ЕВРОПАЛЫК ЖУРНАЛИСТТЕР МУСУЛМАНДАРДЫН КЫЧЫГЫНА ТИЙИП АТАТ

Бир нече европалык басылма Даниянын гезиттеринин биринде жарык көргөн Мухамед пайгамбардын карикатурасын басып чыгарып, мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылыкты ого бетер күчөттү. Чегарасыз кабарчылар уюму кимдир бирөө сүрөттөргө нааразы болсо, гезитти сотко бериш керек деген пикирде. Бир катар уюмдар, башка диндердин өкүлдөрү даниялык сүрөтчүнүн жоругун айыпташты.
Былтыр сентябрда Даниянын “Jyllands Posten” гезитинде Мухамед пайгамбардын 12 карикатурасы жарык көргөн. Аларда пайгамбар бомбанын түрүндө жасалган селдечен тартылган. Жылдын башында ошол сүрөттөрдү норвегиялык басылмалардын бири чыгарып, буга чейин айтылып келген бирин-серин сын пикирлер нааразылыктын толкунуна айланды.

1-февралда болсо Франциянын “France Soir”, Италиянын “la Stampa” жана Германиянын “Welt” гезиттери азил сүрөттөрдү басып чыгарышты. Айрымдар муну менен журналисттер Даниянын гезитин колдоону көздөштү дешсе, башкалар алар окурмандарына талаш эмдене келип чыкканын жакшыраак түшүндүрүүнү ниет кылышкан деп ырасташат.

Кандай болбосун, бул кадам Жакынкы Чыгыштагы нааразылыкка май тамызды.
Газа тилкесинде куралчан адамдар Европа биримдигинин баш кеңсесин курчап алышты:

-Европалыктар бизди мазактагандыгы үчүн биз алардын Газадагы уюмдарын жана чиркөөлөрүн бутага алабыз, - деди согушкерлердин өкүлү.

Буга чейин Сауди Арабия жана Сирия өкмөттөрү Даниядагы элчилерин чакыртып алган. Ливия болсо өз элчилигин жаап салды. Бир катар мусулман мамлекеттеринде Скандинав өлкөлөрүнүн прдукциясы бойкотко туш болду.
Кризистен өзгөчө жапа чеккен “Арла” деген компания кызматкерлерин кыскарта баштагынын билдирүүдө. Эми Европанын башка мамлекеттери да бутага алынат деген коркунуч бар.

31-январда Тунисте 17 араб өлкөсүнүн ички иштер министрлери жыйын өткөрүп, карикатураны тарткандардын катуу жазаланышын талап кылышты.
Россиянын православ чиркөөсү жана муфтият азил сүрөттөрдү басып чыгарган гезиттерди сынга алышты.

Чечен сепаратисттери, Хизб-ут-Тахрир уюму да мындай жорукту айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.

Чегарасыз кабарчылар уюму окуялардын ушундай нукта өнүгүшүнө тынчсыздануусун билдирди:

Гезитте жарык көргөн карикатура же маалымат кимдир бирөөлөргө катуу тийген болсо, бул үчүн бүт өлкөнү айыптап, коркутуп-үркүтүүлөрдү колдонуу таптакыр туура эмес, - дейт уюмдун өкүлү Аннабель Арки.

Сөз эркиндиги белгилүү бир топтун нааразылыгын жарата турган материал басып чыгарууга укук берет. Бирок алар бойкот же башка чара колдонуунун ордуна сотко арызданышы мүмкүн, - деп улантат Арки:

-Мындай укуктан бардыгы пайдалана алат. Демек, кандайдыр бир проблема бар болсо аны чечүү үчүн сот бар.

“France Soir” гезитинин кожоюну теги египеттик Раймон Лака карикатуралар жарык көргөн күнү кечинде басылманын директорун кызматынан бошотту.
Ар бир адамдын диний ишеними урматталууга тийиш, - деп белгиледи Лака.

Бейруттагы Америка университетинин саясат жана ислам таану боюнча эксперти Хилал Хасан тамаша сүрөттөрдүн жарык көрүшү ушундай реакция жаратканын мындайча түшүндрөт:

-Батыш коому секулярдуу. Мусулман өлкөлөрүнүн көбүндө болсо дин коомдон ажыратылган эмес. Ал жерлерде дин балдарды тарбиялоодо, күнүмдүк турмушта борбордук орунду ээлейт жана ишеним системасы абдан маанилүү.

Айтмакчы, 2-февралда Иорданияда чыгуучу “Ал-Шихан” гезити даниялык карикатуристтин 3 сүрөтүн басып чыкты.Гезиттин редактору Жихад Момани аларды мындай сөздөр менен коштоду:
“Исламга эмне көбүрөөк доо кетирет? Бул тамаша сүрөттөрбү же барымтага алынган кишини камералардын алдында мууздоо, Аммандагы үйлөнүү тою учурунда өзүн өзү жардырган жан кечтинин кол салуусубу?”.

Чатак ушуну менен тынчып калбай дагы көпкө созулчудай.