Үрөйдү учурган учак кырсыгы
Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болду. "Манас" аба бекети Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авиакырсыкта мерт кеткендер саны отуздан ашты. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы кыргызстандыктар. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганы кабарланууда. Кырсыкка кабылган учак түркиялык АСТ Havayolları компаниясына таандык болгон.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 05, 2025
"Шайлоонун жаңы ырларын алгач мен окуйм"
-
Октябрь 04, 2025
Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу узарды
-
Октябрь 03, 2025
АКШнын Tomahawk ракетасы Москваны чочулатат
-
Октябрь 03, 2025
Шайназаров: "Бир талапкерге миң үгүтчү көп деп ойлойм"
-
Октябрь 02, 2025
Караколдо окуучу сабалган окуяны бийлик териштирет