ЕККУ бул жолу шайлоого жана референдумга байкоочу жибербесин маалымдаган.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Таза шайлоо” ассоциациясынын 200дөн ашуун байкоочулары көз салышууда.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга көз салуу үчүн 181 эл аралык байкоочу катталды. Алар дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн, 46 эл аралык уюмдардан келген байкоочулар. Булардын ичинде ШКУ, КМШ уюмдарынан, элчиликтерден жана башкы консулдуктардан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынан, Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик биримдигинен, айрым өлкөлөрдүн БШКларынан өкүлдөр бар.