту токтотууну жана диктатордук деп мүнөздөгөн Владимир Путиндин режимине туруштук берүүнү көздөгөнүн манифестине жазган.


Шерине

XS
SM
MD
LG