Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Ноокаттын акими Бишкектеги жер коррупциясына шектелип кармалды


Көк-Жардагы бузулган имараттар
Көк-Жардагы бузулган имараттар

Бишкек милициясы борбор калаадагы Көк-Жар конушундагы ири жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. Маалыматка ылайык, конуштагы 172-контурдагы ири жер үлүштөрүн мыйзамсыз түрдө майда тилкелерге бөлүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатылганы аныкталган.

Милиция бул иштерди Көк-Жар айыл аймагынын ал кездеги башчысы Ч.Э. уюштурган деп шектелип жатканын, ал учурда Ноокат районунун акими экенин билдирди. Бул инициал Ноокаттын акими Эмил Чакибаевге туура келет.

“Көк-Жар айыл аймагынын №172 контурунда мыйзамсыз турак жай курулуштары массалык түрдө жүргүзүлүп, электр мамычалары орнотулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жолдорго шагыл төшөлгөн. Бул мыйзамсыз курулуштардын кесепетинен айдоо жерлердин кыртышына олуттуу зыян келтирилип, мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык көлөмдө материалдык чыгым келтирилгени аныкталган”-деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.

Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча иш козголуп, шектүү Эмил Чакибаев убактылуу кармоо жайына камакка алынган. Милиция Көк-Жардагы мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу жалпысынан 12 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттун чечими менен камакка алынганын кошумчалады.

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Август айында бул имараттарды буздуруу тургундардын каршылыгы менен коштолуп, талкуу жараткан. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтып, жогорку бийликке кайрылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG