БУУ: БОРБОР АЗИЯДАГЫ АДАМДЫН ӨНҮГҮШҮ

Шаршембиде БУУнун өнүгүү програмасы (UNDP) “Aдамдын өнүгүшү жана коопсуздугу үчүн Борбор Азиядагы регионалдык кызматташуу” деп аталган документин жарыялады. Анда Борбор Азия жумурияттары чегараларын ачып, экономикаларын либералдаштырса, адам укуктарын урматто, саясий институттарды демократиялаштыруу багытында оң өзгөрүүлөр болсо гана региондо жашаган элдин турмушу жакшырат деген ойго басым жасалат. БУУнун өнүгүү программасынын регионалдык директорунун орун басары Марта Ройдес Азаттыктын Түркмөн кызматынын кабарчысы Мухаммад Тахирдин айырм суроолоруна жооп берди.
Адегенде Ройдес айым адамдын өнүгүшү деген аныктамага кандай критерийлер камтылгандыгын айтып берди:

Адамдын өнүгүшү деген концепция 1990-жылдары пайда болгон. Ага экономикалык өнүгүүдөн тышкары медициналык тейлөө, билим берүү жана адамдын жашоо шарттарына таасир эткен башка факторлор кирет.
Советтик доордо саламаттыкты сактоо жана билим берүү мамлекет тарабынан жакшы каржыланчу. Соңку жылдары бул тармактардын абалы өтө начарлап кеткенине күбө болуудабыз, өзгөчө Түркмөнстанда
.

Докладдын үстүнөн иштеген эксперттер элдин жашоо стандарттарын жакшыртыш үчүн чөлкөмдөгү кызматташууну арттырыш керек деген тыянакка келишет.
Документтеги рекомендациялардын бирине ылайык, чөлкөмдөгү мамлекеттер ички дүн продуктусун жакынкы 1- жылдын ичинде 2 эсеге көбөйткүсү келишсе, соода, транспорт, коопсуздук жана маданият тармагындагы алакаларын өөрчүтүүгө тийиш.

Ройдес айым бул ойго толугу менен кошулат:

Регион кызматташуу системасын түзүп, чегараларын соода, транзит үчүн ачса, аткезчилик жана миграция көзөмөлгө алынса, андан жумурияттардын экономикалары, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактары утат эле. Жалпы чөлкмөдүн жана ар бир өлкөнүн өнүгүү потенциалы регионалдык кызматташууга, кошуна мамлекеттер менен алакалардын өсүшүнө түздөн түз көз каранды. Докладда Борбор Азия жумурияттарынын келечеги 3 сценарий боюнча өнүгүшү ыктымал деп айтылат. Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын тезирээк өнүгүү үчүн шарттары бар. Себеби алар кызматташуу үчүн ачык. Түркмөнстан менен Өзбекстан болсо чегараларын жабык кармагандыгы үчүн жайыраак өнүгүшү ыктымал.

Бирок расмий статистикага кайрылсак, Түркмөнстанда экономикалык өсүш дээрлик 22 процентти түздү.
Муну Ройдес мындайча түшүндүрөт:

Айрым цифралар, албетте, туура болушу мүмкүн. Бирок адамдын өнүгүшү жана экономикалык өнүгүү деген түшүнүктөр бул - эки башка нерсе. Түркмөнстанда табигый газдын өнүдүрүшү экономикалык өсүштү шарттайт. Бирок бул Түркмөнстанда жашаган адамдардын турмушу жакшырып кетти дегенди билдирбейт. Менимче, бул статистка бир аз көбөйтүлүп көрсөтүлгөн.

Жаңы докладдын презентациясы 7-декабрда Борбор Аззия жумурияттарынын борбор шаарларынан тышкары Женева, Москва жана Токиодо болуп өттү.