ЭЛАРАЛЫК УЮМДАРДЫН ЧАКЫРЫКТАРЫНА КАРАБАЙ, КАРИКАТУРА КРИЗИСИ КҮЧӨП БАРАТАТ

Мухамед пайгамбарга тартылган карикатуралардан улам тутанган нааразылык жыйыны учурунда Ооганстанда шаршембиде бир нече адам набыт кетти. Ислам конференциясы уюму, БУУ жана Еврошаркет биргелешкен билдирүү жасап, сүйлөшүүгө чакырышты. Бирок мусулман дүйнөсүндөгү нааразылыктын тынчый турган түрү жок.
Шаршембиде Ооганстандын Забул вилайетинин борбору Калат шаарында аламандаган эл полицияга таш ыргытып, тартип коргоо органдары демонстранттарга ок ачышкан. Ооган бийлигинин маалыматына ылайык, кагылышууда кеминде 4 киши мерт кетти, 9 адам жарадар болду.

Баш калаа Кабулда буркан-шаркан түшкөн эл “Диндин душмандарына өлүм! Исламдын душмандарына өлүм!” деген ураандарды кыйкырып көчөлөргө чыкты.

Демонстранттардын бири батыштын сөз эркиндигине күнөм саноо менен караарын айтат:

Бул эмне деген эркиндик? Батышта диний ыйык түшүнктөрдү мазактоо эркиндик деп сыпатталат. Иш жүзүндө болсо эркиндик мусулмандардын диний ишенимине шек келтирбеши керек.

Индонезиянын баш ордосу Жакартада студенттер Даниянын элчилиги алдында падышалыктын байрагын өрттөп жиберишти. Нааразылык жыйынын уюштургандардын бири бардык даниялыктарды өлкөдөн чыгарып жиберүүгө үндөдү:

Кайсы бир өлкөнүн өкүлдөрү биздин динибизди кордосо, ошол өлкөнүн жарандары Индонезиядан кетип, алардын элчилигин жабуу керек.

Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Хеброн шаарында жүздөгөн демонстрант эларалык миссия жайгашкан имаратты таш баранга алды. Тилекке жараша эч ким жабыркаган жок.

Ислам конференциясы уюму, БУУ жана Еврошаркеттин диалогго чакырган биргелешкен билдирүүсүнө карабай, тирешүү улана берет өңдөнөт.

Ирандын ири басылмаларынын бири шейшембиде Холокостко карикатура тартууга конкурс жарыялады.
Тегеран шаарынын муниципалдык өкмөтүнө таандык “Хамшари” деген гезит сөз эркиндигинин принциптери Холокостту мазактоого негиз береби же жокпу, ошону көргүбүз келет деп ырастайт. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Холокостто 6 миллионго жакын жөөт кырылган. Гезит конкурска катышууга чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдү да чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Шон МакКормак муну мындайча комментариялады:

Холокосттун үрөй учурган трагедиясын шылдыңдоого же аны каралоого аракет көрүү таш боордук, ырайымсыздык болуп саналат.

Германиянын Жөөттөр кеңешинин төрагсы Пол Шпигель Ирандын кадамына нааразылыгын билдирип, ошол эле мезгилде Мухамед пайгамбарга тамаша сүрөттөрдүн жарык көрүшүн айыптап, аны моралдык же этикалык жактан актоого болбойт деди.

Россиянын мамлекет башчсы Владимир Путин испан телевидениесине берген интервьюсунда маалымат каражаттарынын жоопкерчилигин белгиледи:

Бул тармактагы провокацияларга жол берилбөөгө тийиш. Бир нерсени басып чыгарып, жазып же тартаардын алдында 100 жолу жакшылап ойлонуш керек.

Бирок европалык прессада кризис көзөмөлдөн чыкты, карикатуралар чатагын экстремисттер өз максатында колдонуп жатышат деген ой айтыла баштады.
“Уол Стриит Жорнэл” шаршембиде жарык көргөн санында жазуучу Амир Тахеринин макаласын басып чыгарды. Тахери бул “аламандаган машинага” Батышка каршы маанайды күчөтүү менен саясий капитал топтоону көздөгөн “Агайын мусулмандар” өңдүү уюмдар түрткү берди, - деп жазат.
Мусулмандар сүрөттөр үчүн бүт Батыш дүйнөсү күнөөлү деген ойдон алыс болушу керек. Аны менен бирге Исламдын атынан элчиликтер өрттөлүп жатканын көргөн эл бул үчүн бардык мусулмандарды айыптабашы керек, - деп ырастайт Тахери.

Анын аралыгында, Даниянын үстөл тенниси боюнча командасы коопсуздук маселелеринен улам Катар жана Кувейтте өтө турган эларалык мелдешке катышпай турган болду. Ал эми Италиянын Турин шаарына жөнөй турган даниялык олимпиадачыларды кошумча коргоо маселеси учурда талкууланып жатат.